🎧 New: AI-Generated Podcasts Turn your study notes into engaging audio conversations. Learn more

Kyrgyz Republic General Education 10-11 Grades "Man and Society" Subject Program PDF

Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...

Summary

This document describes the subject program for the 10th and 11th grades of general education in Kyrgyzstan. It details the subject "Man and Society" and is part of the Social Science branch. The program outlines learning objectives, methodologies, and subject competencies, as well as covering details of the syllabus and evaluation approaches.

Full Transcript

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 10-11-класстары үчүн «Адам жана коом» предмети боюнча предметтик стандарт Бишкек – 2018 1 Жалпы билим берүү уюмдарынын 10-11-класстары үчүн...

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 10-11-класстары үчүн «Адам жана коом» предмети боюнча предметтик стандарт Бишкек – 2018 1 Жалпы билим берүү уюмдарынын 10-11-класстары үчүн «Адам жана коом» предметтик стандарты МАЗМУНУ 1-БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР................................................................ 3 1.2. Документтин макамы жана түзүлүшү........................................................3 1.2. Жалпы билим берүү уюмдары үчүн негизги ченемдик документтер..3 1.3. Негизги түшүнүктөр жана терминдер........................................................4 2-БӨЛҮМ. ПРЕДМЕТТИН КОНЦЕПЦИЯСЫ....................................... 5 2.1. «Адам жана коом» предметин окутуунун максаттары жана милдеттери.........................................................................................................................6 2.2. Предметтин түзүлүшүнүн методологиясы.................................................7 2.3. Предметтик компетенттүүлүктөр...............................................................9 2.4. Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы......10 2.5. Мазмундук тилкелер. Окуу материалын мазмундук тилкелер жана класстар боюнча бөлүштүрүү.......................................................................................12 2.6. Предметтер аралык байланыштар. Тематикалык өтмө тилкелер....14 3-БӨЛҮМ. БИЛИМ БЕРҮҮ НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖАНА БААЛОО... 16 3.1. Күтүлүүчү натыйжалар жана көрсөткүчтөр...........................................16 3.2. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары.................................................................................................................22 4-БӨЛҮМ. БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАРАЯНЫН УЮШТУРУУГА КАРАТА ТАЛАПТАР............................................................................................. 27 4.1. Ресурстук камсыздоого талаптар..............................................................27 4.2. Шыктандыруучу окутуу чөйрөсүн түзүү................................................30 «АДАМ ЖАНА КООМ»: ПРЕДМЕТИ БОЮНЧА 10-11 - КЛАССЫ ҮЧҮН ПРОГРАММА (БАЗАЛЫК ДЕҢГЭЭЛ)................................................ 34 2 1-БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 1.2. Документтин макамы жана түзүлүшү «Адам жана коом» стандарты Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын, 2014-жылдын 21-июлундагы «Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин Мамлекеттик билим берүүчү стандартын бекитүү жөнүндө» № 403 - Токтомунун негизинде иштелип чыкты жана «Адам жана коом» предмети боюнча окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн билиминин мазмунуна жана даярдыгынын деңгээлине мамлекеттик милдеттүү минимумга карата талаптарды аныктайт. «Адам жана коом» предметтик стандарты окутуунун жана тарбиялоонун жардамы менен, «Социалдык» билим берүү тармагынын жалпы максаттарына ылайык, заманбап коомдо конструктивдүү социалдык-саясий жана экономикалык ишмердүүлүккѳ жөндөмдүү, социалдык жактан өнүккөн инсанды калыптандыруу стратегиясын аныктайт. «Адам жана коом» стандарты окуучуларда гуманистик жана демократиялык баалуулуктардын, конструктивдүү социалдык жигердүүлүктүн жана жарандык маданиятынын калыптануусуна багытталган окуунун практикалык багытын күчөтүүнү көздөйт. «Адам жана коом» предметтик стандарты билимдин мазмунунун милдеттүү минимумун, ошондой эле окуучулардын даярдыгынын деңгээлин аныктайт, окуу программаларын жана окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн багыт катары колдонулат, окуу жараянынын мазмунун жана аны камсыздоонун жаңы педагогикалык шарттарын камсыздоону регламенттейт. 10 -11- класстар үчүн «Адам жана коом» курсунун Социалдык билим берүү тармагынын башка предметтерине – «Тарых», «Экономика» жана «Этика» – карата бүтүндүгү жана улантуучулугу бирдиктүү мазмундук тилкелердин аркасы менен камсыздалат. Бул стандартта сунушталган багыттар, принциптер жана окутууметоддору окуу программасында чагылдырылган, ал окуу материалын өздөштүрүүнүн түзүмдөштүрүү, ыраатуулугу, курстун бөлүмдөрүн жана темаларын окууга берилген окуу сааттарын болжолдуу бөлүштүрүү, практикалык иштердин түрлөрү жана минималдык көлөмү боюнча сунуштарды конкреттештирет. 1.2. Жалпы билим берүү уюмдары үчүн негизги ченемдик документтер  Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы (2003- жыл);  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 Токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билимдин Мамлекеттик билим берүү стандарты;  Кыргыз Республикасында саясий-маданий жана көп тилдүү билим берүү концепциясы (2008-ж.). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23- мартындагы «Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө» № 201 токтому.  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 22-июлундагы № 545/1 буйругу менен бекитилген «Кыргыз 3 Республикасында 2020-жылга чейин мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясы». 