Kyrgyz Astronomy Lesson Plan for 4-5 Grade PDF

Summary

This lesson plan outlines a curriculum for teaching Kyrgyz astronomy to 4-5 grade students. It covers the Sun, Moon, stars and Earth in a way that integrates cultural aspects of the Kyrgyz people and uses a STEAM approach. Student learning is emphasized through activities and projects.

Full Transcript

4-5 класстар. Кыргыз таануу Сабактын Темасы: Күн, Ай, Жылдыз жана Жер: Кыргыз элинин астрономиялык түшүнүктөрү Сабактын максаттары: \- Күн, Ай, Жер жана Жылдыздар жөнүндө кыргыз элинин байыркы түшүнүктөрү жана алардын турмуштагы ролу менен тааныштыруу \- Кыргыздардын астрономиялык билимин илим,...

4-5 класстар. Кыргыз таануу Сабактын Темасы: Күн, Ай, Жылдыз жана Жер: Кыргыз элинин астрономиялык түшүнүктөрү Сабактын максаттары: \- Күн, Ай, Жер жана Жылдыздар жөнүндө кыргыз элинин байыркы түшүнүктөрү жана алардын турмуштагы ролу менен тааныштыруу \- Кыргыздардын астрономиялык билимин илим, технология, инженерия, көркөм өнөр жана математика (STEAM) аркылуу изилдөө \- Окуучулардын чыгармачылыгын, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана табигый ааламга болгон кызыгуусун арттыруу Сабактын планы: Киришүү (10 мүнөт) \- Сабактын темасы жана максаттары менен тааныштыруу. \- Кызыктыруу үчүн суроо: \"Кыргыз элинин Күн, Ай жана жылдыздар боюнча түшүнүгү кандай деп ойлойсуңар?\" Негизги бөлүм (30 мүнөт) -Science (Илим): \- Кыргыздардын Күн, Ай жана Жылдыздар боюнча байыркы түшүнүктөрүн жана табиятка болгон сый-урматын түшүндүрүү. \- Күндүн жарыгы, жылуулугу, айдын фазалары жана жылдыздардын багыт көрсөтүүдө кантип колдонулганы тууралуу маалымат берүү. \- Technology (Технология): \- Айдын фазаларын жана жылдыздардын орун алышын көрсөтүүчү онлайн карталарды же мобилдик колдонмолорду колдонуу. \- Окуучулар Айдын айланып өзгөргөнүн, Жердин Күн айланасындагы кыймылын мобилдик моделдер аркылуу көрүшөт. -Engineering (Инженерия): \- Окуучуларды топторго бөлүп, Күн, Ай жана Жердин кыймылын моделдеген чакан макет жасатуу. \- Макеттерди күндүн чыгыш-батышын жана ай фазаларын так көрсөтүүчү тартипте жайгаштыруу. Окуучулар шариктер менен макеттерди жасап, жогорудагы тапшырмаларды аткарат. \- Art (Өнөр): \- Окуучулардан кыргыз элинин табият жана асман телолоруна карата ишенимдерин чагылдырган сүрөттөрдү же символдорду тартыруу. \- Ар бир окуучу өзүнүн символун же сүрөтүн жасай алат жана анын кыргыздардын байыркы түшүнүгү менен байланышын түшүндүрөт. -Math (Математика): \- Күндүн жана Айдын кыймылына байланыштуу убакытты эсептөө: Айдын айлануу цикли жана Жердин Күндү бир айланып чыккан убактысы боюнча жөнөкөй эсептөөлөрдү берүү. \- Окуучулар бир жылда канча күн, айда канча күн жана Жер менен Күндүн аралыгына байланыштуу эсептөөлөрдү чыгарышат. 3\. Физминутка (5 мүнөт) \- \"Күн, Ай жана Жердин кыймылдары\" аталышындагы физминутка: \- Окуучулар бир окуучуну Күн деп белгилеп, анын айланасында Жер жана Ай болуп тегеренип кыймылдашат. \- Жер жана Ай болуп турган окуучулар бири-бирине жана Күнгө карата айлануу кыймылдарын жасашат. 4\. Практикалык тапшырма (10 мүнөт) \- Топтук иш: Окуучулар чакан топторго бөлүнүп, ар бир топ кыргыз элинин Күн, Ай же Жылдыздарга байланыштуу уламыштарын же түшүнүктөрүн символдор же сүрөттөр аркылуу чагылдырат. \- Топтор өз ишин класска тааныштырып, уламыштардын маанисин талкуулашат. 5\. Жыйынтыктоо (5 мүнөт) \- Сабактын негизги ойлорун кайталоо. \- Кыргыз элинин астрономиялык билимдери табигатка болгон сый-урматын билдиргендигин белгилөө. \- Үйгө тапшырма: Окуучулар Күн, Ай же Жылдыздар жөнүндө ата-энелеринен же чоңдорунан кыргыз уламыштарын же ишенимдерин сурап, аны жазып келишет.

Use Quizgecko on...
Browser
Browser