Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...

Transcript

## Индукциялык ток **Мылы туюк өткөргүчтө токтун пайда болушун шарттайт. Фарадей бул илимий жыйынтыгын өзү жүргүзгөн бир нече тажрыйбаларынын негизинде 1831-жылы далилдеген.** Кыймылдагы магнит талаасынын таасири астында туюк өткөргүчтө пайда болгон ток **индукциялык** деп аталат, ал эми индукциял...

## Индукциялык ток **Мылы туюк өткөргүчтө токтун пайда болушун шарттайт. Фарадей бул илимий жыйынтыгын өзү жүргүзгөн бир нече тажрыйбаларынын негизинде 1831-жылы далилдеген.** Кыймылдагы магнит талаасынын таасири астында туюк өткөргүчтө пайда болгон ток **индукциялык** деп аталат, ал эми индукциялык токту алуу кубулушу **электр-магниттик индукция** деп аталат. **Индукциялык токтун алынышын шарттаган Фарадейдин бир тажрыйбасын карап көрөлү.** Эгер туюк контур алып анын ичине магнитти киргизип же чыгарсак, анда контурда индукциялык ток пайда болот. Мында магнит катушкага жакындаганда гальванометрдин жебеси бир жакка кыйшайса, магнит андан алыстаганда экинчи жагына кыйшаят. **Демек, индукциялык токтун багыты өзгөрөт (17-сүрөт).** **Магнит канчалык күчтүү, анын кыймылы канчалык тез, ошондой эле катушканын орому канча көп болсо, ошончолук күчтүү индукциялык ток пайда болот.** Эгер туюк катушканын жанына магнитти коюп, же ал магнитти катушканын ичине киргизип койсок да магнит кыймылда болбосо индукциялык ток пайда болбойт. **Мындан, туюк өткөргүчтө индукциялык токту алыш үчүн бир гана магнит талаасынын болушу жетишсиз экендигин көрөбүз. Ал үчүн магнит кыймылда болуусу зарыл.** **Магнит туюк катушкага жакындаган кезде катушканын ичиндеги магнит агымы көбөйөт**, мына ушунун натыйжасында ток пайда болот. Ал эми магнит алыстаганда катушканын ичиндеги магнит агымы азаят. Бул болсо карама-каршы багыттагы индукциялык токтун пайда болушуна алып келет. **Электр-магниттик индукция кубулушун толук изилдөө, бул кубулуштун жардамы менен практика жүзүндө каалаган кубаттуулуктагы электр тогун алууга мүмкүн экендигин көргөздү.** Бул болсо электр энергиясын өндүрүштө кеңири колдонууга мүмкүндүк берет. Азыркы кезде өндүрүштө колдонулуучу бардык электр энергиясы индукциялык генераторлордун жардамы менен алынат. **Бул индукциялык генераторлор-**

Tags

electromagnetic induction Faraday's law physics electricity
Use Quizgecko on...
Browser
Browser