1.3. Негизги түшүнүктөр жана терминдер Баалуулук-багыттоочу компетенттүүлүк – реалдуу дүйнөгө барктуу мамиле иштеп чыгуу, инсандык максаттарды жана маанилерди аныктоо, аларды өз жашоосунда долбоорлоо жана жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгү. Бул багытта окуучуда аталган компетенттүүлүк иштеген система, анын түзүмү, маданият, иш-аракеттердин үлгүлөрү, формалдык жана формалдык эмес эрежелер жана күтүүлөр жөнүндө түшүнүгү болуусу; жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды таанууга негизделген жашоо позициясын ээлөөсү (адамдын жашоосун, анын кадыр-баркын жана укуктарын урматтоо; боорукердик жана кам көрүү; мекенди сүйүү, улуттук тарыхты, маданиятты, тилди жана салттарды урматтоо; адилеттүүлүк жана мыйзамды урматтоо; тең укуктуулук; толеранттуулук; принципиалдуулук жана жарандык чечкиндүүлүк; ак ниеттүүлүк, эмгекти сүйүү, профессионализм; адамдын өмүрүнүн кол тийбестиги, жашоонун саламат образы); инсандык жана кесиптик ийгиликтүү өнүгүүнүн перспективаларын баамдоосу жана баалоосу зарыл. Жарандык маданият – бул коомдук милдеттерди түшүнүү жана жарандын коомдун пайдасы үчүн ишмердүүлүгү. Жарандык-укуктук компетенттүүлүк – чечилүүчү милдеттерге жана түзүлгөн жагдайларга жарандык-укуктук билимдерин жана маалыматты колдонуу жана ыңгайлаштыруу жөндөмдүүлүгү. Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: демократиялык баалуулуктарды жактоо, өзүнүн жарандык жана саясий укуктарын жана милдеттерин, мамлекеттик уюшуунун негиздерин, өзүнүн коомчулугун жана бүтүндөй мамлекетти башкарууда жарандык катышуунун ролун түшүнүү; жеке позициясын түзүү жана коргоо, өзүнүн жасаган иштерин сынчыл баалоо, башка пикирдеги, улуттагы жана маданияттагы адамдарды урматтоо жөндөмү; өзүнүн жарандык укуктарын жана кызыкчылыктарын колдонуу, жактоо жана коргоо, өз алдынча башкаруунун иштерине, коомдоштуктардагы волонтердук иштерге катышуу. Көп маданияттуулук – көп улуттуу коомдун шарттарында адамдын маданий өзгөчөлүгүнүн калыптануусу жана маданий окшоштугун сактап калуу, анын процессинде улуттар аралык баарлашуунун маданияты тарбияланат жана ар кандай улуттардын ортосунда толеранттуу мамиле түзүлөт. Массалык коммуникация каражаттары – (mass media of communication) борборлоштурулган жеткирүүчүлөр маалыматтарды тараткан же бөлүштүргөн ыкмалар жана мекемелер, жана кеңири, ар түрдүү жана географиялык жактан чачыранды аудиториянын символикалык коммуникациясынын башка түрлөрү. Медиасабаттуулук – инсан медиамейкиндикте ийгиликтүү багыт алуусуна мүмкүндүк берген ыктарынын жана амалдарынын жыйындысы: медиабилдирүүлөрдү талдоо, баалоо жана жаратуу; навигацияны сабаттуу жүргүзүү; социалдык реалдуулукту түзүүдө ММКлардын жана жарандык медианын ролун түшүнүү. 4 Окутуучу чөйрө – атайын уюштурулган, окуучуну курчап турган окутуу мейкиндиги, ал эмоционалдык жайлуулукту камсыздоо жолу менен аны окутуу жана өнүктүрүү жараянын, окутуунун кыймылдуу жана өзгөртүү үчүн жеткиликтүү формаларын колдонууну, чыгармачылыкты өбөлгөлөйт. Демек, окутуучу чөйрө окуучулар окулуучу курстун логикасы менен аныкталган компетенцияларга ээ болуусу үчүн зарыл шарт болуп эсептелет. Социалдык ой-жүгүртүү – реалдуу инсандын жашоо позициясына, баалуулуктарына, багыттарына байланыштуу ой-жүгүртүүсү. Өнүккөн социалдык ой-жүгүртүү – көйгөйлөрдөн качпастан, алар менен иштөө адаты; ал инсанды карама-каршылыктуу, өзгөрмө дүйнөдө жашоого жана аракеттенүүгө үйрөтөт. Социалдык-экономикалык компетенттүүлүк – коомдун социалдык-экономикалык жашоосунун жагдайларын, көрүнүштөрүн, фактыларын өз алдынча түшүнүү, адеп-ахлактык- укуктук ченемдердин негизинде конкреттүү жашоо жагдайларына карата өзүнүн жүрүм- турумун ыңгайлаштыруу жөндөмү. Өзүнө төмөнкү компетенцияларды камтыйт: коомдун социалдык жана экономикалык чөйрөлөрүндө өз ара байланыштарды, интеграция жана глобализация, илимий-техникалык прогресс процесстеринин коомдун өнүгүүсүнө тийгизген таасирин түшүнүү; башка адамдар менен продуктивдүү мамилелерди түзүү, стереотиптерди, агрессивдүү улутчулдукту, расизмди жана чыдамсыздыкты жеңип чыгуу, командада иштөө, жаңжалдарды чечүү жөндөмдүүлүгү; жеке, социалдык-экономикалык жана глобалдык жагдайлар менен контекстте өзүнүн иш-аракеттерин жана чечимдерин коомдук ченемдер, социалдык жана экономикалык институттар менен салыштыруу. Социалдык жигердүүлүк – инсандын социумда болуп жаткан көрүнүштөргө көңүл кош карабаган психологиялык сапаты, ал инсандын эмгеги, коммуникациялык, коомдук- саясий жүрүм-туруму менен коштолот. Башкача айтканда – адамдын коомдо жана бүтүндөй дүйнөдө коомдук олуттуу өзгөрүүлөргө багытталган, түшүнүү менен жасалган жана максаттуу ишмердүүлүгү, чыгармачылык, өз алдынча чечимдер, коммуникациялар, биргелешкен иштер менен көрсөтүлөт. Талдоо – объектилерди, көрүнүштөрдү же жараяндарды изилдөө, алардын белгилерин, касиеттерин, курамын, түзүлүшүн, алардын ортосундагы мамилелерди изилдөө. Укуктук ой-жүгүртүү – укук ченемдеринин көз карашынан адамдардын жүйөлөрүн, иш-аракеттерин, жүрүм-турумун баалоо жөндөмү; маселелерди укуктук билимдердин негизинде, укуктук ыкмалардын жардамы менен чечүүнү билүү. 2-БӨЛҮМ. ПРЕДМЕТТИН КОНЦЕПЦИЯСЫ Жалпы жоболор Бул стандартта «Адам жана коом» курсунун базалык концепциясынын негизи катары Адам Укуктарынын Эл аралык Хартиясы жана адам укуктары жаатында демократиялык жарандуулукту тарбиялоо жана билим берүү жөнүндө Европа Кеңешинин Хартиясы кабыл алынган (2010-ж), аларга ылайык «Адам жана коом» окуу предмети үчүн конкреттүү, тарыхый негизделген маданиятка жана мамлекеттүүлүккө карата инсандын жана социумдун өз ара аракеттешүүсүнүн маселелерин түшүнүү болуп эсептелет. Төмөндө бул маселелердин негизги мазмуну келтирилген: 5  Индивиддердин социалдык абалы локалдык, аймактык, улуттук жана глобалдык деңгээлде социалдуулукту түшүнүүнүн зарыл шарты катары (демографиялык, этникалык, кесиптик, маданий, улуттук страттарга кошулуу).  Социалдык институттар жана алардын иштөө механизмдери, аларды билүү социалдык өндүрүшкө (экономикалык, саясий, маданий) конструктивдүү катышуунун ыкмаларын калыптандыруунун негизи болуп эсептелет.  Инсандын жана социалдык чөйрөнүн өз ишмердүүлүгүнүн мүнөзүндөгү айырмачылыктардан улам алар ар кандай маданий ландшафттарды түзгөнүн түшүнүүсүнө алып келген өз ара аракеттешүүсү. Бир жагынан алар айлана - чөйрөнүн физикалык мүнөздөмөлөрүнүн таасирин алдында турушат, бирок, экинчи жагынан алар аны гармониянын ландшафтын жана каршылашуунун ландшафтын камтыган маданий чөйрөгө айландырышат.  