Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...

Transcript

## Фарадей Майкл (1791-1867) Англиялык физик, 1831-жылы электр-магниттик индукция кубулушун өткөргүчтүн контуру аркылуу магнит агымын өзгөрткөндө өткөргүчтө электр тогунун пайда болушун ачкан. Кийинки жылдары өзү ачкан кубулушту изилдөө менен электр-магниттик индукция закондорун киргизген. Кислот...

## Фарадей Майкл (1791-1867) Англиялык физик, 1831-жылы электр-магниттик индукция кубулушун өткөргүчтүн контуру аркылуу магнит агымын өзгөрткөндө өткөргүчтө электр тогунун пайда болушун ачкан. Кийинки жылдары өзү ачкан кубулушту изилдөө менен электр-магниттик индукция закондорун киргизген. Кислоталардын, туздардын жана щелочтордун эритмелери аркылуу электр тогунун өтүүсү боюнча эксперименттерди жүргүзгөн. Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы 1833-жылы электролиз закондорун (Фарадей закондору) ачууга алып келген. Катод, анод, иондор, электролиз, электролиттер, электроддор (1834) деген түшүнүктөрдү киргизген, вольтметрди (1833) ойлоп тапкан. 1845-жылы диамагнетизмди, 1847-жылы парамагнетизмди ачкан. 1845-жылы «магнит талаасы» деген терминди киргизген. А. Эйнштейндин ою боюнча Фарадейдин идеяларынын ичинен талаа жөнүндөгү идеясы эң оригиналдуу, Ньютондон кийинки эң маанилүү ачылыш болгон. ## Индукциялык ток * Индукциялык ток деп кандай токту айтабыз? * Индукциялык ток магниттин кыймылынан кандай көз карандыда? ## Ленц эрежеси Магнитти туюк катушкага жакындатып же магнитти андан алыстатуу менен катушкада индукциялык токторду алабыз. Гальванометрдин жардамы менен токтун багытын аныктоого болот. 18-сүрөттө буга карата жүргүзүлгөн тажрыйбалардын варианттары берилген. * **Катушкага магниттин уюлун жакындаткан кезде катушканын магнитке жакын жагында бир аттуу уюл пайда болот (18-сүрөт, а жана в).** * **Магниттин уюлу алыстаган кезде катушканын магнитке жакын жагында ар башка аттуу уюлдар пайда болот (18-сүрөт, б жана г).** Бул болсо токтун магнит талаасы магниттин кыймылына карама-каршы аракет кылгандыгын б.а. кыймылдагы магниттин талаасы менен катушканын талаасы өз ара аракеттенишкендиктерин билдирет. Жогоруда каралган төрт учурда тең индукциялык токтун магнит талаасы магниттин кыймылына каршылык көргөзөт. Мисалга 18-сүрөттүн а) учурун карап көрөлү. Катушкага маг-

Tags

electromagnetic induction Faraday physics science
Use Quizgecko on...
Browser
Browser