Туризм маркетинги PDF
Document Details
Uploaded by Deleted User
Tags
Summary
Бул документте туризм тармагындагы маркетингдик иш-аракеттердин тарыхый өнүгүшү, негизги принциптери жана өзгөчөлүктөрү каралат. Документте туризмдин эл аралык мүнөзгө ээ болушун, рынок изилдөөлөрүнүн жана стратегиялардын рольүн, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн жана туризм маркетингиндеги тобокелчиликтерди баса белгилейт.
Full Transcript
ТУРИЗМ МАРКЕТИНГИ Туризм тармагындагы маркетингдик иш -аракеттер, XIX кылымдын аягында Англияда, кийинчерээк Европада меймандостук жана саякат тармагында башталган. Туризм маркетингди системалуу түрдө изилдөө 1950 - жылдары Европада байкалган. Экинчи дүйнөлүк согушка чейин кымбат кызмат түрү болг...
ТУРИЗМ МАРКЕТИНГИ Туризм тармагындагы маркетингдик иш -аракеттер, XIX кылымдын аягында Англияда, кийинчерээк Европада меймандостук жана саякат тармагында башталган. Туризм маркетингди системалуу түрдө изилдөө 1950 - жылдары Европада байкалган. Экинчи дүйнөлүк согушка чейин кымбат кызмат түрү болгон туризм, согуштан кийин Европада индустриялаштыруу кыймылы менен бирге өнүгө баштаган. Керектөөчүлөрдүн сатып алуу жөндөмү жогорулап, туризм эл аралык мүнөзгө ээ болуп, суроо -талаптын балансы өзгөрүүгө дуушар болду. 1936 - жылдан бери Европада акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнө укук берүү менен жумушчулар жана кызматкерлер каникулга чыгып, туризмге катыша баштаган. Жайгаштыруу ишканаларында ар түрдүүлүк көбөйдү жана жаңы жайгаштыруу ишканалары пайда болду. Саякаттагандардын саны жыл сайын тездик менен көбөйө баштайт. Каникулга баруу темпи Европанын жалпы калкынын 60% ын түзө баштайт. 1970 -жылы дүйнө жүзүн кыдыргандардын саны 168 миллион болсо, 2019 -жылы бул сан 1,5 миллиарддан ашкан. Ал эми туристтердин коротуулары 2019-жылы 1,4 триллион долларды түзгөн. Макродеңгээлде өлкөлөр, микродеңгээлде, туризм ишканалары туризмге суроо-талапты тартуу үчүн туризм маркетинг системасын иштеп чыгышкан, айрыкча 1970-жылдардан кийин, алар туризм суроо-талабын башкаруу максатында рынок изилдөөлөрүнө артыкчылык беришкен. Маалымат технологиясынын өнүгүшү, кээ бир туристтик дестинациялардын көрүнүктүүлүгү, керектөөчүлөрдүн жүрүм - турумунун өзгөрүшү, суроо -талаптын өзгөрүшү жана башка факторлор ишкерлердин кардарларын күтүп отуруу убактысынын өткөнүн, эми алар кардарларды издеши жана аларды тартышы керек экендигин тастыктады. ТУРИЗМ МАРКЕТИНГИНИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ 1- Туризм индустриясында кызматтар сатылат жана кызматтар материалдык мүнөздөмөлөргө ээ эмес. Ал эми, өнөр жай продукциялары - бул конкреттүү мүнөздөмөлөргө ээ, белгилүү көрсөткүчтөргө карата өлчөнүүчү, сыналуучу заттар. 2-Кадимки керектөө товарларынан жана кызматтарынан айырмаланып, туризм маркетинги эки башка деңгээлде жүргүзүлөт. а) Расмий туризм мекемелери тарабынан ишке ашырылуучу жана түздөн - түз сатуу максатын көздөбөгөн маркетингдик иш чаралар. б) Бизнес (туризм ишканалары) тарабынан ишке ашырылуучу жана өз продукциясын сатууга багытталган маркетингдик иш чаралар. Өлкөлөрдүн туризм маркетингинин милдеттери: -Туризм логистикасын ишенимдүү жана эффективдүү өнүктүрүү, -Туристтик борборлордун инфраструктурасын жакшыртуу, -Түнөк ордуларынын сыйымдуулугун жогорулатуу жана толтуруу, -Туризм ресурстарын колдонууну рационалдаштыруу, -Баалар жана тейлөө ортосундагы оптималдуу байланышты түзүү, \- Туристтердин өзгөрүп турган өзгөчөлүктөрүнө карата сунушту үзгүлтүксүз адаптациялоо, -Туризм жарнактарын күчөтүү жана жакшыртуу. Жогорудагы максаттарга жетүү үчүн өлкөлөр макро деңгээлде кээ бир административдик жана укуктук стратегияларды аныкташат жана өлкөнүн туризм маркетинги саясатын түзүшөт. Өлкөлөрдүн туризм маркетинг стратегияларынын мисалы катары: 1- Жергиликтүү жана регионалдык планда жалпы соода саясатын аныктоо, 2-Жагымдуу, кызыктыруучу туризм өнүмдөрүн, сунуштарды түзүү 3-Туристтердин муктаждыктарын канааттандырган кызматтарды өндүрүү 4-Ылайыктуу баа системасын түзүү үчүн, 5-Рынокту изилдөө, 6-Туризм маркетинг пландарын даярдоо жана сапатын жогорулатуу сыяктуу маркетинг стратегияларын аныктоого болот. 