Демократиялык жарандуулук жана адам укуктары, аларды билүү окуучуларда демократиялык укуктарды жана жоопкерчиликти жүргүзүү жана коргоо боюнча багыттардын жана ык-амалдардын, демократияны жана укук үстөмдүүлүгүн илгерилетүү жана коргоо максатында коомдук-саясий жашоодогу жигердүүлүктүн калыптануусуна өбөлгө түзөт. «Адам жана коом» предмети үчүн зордук-зомбулуктун, расизмдин, экстремизмдин, ксенофобиянын, дискриминациянын жана чыдамсыздыктын өсүшүнөн коргоо механизминин негизи, ошондой эле социалдык адилеттүүлүк жана социалдык биримдик үчүн негиз болуп эсептелген көп түрдүүлүктүн, мультикультурализмдин, толеранттуулуктун баалуулуктары окуучуларда калыптануусу өзүнчө маанилүү жана концептуалдуу болуп саналат. 2.1. «Адам жана коом» предметин окутуунун максаттары жана милдеттери «Адам жана коом» окуу предметинин максаты - саясий-укуктук, экономикалык жана маданий көрүнүштөр жана жараяндар жөнүндө билимдердин, жарандык (жаран таануучулук) компетенциялардын топтомуна ээ болуунун, социумга жана инсанга карата калыптанган адеп-ахлактык-баалоо мамилесинин негизинде азыркы коомдо ыңгайлашууга жана натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү инсанды калыптандыруу болуп саналат. «Адам жана коом» предметин окутуунун милдеттери Когнитивдик милдеттер:  Коом таануу терминологиясын жана түшүнүк аппаратын колдоно алат.  Коомдук жашоону уюштуруунун жана өнүктүрүүнүн закон ченемдүүлүктөрүнүн мүнөзүн, жана азыркы замандагы глобалдык көйгөйлөрдүн табиятын түшүнѳт.  Гендердик ролдорду калыптандырууда тарыхый ѳзгѳрүүлѳрдү жана социалдык - саясий факторлорду түшүнүүсүн камтуу менен, табигый жана социалдык өз ара иштешүүнүн принциптерин түшүнѳт, социалдык мейкиндиктин (ноосфера) 6 жана социалдык убакыттын түзүлүшүнүн жана ишинин өзгөчөлүктөрүнѳ багыт ала алат.  Локалдык, аймактык жана глобалдык коомчулуктардын деңгээлинде социалдык көп түрдүүлүккѳ багыт ала алат.  Кыргызстандын экономикалык, укуктук жана саясий түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүнѳт, Кыргызстандын коомунун эволюциясынын негизинде жаткан себеп-натыйжалаш байланыштарды аныктай алат, ошондой эле бүтүндөй планетадагы бардык социалдык жараяндардын глобалдык өз ара көз карандылыгын баамдай алат. Ишмердүүлүк милдеттер:  Практикалык ишмердүүлүгүндө тексттик, сандык жана символикалык маалыматтарды (тексттерди, сүрөттөрдү, графикаларды, таблицаларды, диаграммаларды, карталарды ж.б.) колдонот.  Реалдуу изилдөөлөрдү тажрыйбасын ѳткѳрѳ алат (байкоо жүргүзүү, сурамжылоо, моделдөө, маалыматтардын ар кандай экинчи булактарын жана статистикалык маалыматтарды түшүндүрүү).  Жашоодогу олуттуу жагдайларда, ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрүндө: таанып-билүү, эмгек, тиричилик, маданий, коммуникация чөйрөсүндө типтүү маселелерди чечүү үчүн практикалык жана коомдук ишмердүүлүк кѳндүмдѳрүн пайдаланат. Баалуулук милдеттер:  Социалдык шарттарга жана социалдык көрүнүштөрдүн көп түрдүүлүгүнө кызыгууну кѳрсѳтѳт.  Жашоону жана кесипти өз алдынча аныктоого жана жеке дараметин ишке ашырууга кызыгат жана ал жөндөмдөрүн өнүктүрѳт.  Чечим кабыл алууда курчап турган дүйнө жөнүндө билимдердин маанилүүлүгүн түшүнөт.  Жеке, коомдук жана кесиптик ишмердүүлүгүндө билимдерин жана кѳндүмдѳрүн адекваттуу жана максатка ылайык колдонууга даяр.  Практикада башка расалардын, диндердин, элдердин жана маданияттардын өкүлдөрүнө карата толеранттуулукту көрсөтѳт.  Гендердик тең укуктуулуктун баалуулугун тааныйт жана коргойт.  Ар бир адамдын, коомдук топтордун жана өлкөлөрдүн бири-бирине карата укуктарын гана эмес, милдеттерин да түшүнөт.  Гуманистик жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды карманганын кѳрсѳтѳт. 2.2. Предметтин түзүлүшүнүн методологиясы 10-11-класстар үчүн «Адам жана коом» курсу боюнча предметтик стандарт мазмунун иштеп чыгуудагы жалпы илимий багыттарга жана жалпы дидактикалык (илимий, 7 кѳрсѳтмѳлүүлүк, максаттуулук, системалык, аң-сезимдүүлүк жана активдүүлүк, жеткиликтүүлүк жана ырааттуулук) жана предметтик (гуманизация, плюрализация, демократиялуулук, практикага багытталгандык, социалдык жигердүүлүк) принциптерине негизделет жана алар коом таануу билим берүү максаттарына жетишүүгө мүмкүндүк берет. «Адам жана коом» мектеп курсунун концепциясындагы бүтүндүк идеясына көбүрөөк деңгээлде жооп берген негиз салуучу багыттардын ичинен төмөнкүлөр бөлүнүп көрсөтүлөт: Тарыхый-диалектикалык багыт, коомду жана инсанды тарыхый өнүгүүнүн диалектикалык өз ара байланышта (коомдук адам жана адамдык коом) болгон өнүмдөрү катары түшүнөт. Бул багытта көңүл борборунда, коомдук мамилелердин системасында жайгашкан адам турат. Системалык багыт, анын алкагында коомго жана инсанга карата бирдиктүү көз караш калыптанат, социумдун бардык элементтеринин жана социалдык жараяндардын өз ара байланышы жана өз ара көз карандылыгы, ошондой эле көп тараптуу жана гармониялуу өнүккөн инсандын ички дүйнөсүнүн бүтүндүгү туурасында түшүнүк калыптанат. Түзүмдүк-функционалдык багыт, коомдун түзүлүштүк элементтерин жана анын система алдындагыларды изилдөөгө, коомдогу социалдык ролдорду жана жеке укуктарды жана милдеттерди жүзөгө ашыруудагы көйгөйлөрдү түшүнүүгө өбөлгө түзөт. Проблемалык-аналитикалык багыт, анын алкагында коомдук жашоодогу олуттуу окуяларга карата окуучулардын жигердүү турмуштук кѳз карашы, социалдык жоопкерчилик туурасында түшүнүүсү калыптанат, ошондой эле өзүнүн жеке социалдык тажрыйбасына ээ болуусу жана аны баамдоосу актуалдаштырылат. Укуктук багыт окуучулардын туура укуктук аң-сезимин калыптандырууга жана жигердүү укуктарды колдонууга (ѳздүк укуктарын ишке ашыруу, социалдык катышуунун конгениалдуулугу, укук тартибин камсыздоого жардам) эскертүүлѳрдү иштеп чыгууга багытталган. Маданияттык багыт, мында коомдук жашоонун бардык чөйрөлөрүндө жамааттык жана жекече өз ара аракеттешүүлөрдүн негизин түзгөн, ошондой эле инсандын жана коомдун өз ара аракеттешүүсүнүн мүнөзүн аныктаган социалдык көрүнүш катары маданияттын феноменине басым жасалат. Компетенттүүлүк багыт кѳңүлүн коом таануучулук (жарандык) компетенцияларды калыптандырууга топтойт, б.