Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...

Transcript

## Физика 11-кл. ### § 12. Индукциянын электр кыймылдаткыч күчү (Э.К.К) Туюк өткөргүчтүн контуру аркылуу өтүүчү магнит талаасынын өзгөрүүсү өткөргүчтө электр тогун пайда кылуучу индукциянын электр кыймылдаткыч күчүнүн (э.к.к) пайда болушуна алып келет. Бул ток индукциялық ток деп аталат. Ошондой э...

## Физика 11-кл. ### § 12. Индукциянын электр кыймылдаткыч күчү (Э.К.К) Туюк өткөргүчтүн контуру аркылуу өтүүчү магнит талаасынын өзгөрүүсү өткөргүчтө электр тогун пайда кылуучу индукциянын электр кыймылдаткыч күчүнүн (э.к.к) пайда болушуна алып келет. Бул ток индукциялық ток деп аталат. Ошондой эле индукциянын э.к.к туюк эмес өткөргүч магнит талаасында анын күч сызыктарын кесип өтүү менен кыймылда болгон учурда да пайда болот. Ошентип магнит талаасы өткөргүчтөгү бош электрондорду ал өткөргүч боюнча багыттуу кыймылга алып келет. Мунун негизинде өткөргүчтүн учтарында потенциалдардын айырмасы, же индукциянын э.к.к. пайда болот. Бир катар жүргүзүлгөн тажрыйбалар, өткөргүчтү бир тектүү магнит талаасында анын күч сызыктарына перпендикулярдуу абалда кыймылга келтирүүдөн пайда болгон индукциянын э.к.к-нүн чоңдугу, магниттик индукциянын чондугунан В, өткөргүчтүн кыймылынын ылдамдыгынан ч, өткөргүчтүн узундугунан 1 көз каранды болуп, төмөнкү формула менен туюнтулат: $\epsilon = Bul$ (12.1) Эгер өткөргүч магнит талаасынын күч сызыктарына жарыш кыймылдаса, анда өткөргүчтөгү бош электрондорду бир багыттагы кыймылга келтирүүчү магнит талаасындагы күч жок болот. Ушуга байланыштуу индукциянын э.к.к-нүн пайда болбостугу тажрыйба жүзүндө далилденген. Өткөргүч күч сызыгына а бурчу менен кыймылда болсо, ин-дукциянын э.к.к-нүн чоңдугу sina га пропорционалдуу болорлугун да далилдөөгө болот. Мындай учурда индукциянын э.к.к. төмөндөгүдөй туюнтулат: $\epsilon = Bulsina$ (12.2) $\frac{Dr}{Dt}$ менен алмаштырып, мында Dr аралыктын өсүшү, Dt убакыттын өзгөрүүсү, (12.1) барабардыгын төмөндөгүдөй жазсак болот. $\epsilon = \frac{B\Delta г}{\Delta t}$

Tags

electromagnetism induction physics
Use Quizgecko on...
Browser
Browser