3-Туризм маркетингинде өнөр жай маркетингине салыштырмалуу экологиялык жана инфраструктуралык көйгөйлөр алдыңкы факторлор болуп саналат. Деңиздин, кумдун, күндүн, табигый кооздуктардын болушу жана анын ар түрдүүлүгү, кооздугу маркетингге таасир этет. 4- Туризм маркетингинде керектөөчү кызмат көрүү үчүн өндүрүш жерине барат, ал эми өнөр жай маркетингинде товарлар өндүрүүчүдөн керектөөчүгө чейин жеткирилет. 5-Туризм маркетингинде өндүрүш менен керектөө бир убакта болот. Кызматтар алгач сатылып, андан кийин керектелет. Ал эми, өнөр жай маркетингинде өндүрүлгөн товарлар сатууга сунушталат. 6- Туризм ишканалары сезондук иштей алышат. Туристтик кызматтар узакка созулган жана туруктуу кызмат эмес. Бул жагдай, кызмат көрсөтүүлөрдүн финансылык тобокелдигин жогорулатат. 7- Туризм тармагында бренддин имиджине азыраак көз карандылык бар. Туризм маркетингиндеги чыныгы продукт - бул кооз, кызыктуу жер, маданий жай. Ал эми өнөр жай ишканалары өнүм же компаниянын имиджин түзүүгө аракет кылышат. 8- Туристтик кызматтарга болгон суроо-талап күнүмдүк, жумалык, айлык жана жылдык негизде өзгөрүүчү суроо-талап. Талап ийкемдүү. 9- Суроо-талап азайганда бош кубаттуулук пайда болот жана суроо-талап көп болгон учурда да кубаттуулуктун чегинен ашууга болбойт. 10-Туризм маркетингинин негизги максаты- керектөөчүнү канааттандыруу жана ыраазы кылуу. Өнөр жай маркетингинде максат - керектөөчүгө пайда алып келүү. 11-Туризм өнүмдөрү, негизинен, кардарларга кызмат түрүндө сунушталат. Туризм өнүмү - бул кызмат көрсөтүү, тейлөө болуп саналат. Бирок аны колдонуу менен жок болуп кетпейт. 12-Туризм өнүмдөрү - курама өнүмдөр болуп саналат. Бүгүнкү күндө бул кызматтар \"тур пакет\" түрүндө сунушталат. 13-Туризм өнүмдөрүн сактоого мүмкүн эмес. Андыктан туризм маркетинги тобокелдүү. 14- Туризм өнүмдөрү эмгек күчүн көп талап кылган тармак болгондуктан, автоматташтыруу азыраак. 15- Туризм өнүмдөрү бири-биринен абдан айырмалангандыктан, стандартташтыруу мүмкүн эмес, аларды классификациялоо кыйын. 16-Туризм өнүмдөрү - бул даяр өнүмдөр. Өнөр жай ишканаларында даяр, жарым фабрикат болушу мүмкүн. 17-Туризм өнүмдөрү курама өнүм болгондугу жана кызматтар ар кандай ишканалар тарабынан берилгендиктен, аудит функциясы кыйынчылык туудурат. 18-Туризм маркетинги өнөр жай маркетингине караганда тобокелдүү. Эгерде иштеп жаткан ресторан жана мейманкана сатылып жатса, аларды башка жакка көчүрүү мүмкүнчүлүгү жок. Инвестиция кылардан мурда курулуш жерин туура тандоо абдан маанилүү. 19-Керектөөчү кызматтын сапатына чоң таасирин тийгизет. Бир эле мейманкананы кээ бирөөлөр абдан жагымдуу, кээ бирлери жагымсыз деп эсептеши мүмкүн. Ошол эле учурда туруктуу кардарлары аны жакшы деп баалашат. 20-Кардарлар менен мамиле өзгөчө дыкаттык жана аяр мамиле талап кылат. Өнөр жай маркетингинде байланыш каналын жана физикалык таркатуу каналын бөлүп кароого болот, бирок кызмат секторунда эки бөлүп кароо мүмкүн эмес. Кызматты баалоо көбүнчө субъективдүү мүнөзгө ээ. 21-Кызматты сатып алуу жана колдонуу керектөөчү менен өндүрүүчүнүн ортосунда түз байланышты талап кылат. Бул мамиле төмөнкүдөй кесепеттерге алып келет. а)Бул байланыш орун алган чөйрө абдан маанилүү. Мейманкананын фойеси, ресторандын атмосферасы, турагенттиктин интерьери күтүлгөн кызматтын жыйынтыгына таасир этет. б) Мамилелерде чоң персонализация (жекелештирүү) бар. Атактуу чоң мейманкананын же ресторандын кардары аты менен аталып же ошол жерде эсте калуу үчүн чоң ырахат жана кубаныч алат. Болбосо, кардар кайра келбей калышы мүмкүн.