а. окуучулар өздөштүргөн билимдерин, билгичтиктерин, кѳндүмдѳрүн, ишмердүүлүктүн ыкмаларын реалдуу социалдык-саясий жашоодо маанилүү жагдайларда практикалык маселелерди чечүү үчүн колдонууга даярдыгы. «Адам жана коом» курсун окуудагы негиз салуучу принцип болуп концентрациялык принцип эсептелет, ал мазмундук тилкелерди төмөнкүдөй концептуалдык тартипте ачып көрсөтүүнү болжойт: Жеке (окуучу өзү, жакын чөйрөсү, үй- бүлөсү), Коомдук (окуу жамааты, жергиликтүү коом, мамлекет), Глобалдык (аймак, эл аралык уюмдар жана институттар, адамзат). Принцип социалдык чындыкты таанып- билүүнүн айланасын бара-бара кеңейтүүнү, социалдык жараяндарга жана социалдык маселелерге кызыгууну арттырууну, билимди жөнөкөйдөн илимий-теориялык деңгээлге чейин татаалдатууну болжойт. Адам жана коом» предметиндеги негизги принциптер 8 Гуманизация – адамдарга урмат менен мамиле жасоону тарбиялоо, инсандын жеке баалуулугун жана жеке дараметин ишке ашыруу укугун таануу, расалык, этникалык же социалдык баалуулуктардын алдында жалпы адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыгын таануу. Плюрализация – социалдык айырмачылыктарга (пикирлерге, баалуулуктарга, салттарга, ишенимдерге) карата чыдамдуу мамилени тарбиялоо, көптүккө жана көп түрдүүлүккө оң мамилени калыптандыруу, чыр-чатактарды конструктивдүү чечүү кѳндүмдѳрүн өнүктүрүү. Демократиялуулук – баарлашууда жана социалдык өз ара аракеттешүүдө жөнөкөй жана жеткиликтүү болуу жөндөмүн калыптандыруу, адамдарга карата текебердик мамиленин жоктугу. Практикага багытталуу – жеке жигердүү жашоо кѳз карашын (коллективде жана мамлекетте конструктивдүү социалдык өз ара аракеттенүүнү түзө билүү, социалдык маанилүү чечимдерди кабыл алуу көндүмү, моралдык талаптарга жана укуктук ченемдерге ылайык өзүнүн жарандык жигердүүлүк билгичтигин көрсөтүү) калыптандыруу жана артикуляциялоо үчүн инсанга керек болгон практикалык билгичтиктерди жана көндүмдөрдү өнүктүрүү. Социалдык жигердүүлүк – коомдун жана мамлекеттин алдында турган милдеттерди чечүүгө карата инсандын баамдалган багыттарын калыптандыруу, демилге көрсѳтүү; жарандык коомду өзгөртүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган ишмердүүлүк кѳндүмдѳрүн өнүктүрүү. 2.3. Предметтик компетенттүүлүктөр «Адам жана коом» предметинин максаттарына жана милдеттерине ылайык үч предметтик компетенттүүлүк көрсөтүлгөн: жарандык-укуктук, социалдык-экономикалык, баалуулук-багыттык. Жарандык-укуктук – чечилүүчү милдеттерге жана түзүлгөн жагдайларга жарандык- укуктук билимдерин жана көндүмдөрүн колдонуу жана ыңгайлаштыруу, өзүнүн жарандык позициясын ээлөө жана жактоо, өзүнүн жарандык демилгелерин жүзөгө ашыруу, укук тартибин сактоого көмөктөшүү жөндөмдүүлүгү. Социалдык-экономикалык – коомдун социалдык-экономикалык жашоосуна байланыштуу жагдайларды, көрүнүштөрдү, маалыматтарды өз алдынча баамдоо, өзүнүн жүрүм-турумун жашоонун конкреттүү жагдайларына ылайыкташтыруу, экономикалык максатка ылайыктуулуктун, укуктук логиканын, эстетикалык ченемдердин негизинде чечимдерди кабыл алуу, командалык иштин алкагында коюлган максаттарды натыйжалуу чечүү жана көйгөйлөрдөн чыгуунун жолун табуу жөндөмдүүлүгү. Баалуулук-багыттык – реалдуу дүйнөгө баалуулук катары мамиле жасоо, жеке максаттарды жана маанилерди аныктоо, өзүнүн жеке жашоосунда аларды долбоорлоо жана ишке ашыруу, өзүнүн жеке максаттарын жана умтулууларын башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары менен айкалыштыра билүү, алынган маалыматты сынчыл баамдоо жөндөмдүүлүгүн иштеп чыгаруу жөндөмдүүлүгү. 9 2.4. Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы Кыргыз Республикасынын орто жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты төмөнкү үч компетенттүлүктү негизги катары карайт: маалыматтык, социалдык- коммуникациялык, «Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү». Маалыматтык компетенттүүлүк – керектүү маалыматты чогултуу, аны менен иштөө, сактоо жана пайдаланууну ишке ашыруу. Окуучулар маалымат менен иштөө маданиятын өздөштүрүшѳт: жетпеген маалыматты максатуу издеп, кээ бир үзүндүлѳрдү салыштырышат, жалпылаган талдоо жана гипотеза түзүү көндүмдѳрүнѳ ээ болушат. Жалпы мазмундан негизги ойду бөлө алат. Айлана - чөйрө менен өз ара аракеттешүүнүн ар кандай куралдарын пайдалануу жѳндѳмдүүлүгү Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк – өз умтулууларын социалдык топтун жана башка адамдардын кызыкчылыктары менен айкалыштырууга, башка адамдардын ар түрдүү кѳз караштарын таануунун жана баалуулуктарына (диний, этникалык, кесиптик, инсандык) сый мамиленин негизинде өз көз карашын маданияттуу далилдѳѳгѳ даярдык. Керектүү маалыматты маектешүү (диалог) аркылуу алуу, аны социалдык, кесиптик, инсандык көйгөйлѳрүн чечүү үчүн оозеки, жазуу түрүндө берүү даярдыгы. Маселелерди чечүү үчүн башка адамдардын жана социалдык институттардын ресурстарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Окуучулар сүйлѳшүүнүн (коммуникациянын) диалогдук формасын билишет, өз көз карашын далилдүү айта алышат; жанындагы адамды түшүнүшөт, угушат, өзүнүн оюнан айырмаланган көз карашка толеранттуу мамиле жасашат. Башка адамдар менен өз ара аракеттешүү жөндөмдүүлүгү. «Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү» компетенттүүлүгү – маалыматта, окуу жана турмуштук кырдаалдарда ар түрдүү ыкмаларды пайдалануу менен өз алдынча же башка адамдар менен ѳз ара аракеттенүүдѳ карама-каршылыкты табуу, ошондой эле кийинки аракеттер жѳнүндѳ чечимдерди кабыл алуу даярдыгы. Окуучулар өзүнүн көз карашын ар түрдүү ойлорду эске алуу менен иретке келтиришет, чыр-чатактарды чече алышат. Адамдын өз жашоосун пландаштыруу, башкаруу жана өз алдынча аракеттенүү жѳндѳмдүүлүгү. Предметтик компетенциялар негизги компетенциялар менен тыгыз байланышта, «Адам жана коом» курсунун алкагында аларды өнүктүрүү жана тереңдетүү менен (1- таблица). 