Kyrgyz Republic Education Policies PDF

Summary

This document discusses education policies in Kyrgyzstan, covering various topics in educational standards, laws, and teaching methodologies.

Full Transcript

Тарых предметин окутуунун теориясы жана методикасы Козубаева Бурул Увайдуллаевна – Кыргыз билим берүү академиясынын Социалдык-гуманитардык билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 1-тема: Билим берүү жаатындагы м...

Тарых предметин окутуунун теориясы жана методикасы Козубаева Бурул Увайдуллаевна – Кыргыз билим берүү академиясынын Социалдык-гуманитардык билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 1-тема: Билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясат КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Негизги түшүнүктөр 1 Билим берүү мыйзамы 2 Мамлекеттик стандарт 3 Базистик окуу планы КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН “БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ” МЫЙЗАМЫ 1992-ж. кабыл алынган http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/1216 (акыркы өзгөртүүлөр) http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/112197?cl=ky-kg http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/112323?cl=ky-kg http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/112392?cl=ky-kg КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы 2003-жылдын 30-апрели № 92 Ушул Мыйзам билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын, билим берүү процессин жүзөгө ашыруунун, билим берүү уюмдарынын ишинин, Кыргыз Республикасында билим алуунун принциптерин белгилейт, ошондой эле аны жүзөгө ашыруунун укуктук базасы болуп кызмат кылат. КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы VIII бөлүмдөн турат КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы I Глава. Жалпы жоболор II Глава. Билим берүү тутуму III Глава. Билим берүү тутумундагы окуп жаткандардын, педагогдордун жана ата- энелердин укуктары менен милдеттери IV Глава. Окуп жаткандар менен билим берүү тутумунун кызматкерлерин социалдык жактан коргоо V Глава. Билим берүү тутумун башкаруу VI Глава. Билим берүүнү өнүктүрүүнүн экономикалык негиздери жана каржылоо VII Глава. Билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтык жана тышкы экономикалык иш VIII Глава. Корутунду жоболор КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Нормативдик документтер: -Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин Мамлекеттик билим берүү стандарты (2014-ж. 2022-ж.); - Базистик окуу план (2022-2023-жж.); - Тарых предмети боюнча предметтик стандарт (2015-ж.); - Тарых предмети боюнча окуу программа (2018-ж.) КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Билим берүүнүн мыйзамы Билим берүү стандарты Базистик окуу планы Предметтик стандарт Окуу программа КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты. 2005-ж. (биринчи муун) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген (экинчи муун) Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинен 2022-жыл бекитилген (үчүнчү муун) КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 1. Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты: 1) жалпы орто билимдин коомдук макулдашылган артыкчылыктарын; 2) жалпы орто билимдин максаттарын жана милдеттерин; 3) негизги компетенттүүлүктөрдүн тизмесин жана аларга жетүүнүн деңгээлин; 4) билим берүү тутумунун деңгээлинде, мектептин, класстын жана айрым окуучулардын билиминин натыйжаларына баа берүүнүн негизги принциптерин; 5) мектептик билим берүүдөгү уюштуруу жана методикалык (технологиялык) өзгөртүүлөрдү. КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Компетенция – инсан ээ болуучу жөндөмдүүлүктөрдүн жыйнагы Компетенттүүлүк – окуучунун алган билимин, ээ болгон тажрыйбаларды анык бир турмуштук кырдаалда пайда болгон проблемаларды чечүүдө колдонуу жөндөмдүүлүккө ээ болгондугу. КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Маалыматтык компетенттүүлүк – бул окуучунун окутуунун салттуу каражаттары менен бирге маалыматтык коммуникативдүү технологиялар жана массалык маалымат каражаттары менен иштей алуусу, маалыматтардын арасынан өзүнө керектүүлөрүн бөлүп алып, негизгилерин белгилей алуусу, аларды анализдеп, бул боюнча өз көз карашын билдирип, коомчулукка жеткире алуу жөндөмдүүлүгү КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Социалдык-коммуникативдүү компетенттүүлүк – коомдук мамилелер системасына негизделип, окуучунун башкалардын абалын сезүүнү, маектешин адекваттуу кабыл алууну, адамдар менен кызматташууга жана мамиле түзүүгө даярдайт. КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Өзүн-өзү уюштуруу жана проблемаларды чечүү компетенттүүлүгү – өмүр бою өз билимин өркүндөтүү, тажрыйбасын байытуу жана аны ар кандай турмуштук кырдаалда колдонуп, проблемаларды чече алуу жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырууну түшүндүрөт. КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Билимди өздөштүрүү деңгээлдери: -репродуктивдүү - кабыл алуу, ойлонуу, эстеп калуу; -продуктивдүү - кандайдыр бир үлгүнүн негизинде билимдерди колдонуу, типтүү тапшырмаларды аткаруу; -чыгармачыл - билимдерди жаңы кырдаалда колдонуу КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 3. Мамлекеттик стандарт компетенттик негизде билим берүү тутумун курууну камсыз кылган жана коомдун социалдык тапшырыгы менен мектептик билим берүүнү макулдашкан жөнгө салуу документтеринин тутуму аркылуу жүзөгө ашырылат: 1) предметтик стандарттар; 2) Базистик окуу пландары; 3) окуу-методикалык комплекстер. КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 Мамлекеттик стандартта төмөнкүдөй билим берүү чөйрөлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот, алардын ар бири базистик окуу планында бекемделген бир катар предметтерден турат. 1) тилдик; 2) социалдык; 3) математикалык; 4) табигый илим; 5) технологиялык; 6) искусство; 7) ден соолук маданияты. КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ – ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ИДЕНТТҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗИ 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы: өнүккөн мамлекетти курууга умтулган, түрдүү маданий, этностук, диний салттарды карманган жарандардын коомун калыптандырууга багытталат 2020-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров: «2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы» жөнүндө Жарлыкка кол койгон Концепция: жарандык бирдейликти жана элдердин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо, укуктуулукту камсыздоого өбөлгө түзүү максатын көздөйт 1. Тапшырма Тарых боюнча жаңы муундагы предметтик стандарттарды салыштырып, талдап чыгуу Критерийлер: - Кайсы нормативдик документтерге таянган - Окутуунун максаттары жана милдеттери - Таянган принциптер жана методологиясы - Структурасында өзгөрүү барбы? - Мазмундук сызыктар - Предметтик компетенттүүлүктөр - Баалоо - Өзгөрүүлөр (мазмундук, саат, ж.б.) - Методикалык сунуштар түшүнүктүү берилгенби? Предметтик стандарт (5-9-кл.): Предметтик стандарт (10-11-кл.) Өзгөчөлүгү Окшоштугу Өзгөчөлүгү КОЗУБАЕВА БУРУЛ УВАЙДУЛЛАЕВНА_0777500406

Use Quizgecko on...
Browser
Browser