Кыргыз тили декадасына карата майрам PDF

Document Details

RosyCarnation

Uploaded by RosyCarnation

Средняя школа №2 имени Султана Ибраимова

Tags

Kyrgyz language school celebration cultural event education

Summary

Бул документ Кыргыз тили декадасына карата, мектепте уюштурулган майрамга арналган. Майрамда бий, ыр, оюндар жана комуз ойноо көрсөтүлөт. Окуучулардын активдүү катышуусу менен өткөрүлгөн майрамдын чоң өзгөчөлүгүн чагылдырат.

Full Transcript

**«Эл ичи өнөр кенчи" -- Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанат** **Бий** 3ж- класстын аткаруусунда "Комуз бийи" 1.**Актан**: - Саламатсыздарбы ! Көөнөргүс улуу салтты улантып Көргөн жанды кубантып Керемет ыйык мектепте Кыргыз тили майрамында жүз көрүшүп отурабыз 2.**Акылай**:- Мына бүгүн ш...

**«Эл ичи өнөр кенчи" -- Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанат** **Бий** 3ж- класстын аткаруусунда "Комуз бийи" 1.**Актан**: - Саламатсыздарбы ! Көөнөргүс улуу салтты улантып Көргөн жанды кубантып Керемет ыйык мектепте Кыргыз тили майрамында жүз көрүшүп отурабыз 2.**Акылай**:- Мына бүгүн шаңга толуп чар тарап Биздин мектепте той-тамаша салтанат Калайыктын арзуусуна айланган Кыргыз тили майрамы башталат. **Акын бала** чыгат -4в- класстын окуучусу **4. Актан** : - "Эл ичи, өнөр кенчи "дегендей тигил жакты карасаң Акылай ,өнөрлүү балдар келген окшойт жүр угалы **Ыр ырдалат** (Муктаров Умар) 5**.Акылай**: Бул жакты карасаң,Актан күчтүү,шамдагай балдар бизге кызыктуу оюндарды көрсөткөнү жатышат.Жүрсөң ким утат экенин көрөбүз. **Оюн** -4в-класстын окуучулары (кол күрөш,аркан тартмай) 6**. Актан** :-Акылай карасаң кыздар-балдар акыйнек айтышып баштады ,жүр угалы ,майрам абдан кызыктуу болуп баштады окшойт эээ **Акыйнек айтышуу**(4г-класстын кыздар-балдары) 7.**Акылай**:- Аиий,Актан тигил жакты карачы биздин майрамда кичинекей бөбөктөр Манас айтканы даярданып отурушат, жүрчү,мага Манас уккан абдан жагат. **Манас айтуу**- 1а-класс,4г-класстын окуучулары 8\. **Актан**: - Акылай сага майрам жагабы ?Мага өзгөчө майрамдагы оюндар аябай жагат.Ураа оюндар башталды **Оюн** -- (топташ,упай) 3г-класстын окуучулары 9.**Акылай**:Карачы ,Актан,тал чыбыктай буралып бийчи кыздар келишти,бийлешет окшойт,жүр көрөбүз. **Бий** -2д-класстын кыздары 10**.Актан**: -"Үч буроо жалгыз тээк үч кыл комуз.Чертилбейт, күүгө келбейт чебер колсуз " дейт, жүрсөң Акылай комузчунун жанына. **Комуз күүсү**-4б-класстын окуучусу 11\. **Акылай**: - Билесиңби,Актан "Жамгыр менен жер көгөрөт,бата менен эл көгөрөт"дегендей чоң атадан бата сурайлы.Майрам да аяктады окшойт. **Бата берүү**(4в-класстын окуучусу) 12\. **Актан** :- Акылай бүгүнкү майрам сага жактыбы? 13**.Акылай**:- Ооба,аябай жакты.Сагачы? 14\. **Актан**: -Мага да абдан жакты ,кел эми майрамдын аягында конокторго сөз берели. С.Ибраимов атындагы №2 мектебинин мүдүрү-Гүлназ Абилмажиновна Башталгыч класстын завучу -- Айнура Узгеновна Кыргыз тили бирикмесинин жетекчиси- Клара Жумабековна

Use Quizgecko on...
Browser
Browser