10-11-класстар үчүн «Адам жана коом» предметинин негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрүнүн байланышы 1-таблица Предметтик компетенттүүлүктөр Негизги компетенттүүлүктѳр Жарандык- Социалдык- Баалуулук- укуктук экономикалык багыттык Маалыматтык Ар кандай Жагдайларга жана Маалымат /Социалдык чөйрө жагдайларда маселелерге карата булактарынын менен өз ара эсептеп чыгаруу экономикалык, сапатын, маалымат 10 Предметтик компетенттүүлүктөр Негизги компетенттүүлүктѳр Жарандык- Социалдык- Баалуулук- укуктук экономикалык багыттык аракеттешүүнүн ар жана тил боюнча социологиялык жана берүүдө кандай куралдарын билимдерин политологиялык колдонулган тилдин колдонуу натыйжалуу билимдерин сапатын, жөндөмдүүлүгү/ колдоно алат, анын колдонот жана сунушталган ичинде ыңгайлаштырат, дайындардын жана терминологияны, ошондой эле так интерпретациялард саясий лексиконду, маалыматты жалган ын тууралыгын ошондой эле маалыматтан баалайт. божомолдоо жана айырмалай билет, Өзү жашаган моделдөө социалдык коомго, анын ыкмаларын. Өзүнүн ишмердүүлүктү түзүлүшүнѳ, медиатексттерин пландаштырат жана маданиятына, түзүү ыкмаларына жүргүзүү үчүн формалдуу жана ээ, коомдук-саясий зарыл маалыматты формалдуу эмес маалыматты издѳѳ ыкмаларына эрежелерге жана түзүмдөштүрүүнү ээ. тилектерге карата жана Коомдун социалдык жеке кѳз карашка ээ. системалаштырууну жана экономикалык билет, өзүнүн чөйрөлөрүндө өз ара жарандык жана байланыштарды, саясий укуктарын коомдун өнүгүүсүнө жана милдеттерин, интеграция жана мамлекетти глобалдаштыруу, башкарууда илимий-техникалык жарандык прогресс катышуунун ролун процесстеринин талдай алат. таасирин талдай алат. Социалдык- Өзүнүн жарандык Адашкан ой- Жалпы адамзаттык коммуникациялык позициясын пикирлерди баалуулуктарды /Башка адамдар менен билдирет, жеңүүнүн негизинде таанууга өз ара аракеттешүү эмоцияларын башка адамдар негизделген жөндөмдүүлүгү/ натыйжалуу менен натыйжалуу жигердүү жашоо башкарат, мамилелерди түзѳт, позициясын ээлейт, сүйлөшүүлөрдү командада маданияттар ийгиликтүү конструктивдүү ортосундагы жүргүзүүнүн иштейт, жеке толеранттуулукту ыкмаларын кызыкчылыктардын көрсөтѳт (башка көрсөтѳт, өзүнүн жана коомдук пикирдеги, жасаган иштерин пайданын ортосунда улуттагы, сынчыл баалайт. компромисс табат. ишенимдеги жана Авторлоштукта маданияттагы медиабилдирүүлөрд адамдарды ү жаратат. урматтоо). тажрыйбасын Медиамейкиндикте көрсөтѳт. этиканы сактайт. Өз алдынча Өзүнүн жарандык Окууда жана Инсандык жана уюштуруу жана укуктарын билүү жашоодо келип кесиптик 11 Предметтик компетенттүүлүктөр Негизги компетенттүүлүктѳр Жарандык- Социалдык- Баалуулук- укуктук экономикалык багыттык маселелерди чечүү жана аларды чыккан ийгиликтүү /Адамдын өз колдонот, узак жагдайларды чечүү өнүгүүнүн жашоосун мөөнөттүү жана үчүн жеткиликтүү перспективаларын пландаштыруу, кыска мөөнөттүү ресурстарды түшүнѳт жана башкаруу жана өз жашоо пландарын колдоно билет. баалайт, инсандык алдынча иш-аракет курат, өз алдынча Жеке, социалдык- ийгиликтүү өсүш жасоо башкаруунун экономикалык жана үчүн жеке жөндөмдүүлүгү/ ишмердүүлүгүнө, глобалдык чечимдерди кабыл коомдоштуктарда жагдайлардын алууга даярдыгын волонтердук контекстинде жана билимин иштерге катышат. өзүнүн иш- көрсөтѳт. аракеттерин жана чечимдерин коомдук ченемдер, социалдык жана экономикалык институттар менен шайкеш келтирет. 2.5. Мазмундук тилкелер. Окуу материалын мазмундук тилкелер жана класстар боюнча бөлүштүрүү Мазмундук тилкелер предметтин негизги компоненттерин аныктайт, анын мазмунунун, негизги түшүнүктөрүнүн бардык бөлүмдөр жана темалар аркылуу өтүүчү өзөгү болуп саналат. 10-11-класстар үчүн «Адам жана коом» предметинин мазмундук тилкелери төмөнкүлөр: Инсан социалдык мейкиндикте жана социалдык убакытта. Маданияттын көп түрдүүлүгү. Экономикалык-саясий өнүгүү. 1-мазумундук тилке. Инсан социалдык мейкиндикте жана социалдык убакытта Бул өтмө тилкенин мазмуну, биринчи кезекте, окуучуларды социалдык мейкиндикте жана социалдык убакытта багыт алуу жана аракеттенүү көндүмдөрүнө үйрөтүүнү көздөйт, маселен, коомдук функцияларды системалык түрдө аткарууга, символикалык капитал (кадыр-барк, урмат, билим) топтоо, долбоордук ишмердүүлүк, «жергиликтүү коомдоштуктун» жашоосуна ыктыярдуу катышуу, тарыхый калыптанган гендердик ролдордун жана эмгектин гендердик бѳлүштүрүсүн эске алуу менен кесип тандоо. Ошондой эле окуучулар коомдогу мейкиндиктик-убакыттык өз ара байланыштар, социалдык түзүм, социалдык көрүнүштөрдүн, жараяндардын жана мыйзам ченемдүүлүктөрдүн таркалышы, коомдун жана инсандын экономикалык, маданий жашоосуна таасирин тийгизген тарыхый окуялар туурасында түшүнүк алышат. 12 2-мазумундук тилке. Маданияттын көп түрдүүлүгү Бул мазмундук тилке окуучулар коомдун жашоосунда маданияттын маанисин анын ар түрдүү аспектилерде кѳрүнүшүн: коомдун өнүгүүсүндө илимдин жана технологиялардын мааниси; руханий баалуулуктарды жана моралдык ченемдерди жаратуу; инсандын өнүгүүсүнө жана коомдук жараянга кооздуктун таасирин түшүнүүсүн камсыздайт. Ошондой эле бул мазмундук тилке Кыргызстандын жана бүтүндөй Дүйнөнүн улуттук, этникалык, диний көп түрдүүлүгү, жалпы адамзаттык баалуулуктар жана маданияттардын плюрализми жөнүндө түшүнүгүн калыптандырууга багытталган. 3-мазумундук тилке. Экономикалык-саясий өнүгүү Бул мазмундук тилкенин максаты окуучуларга саясий, экономикалык, укуктук жана демографиялык жараяндар коомдун жана инсандын өнүгүүсүнө ошондой эле түзүлүштүк теңсиздиктин пайда болуусуна кандай таасир тийгизерин көрсөтүү; окуучуларга саясий, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдүн пайда болуу себептерин жана механизмдерин, аларды чечүү жана чыр-чатактарды токтотуу, социалдык - экономикалык кѳйгѳйлѳрдүн гендердик аспектилери жана алардын саясий маанисин камтуу менен талдай билүүгө жардам берүү; окуучуларда бюджетти пландаштыруу, каржылык тобокелдерди аныктоо, рационалдуу жана экологиялык керектөө көндүмдөрүн калыптандыруу болуп эсептелет. Окуу материалын мазмундук тилкелер жана класстар боюнча бөлүштүрүү 2- таблицада көрсөтүлгөн. Окуу материалын мазмундук тилкелер жана класстар боюнча бөлүштүрүү 2-таблица Мазмундук 10-класс 11-класс тилкелер Инсан Адам, индивид, жекечелик. Өзү өзү баалоо, инсандын кесипти социалдык Адамдын керектөөлөрү жана өзү тандоосу. мейкиндикте мүмкүнчүлүктөрү. Социалдык айырмачылыктар жана жана социалдык Адамдын дүйнөнү жана өзүн социалдык чыр - чатактар. убакытта таануусу. Заманбап коомдогу үй-бүлө. Социалдык түзүлүш, коомдук адам Этникалык жалпылыктар, (үй-бүлө, класс, этнос, улут, муун). заманбап экстремизм жана Инсандын социалдык макамы терроризм, тынчтыкты куруунун жана социалдашуусу. көйгөйлөрү. Маданияттын Инсандар аралык мамилелер. Адамдык жана жеке наркы, жашоо көп түрдүүлүгү Баарлашуу жана натыйжалуу баалуулуктары. жүрүм-турум. Дүйнөдөгү диний көп түрдүүлүк. Социалдык ченемдер, туура эмес Кыргызстандагы диний жагдай. жүрүм-турум, коомдогу Илим, билим берүү, искусство. социалдык көзөмөл. Илимий-техникалык прогресс, Кыргызстандагы социалдык ИТР, компьютердик революция. көзөмөл механизмдери. Дүйнөнүн цивилизациялык көп Коомдун маданияты жана анын түрдүүлүгү жана маданияттар бөлүктөрү: мораль, баалуулуктар, арасындагы толеранттуулук. субмаданияттар жана контрмаданияттар, жаштар субмаданияттары. 13 Мазмундук 10-класс 11-класс тилкелер Кыргызстандын коомунун маданиятынын өзгөчөлүктөрү. Жалпы адамзаттык баалуулуктар жана адам укуктары. Экономикалык- Экономикалык жыргалдарды Экономикалык туруксуздук. саясий өнүгүү өндүрүү жана керектөө («жашыл» Инфляция жана жумушсуздук. өндүрүш жана керектөө). Кыргызстанда жакырчылык жана Каржылык сабаттуулук. миграция көйгөйлөрү. Керектөөчүнүн экономикасы: үй- Салыктар, мамлекеттик бюджет, бүлөлүк бюджет, үнөмдөлгөн акча, бюджеттик саясат, акча саясаты. камсыздандыруу. Саясий система, бийлик, Мамлекет жана экономика. демократия жана аны жүзөгө Кыргыз Республикасынын ашыруунун түрлөрү Конституциясы. (демократиялык шайлоо, саясий Жаран, анын укуктары (жарандык, партиялар). экономикалык, ишеним Коррупция. эркиндиги, социалдык, саясий, Медиа-сабаттуулук жана маданий) жана милдеттери. маалыматтык коопсуздук. Мамлекет жана жарандык коом. Дүйнөлүк экономика жана Жергиликтүү өз алдынча интеграция. башкаруу жана Кыргызстанда Эл аралык укук. Адамдын жана өзүн-өзү уюштуруунун өзгөчө жарандын укуктарын жүзөгө түрлөрү (жамааттар, трайбалар, ашыруу маселелери. ашар, курултай, махалля.) Азыркы замандын глобалдык Коомдук өнүгүүнүн көйгөйлөрү. көйгөйлөрү. Укук ченемдүү жүрүм-турум жана Коомдун туруктуу өнүгүүсү. юридикалык жоопкерчилик. 2.6. Предметтер аралык байланыштар. Тематикалык өтмө тилкелер Предмет аралык байланыштар – бул тектеш предметтердин окуу материалынын түзүлүшүнѳ жана тандоого таасир тийгизген окутуу принциби, окуучулардын билимдеринин системалуулугун күчөтүү менен окутуу методдорун активдештирет, окуу жараянында компетенттүүлүк багытты ишке ашырууну камсыздоо менен окутууну уюштуруунун ар кандай формаларын колдонууга багыт берет. 10-11-класстар үчүн «Адам жана коом» курсунда предметтер аралык байланыштардын өз ара жакын жактары жана жалпы категориялары 3-таблицада чагылдырылган. 14 10-11-класстар үчүн «Адам жана коом» предметиндеги предметтер аралык байланыштар. 3-таблица. Предметтер Өз ара байланыш жааттары жана жалпы категориялар Дүйнөлүк тарых Адамзат коомунун калыптануусунун тарыхы. Чыгышта жана Европада мамлекеттердин түптөлүшү. Чыгыштын жана Европанын өлкөлөрүндөгү диндер. Борборлоштурулган мамлекеттердин түптөлүшү. Демократиялык мамлекеттердин түптөлүшү. Саясий партиялардын келип чыгышы жана мамлекеттеги саясатка алардын таасири. Орто кылымдын тарыхы. Дүйнөлүк диндер. Диний ишенимдердин өзгөчөлүктөрү. Христиандыктын, буддизмдин, исламдын келип чыгышы жана таркалышы. Чиркөөлүк уюм. Соңку тарых Индустриалдык доордогу социалдык топтор жана социалдык мамилелер. Индустриалдык коом. Коомдук мамилелердин системасында коомдун түзүмү. Өлкөлөрдүн аймактардын өнүгүүсүнүн, географиялык ачылыштардын жана изилдөөлөрдүн тарыхый-маданий аспектилери. Глобалдык көйгөйлөр. Кыргызстан тарыхы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү жана саясий жигердүүлүк. Мамлекеттин символдору. Коомдук жашоодогу социалдык көйгөйлөр. 90-жылдардагы улуттар аралык кагылышуулар. Кыргызстандагы реформалар. Жаңы Конституцияны кабыл алуу. 90-жылдардагы Кыргызстандагы саясий система. Кыргызстан эл аралык коомдоштукта. Кыргызстандын тышкы саясаты. Кыргыз адабияты Турмушту эстетикалык жактан баалоонун критерийлери. жана дүйнөлүк Геомаданий мейкиндик. адабият, тилдер Адабият жана музыка булактары. Көркөм-географиялык сүрөттөөлөр. Образдык кабыл алуу, элестетүү. Бардык маалыматтардын мейкиндиктик интерпретациясы. Универсалдуу категориялар жана баалуулуктар (жакшы, башка маданияттарды урматтоо, сүйүү, адилеттүүлүк, толеранттуулук ж.б.). Эстетикалык тарбия. Гуманистикалык жана культурологиялык негиз. ЮНЕСКОнун Адамзаттын бүткүл дүйнөлүк табигый жана маданий мурастарынын объектилери. Метематика Иш-аракеттер-ишмердүүлүк чөйрөсү: - функцияларды, тике жана тескери пропорционалдык көзкарандылыктарды, алардын графиктерин, вектордук чоңдуктарды ж.б. колдонуу. - эсептөөчү-эсептеп чыгаруучу, өлчөөчү, сүрөт тартуучу- графикалык ишмердүүлүк. 15 Предметтер Өз ара байланыш жааттары жана жалпы категориялар - моделдөө. Биология Адамдын эволюциясы География Өлкөлөрдүн көп түрдүүлүгү. Дүйнөнүн саясий картасы. Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттик түзүлүшү. ЮНЕСКОнун Адамзаттын бүткүл дүйнөлүк табигый жана маданий мурастарынын объектилери. Дүйнөлүк жаратылыш ресурстары. Калктын жайгашуусу. Дүйнөлүк чарбанын тармактарынын жайгашуусу. Геомаалыматтык технологиялар. Жогорку, калдыксыз, энергияны үнөмдөөчү технологиялар. Жаратылыштын жана коомдун өз ара иштешүүсү. Жаратылышты пайдалануу. Айлана чөйрөнү булгоо. Этика Кылымдар аралыгында этика кандайча өзгөргөн? Этикалык маданият. Информатика Компьютердик технологияларды жана мультимедияларды колдонуу: - көрсөтмө куралдарды көрсөтүү; - маалыматтык окутуу; - презентацияларды даярдоо; - «Адам жана коом» курсу боюнча окуучулардын өз алдынча ишин уюштуруу; - окуучулардын билимин текшерүү. 3-БӨЛҮМ. БИЛИМ БЕРҮҮ НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖАНА БААЛОО 3.1. Күтүлүүчү натыйжалар жана көрсөткүчтөр Окуп-үйрөнүүнүн натыйжалары билим берүүнүн сапатынын негизги чен-өлчөмдөрү (критерийлери) болуп саналат. Окуучулар жылдын аягында жетишкен натыйжалары жана натыйжаларды текшерүү үчүн көрсөткүчтөр 4 - жана 5-таблицаларда көрсөтүлгөн. Ар бир натыйжага карата көрсөткүчтөр жазылган, алар натыйжаларды кантип текшерүү керектиги туурасында сунуш-көрсөтмөлөр болуп саналат. Документте келтирилген көрсөткүчтөрдүн бардыгын дароо колдонуу талап кылынбайт, мугалим зарыл деп эсептегендерди гана колдонууга болот. Стандартта көрсөтүлгөн индекстер Стандарттын натыйжаларынын индекси бар. Индекс класс, мазмундук тилкелер, компетенттүүлүк жана натыйжанын номуру тууралуу маалыматты камтыйт. Натыйжалардын таблицаларында белгилөөлөрдүн идентификатору: 1 цифрасы – класс (X, XI) 16 2 цифрасы – мазмундук тилке: 1. Инсан социалдык мейкиндикте жана социалдык убакытта; 2 Маданияттын көп түрдүүлүгү; 3. Экономикалык-саясий өнүгүү 3 цифрасы – компетенттүүлүк: А) Жарандык-укуктук; Б) Социалдык-экономикалык; В) Баалуулук-багытталган 4 цифрасы – натыйжа Мисалы: X.1.Б.2. (белгиленген) 1 цифрасы – класс (X, XI) 2 цифрасы – тематикалык (мазмундуу) тилке: 1. Инсан социалдык мейкиндикте жана социалдык убакытта; 2. Маданияттын көп түрдүүлүгү; 3. Саясий-экономикалык өнүгүү 3 цифрасы – компетенттүүлүк: А) Жарандык-укуктук; Б) Социалдык- экономикалык; В) Баалуулук-багытталган 4 цифрасы – натыйжа: 2. Социалдаштыруу процессинин инсандын өнүгүүсүнө таасирин баалайт Натыйжалар жана көрсөткүчтөр «Адам жана коом» (10-класс) 4-таблица Компетенттүүлүктөр Б) Социалдык- А) Жарандык-укуктук В) Баалуулук-багыттык экономикалык 1. Инсан социалдык мейкиндикте жана социалдык убакытта X.1.А.1. X.1.Б.2. Социалдаштыруу X.1.В.3. Адамдардын Коммуникациялык жана процессинин инсандын билим алууга жана өзүн маалыматтык алмашуу өнүгүүсүнө таасирин таанууга умтулуусун жараяндарында келип баалайт алардын жашоодогу чыккан коркунучтарды ийгилиги менен түшүнөт Коомдо адамдардын салыштырат жүрүм-туруму кандай Заманбап болушу керектиги Өзүнө жана маалыматтык коомдун туурасында ой жүгүртөт. башкаларга мүнөздөмө өнүгүүсүндө маалыматтын Адамдардын берет. маңызын жана маанисин өнүгүүсүнө жана жүрүм- Өзүнүн түшүндүрөт. турумуна социалдык жана кызыкчылыктарын, Жарандык биологиялык факторлордун керектөөлөрүн жана баалуулуктарды түшүнүү таасирин конкреттүү мүмкүнчүлүктөрүн коомдун жана кабыл алуу үчүн мисалдар менен көрсөтөт. кызыкчылыктары жана жарандык-укуктук ченемдер Үй-бүлө, этнос, улут, керектөөлөрү менен маалыматын табат жана муун, жаштар топтору салыштырат. талдайт. адамдардын өнүгүүсүнө Адамдын жашоодогу ММКларда жана жана жүрүм-турумуна ийгилигин түзүүчүлөрдү Интернетте таркалган кандай таасир этерин аныктайт жана схема маалыматта жана рекламада талдайт. түрүндө көрсөтөт. карама-каршылыктарды үй-бүлөдө жана Өзүнүн келечектеги 17 Компетенттүүлүктөр Б) Социалдык- А) Жарандык-укуктук В) Баалуулук-багыттык экономикалык табат жана далилдейт. коомдо гендердик ролдорго билим жана эмгек иштерин Жеткиликтүү карата эң көп таркалган көз аныктоонун планын түзөт. маалыматтын көлөмү өтө тез караштарды салыштырат, өсүүсүнүн адамга тийгизген алардын объективдүү таасирин аныктайт. себептерин издейт. 2. Маданияттын көп түрдүүлүгү X.2.А.4. Тең укуктуулукка, X.2.Б.5. Адамдардын X.2.В.6. Коомдо социалдык коомдо бирге жашоосунда жаштардын руханий адилеттүүлүккө эрежелердин ролун багыттары жөнүндө ой умтулуусун көрсөтөт талдайт жүгүртөт Жалпы адамзаттык Ар кандай социалдык Адамдардын жана улуттук топтордо, социалдык кандайдыр бир баалуулуктардын тармактарда баарлашуунун субмаданиятка таандыгынын окшоштуктарын жана көйгөйлөрүн мүнөздөйт. себеп-натыйжалаш айырмачылыктарын Мыйзамдар жана байланыштарын аныктайт сүрөттөйт жана аларды эрежелер эмне үчүн жана түшүндүрмө берет. айкалыштыруунун керектигин түшүндүрөт. Маданий ыкмаларын сунуштайт. Кыргызстандын продукциянын атамекендик Инсандар арасында аймагында жашаган азыркы керектөөчүсүнүн мамилелерде теңдиктин элдердин маданиятындагы өзгөчөлүктөрүн мүнөздөйт. жана урматтоонун формалдуу жана формалдуу Жашоонун кандай принциптерин сактайт эмес эрежелерди чындыктары инсандын Өзүнүн мамлекети, салыштырат руханий калыптануусуна анын тарыхы, маданияты, Укуктук ченемдердин тоскоол болгондугун тили, каада-салттары жана салттардын топтордо талкуулайт жана жөнүндө презентацияларды ортосундагы аларды жеңип чыгуунун ар түзүүгө жана айырмачылыктарды кандай ыкмаларын жайгаштырууга (анын түшүндүрөт. сунуштайт. ичинде Интернет Туура эмес жүрүм- Кандайдыр бир тармагында) катышат. турумдарды түшүндүргөн жагдайларда адамдардын Калктын аялуу көз караштарды жана жана өзүнүн жасаган топторуна карата социалдык көзөмөлдүн ар иштерин ойлонот, жана алар боорукердик, ырайымдуулук кандай каражаттарынын ага эмне менен жана камкордук көрсөтөт, таасирин салыштырат. шартталгандыгын аныктайт: аларга колунан келген жекече өзгөчөлүктөр жардамын берет. мененби же социалдык шарттар мененби? 3. Экономикалык-саясий өнүгүү X.3.А.7. Ар бир жарандын X.3.Б.8. Коомдогу X.3.В.9. Экономикадагы кызыкчылыктары үчүн экономикалык өз ара жана саясаттагы адеп- мамлекеттин жана мамилелерди талдайт ахлактык-этикалык укуктун маанисин ойлонот ченемдерди Экономикалык жактагандыгын билдирет Жарандык коомдо жыргалчылыктарды мыйзамдын үстөмдүгүнүн жаратуудагы өз ара Эмне үчүн мааниси жөнүндө ой байланыштарды схема өндүрүштүн колонизация 18 Компетенттүүлүктөр Б) Социалдык- А) Жарандык-укуктук В) Баалуулук-багыттык экономикалык жүгүртөт. түрүндө көрсөтөт жана принцибин сактоо зарыл Жагдайлык сүрөттөйт. экенин, бүтүндөй дүйнө көнүгүүлөрдө адам укуктары Суроо-талап, сунуш, боюнча ишканаларга кандай чөйрөсүндө көйгөйлөрдү баалар жана атаандаштык талаптар коюларын чечүүнүн укук ченемдүү керектөөчүлөрдүн жана түшүндүрөт. жолдорун тандайт. өндүрүүчүлөрдүн иш- Этикалык Адам коом жана аракеттерине кандай таасир керектөөнүн принциптерин мамлекет алдында тийгизерин түшүндүрөт. иштеп чыгарат, үй- милдеттерин аткаруусунун Үй-бүлөлүк чарбалары чыгарган зарылдыгын негиздейт бюджетти түзөт, «Үй- таштандылардын санын Жаран эмне үчүн чарбачылыгынын бюджети төмөндөтүү боюнча план мыйзамды сакташы мамлекеттин өнүгүүсүнүн иштеп чыгарат. керектигин түшүндүрөт; социалдык-экономикалык Ишкердин жана инсандын мыйзамсыз иш- деңгээлин кандайча саясатчынын этикасы кандай аракеттеринин кооптуу чагылдырат? » темасында болушу керек деген кесепеттерин атайт. чакан эссе жазат. суроонун үстүндө ой Үнөмдөлгөн жүгүртөт. каражаттар жана камсыздандыруу адамдардын бакубатчылыгын кандайча жогорулатарын түшүндүрөт. Натыйжалар жана көрсөткүчтөр «Адам жана коом» (11-класс) 5-таблица Компетенттүүлүктөр Б) Социалдык- А) Жарандык-укуктук В) Баалуулук-багыттык экономикалык 1. Инсан социалдык мейкиндикте жана социалдык убакытта XI.1.А.1. Кыргызстанда XI.1.Б.2. Цивилизациялык XI.1.В.3. Инсандык туруктуулукту сактоого өнүгүүнүн, өнүгүүгө жана социалдык жана өнүктүрүүгө өзү глобалдаштыруунун жана көп түрдүүлүктөрдү кабыл кандай салым кошо глобалдык көйгөйлөрдүн алууга карата позитивдүү аларын аныктайт мейкиндиктик-убакыттык мамилесин көрсөтөт аспектилерин талдайт «Эл», «улут», «этнос», Коомдук-тарыхый Дискуссияларда жана «улуттук аң сезим» өнүгүүнү талдоого карата ар жаңжалдуу жагдайларда түшүнүктөрүн айырмалайт, кандай ык-амалдардын жеке кызыкчылыктарын улутчулдук жана геноцид салыштырат, салттуу, коргоонун конструктивдүү көрүнүштөрүн талкуулоодо индустриалдык жана жолдорунун мисалдарын бир жактуу позицияны постиндустриалдык келтирет. ээлейт. коомдун мүнөздүү Этникалык, диний Кыргыз белгилерин аныктайт. жана стратификациялык 19 Компетенттүүлүктөр Б) Социалдык- А) Жарандык-укуктук В) Баалуулук-багыттык экономикалык Республикасындагы диний Кыргызстанда айырмачылыктарга бирикмелердин ѳзгѳчѳлүгүн глобалдаштыруунун оң байланыштуу маселелерди жана укуктук макамын жана терс жактары жөнүндө позитивдүү чечүүгө карата аныктайт; диний ой жүгүртөт. ак ниеттүү мамилесин экстремизмдин кооптуулугу Антиглобалисттик көрсөтөт. эмнеде экенин түшүндүрөт. кыймылдар туурасында Инсандык Терроризмдин келип жеке пикирин билдирет касиеттерди, чыгышына жана Глобалдык жөндөмдүүлүктөрдү, коркунучуна байланыштуу көйгөйлөрдүн эмгектин жана кесиптик себептердин тизмесин түзөт. коркунучтарын аныктайт, кызыкчылыктарды өз Төмөнкү темаларда глобалдык маселелердин алдынча баалайт ой жүгүртөт: ортосундагы өз ара Өзүнүн мындан аркы «Кыргызстанда улуттар байланыштарды схема билим алуусунун пландарын аралык жана диндер аралык түрүндө берет. жана эмгек тынчтыкты колдоо үчүн биз ишмердүүлүгүнүн Глобалдык эмне кыла алабыз? », перспективаларын көйгөйлөрдүн тизмесинен «Терроризмди жана долбоорлойт. Кыргызстан үчүн эң экстремизмди болтурбоо Заманбап үй-бүлөнүн актуалдууларын тандайт, үчүн биз эмне кыла алабыз? алардын келип чыгуу жана өзгөчөлүктөрүн мүнөздөйт, » инсандын жеке дараметин өзгөрүү себептерин талдайт. ийгиликтүү ишке ашырууда анын маанисин талдайт. 2. Маданияттын көп түрдүүлүгү XI.2.А.4. Өз коомунун XI.2.Б.5. Маданияттын XI.2.В.6. Инсандык жана жашоосуна жигердүү жана коомдун өз ара маданий баалуулуктарды жарандык катышуунун байланыштарын талдайт кабыл алууга карата маанилүүлүгүн түшүнөт позитивдүү мамилесин Дүйнөлүк диндердин көрсөтөт Өз коомунда туш адамдардын тиричилигине, болушу мүмкүн болгон салттарына жана Жеке пикирин көйгөйлөрдүн тизмесинен маданиятына таасирин билдирет жана аны (мектеп, район, шаар, айыл), мүнөздөйт. далилдер менен коргой алат. өзү катыша ала тургандарын Азыркы коомдун Илимде, искусстводо, тандайт, жана бул учурда маданиятында илимдин, массалык маалымат жеке өзү эмне кыла аларын маданияттын жана каражаттарында этика көрсөтөт. искусствонун маңызын жана маселелери туурасында ой Инсан жана коом маанисин түшүндүрөт. жүгүртөт. үчүн маданиятсыздыктын, Илимий-техникалык Маданияттар аралык кылмыштуулуктун, прогрессти адамзатка зыян толенранттуулукту баңгиликтин, маданияттан келтирүү менен колдонууга көрсөтөт, өзүнүкүнөн четтөөнүн масштабдарынын карата кооптонууларын айырмаланган маданий өсүшүнүн себептери жана негиздейт. салттарга кандай мамиле алардын кесепеттери Адамдарга жана кылуу керек деген суроонун жөнүндө ой жүгүртөт. маданиятка таасири боюнча үстүндө ойлонот. Долбоордук иштерге ар кандай массалык Коом үчүн катышат, маданиятка, коммуникация плюрализмдин адамдын руханий каражаттарын салыштырат. пайдалуулугун түшүндүрөт; 20 Компетенттүүлүктөр Б) Социалдык- А) Жарандык-укуктук В) Баалуулук-багыттык экономикалык өнүгүүсүнө коркунуч Кыргызстанда көз караштардагы жараткан маселелерге актуалдуу социалдык- айырмачылыктарга сый өкмөттүн көңүлүн буруу маданий маселелерди мамиле жасайт. боюнча иш-аракеттердин чагылдырган автордук планын түзөт; аларды чечүү (авторлоштук) медиа боюнча иш-чараларды өнүмдөрдү жаратат. пландаштырат жана жүргүзөт. 3. Экономикалык-саясий өнүгүү XI.3.А.7. Адам укуктары XI.3.Б.8. Коомдук XI.3.В.9. жана коомдун жашоосуна өнүгүүнүн факторлорун Жоопкерчиликтүү жана саясий катышуу талдайт адеп-ахлактуу тандоого чөйрөсүндөгү жагдайды жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт талдайт Саясий Кыргызстанда Эмгекке сый коммуникациянын салыктардын түрлөрүн жана мамилесин, укуктук жана негиздерин талдайт, КРдеги бюджеттик каражаттарды экономикалык шайлоолорго карата өзүнүн колдонуунун багыттарын сабаттуулукту жеке позициясын негиздейт. аныктайт. жогорулатууга умтулуусун Ар кандай Бюджеттик жана акча билдирет. идеологияларды саясаты мамлекетте Адеп-ахлактык Кыргызстандагы саясий экономикалык тандоо позициясынан кыймылдар жана партиялар туруктуулуктун коррупция көрүнүшүнө менен байланыштырат. сакталышына кандай байланыштуу жашоо ММКлардын жана таасирин тийгизерин жагдайларын талдайт. жарандын саясатка таасир түшүндүрөт. Адам укуктарын тийгизүү мүмкүнчүлүгүнө Инфляциянын жана жана эркиндиктерин, карата жеке пикирин жумушсуздуктун маңызы, мыйзамды, адеп-ахлактык- билдирет. себептери, социалдык жана этикалык жүрүм-турумдун Кыргызстанда экономикалык кесепеттери негизинде курчап турган адамдын жана жарандын жөнүндө ой жүгүртөт. дүйнө (адамдар, укуктарын ишке ашыруунун Туруктуу коомдук жаратылыш, коом, көйгөйлөрү, аларды өнүгүүнүн көп түрдүү мамлекет) менен мамиле коргоодо укук коргоочу милдеттеринин тизмесинен түзөт. уюмдардын (анын ичинде эл Кыргызстан үчүн эң Саламат өмүр сүрөт, аралык) ролу жөнүндө ой актуалдуусун тандайт, окууга, мектептег

Use Quizgecko on...
Browser
Browser