8-Класс Химиялык Реакциялар Типтери PDF

Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...

Summary

Бул документте 8-класстагы химия сабагы боюнча материалдар бар. Химиялык реакциялардын ар кандай типтери, жабдылыштары, эксперименттер тууралуу.

Full Transcript

Классы: 8-класс Сабактын темасы: Химиялык реакциянын типтери Сабактын максаты: Химиялык реакциянын типтери боюнча толук маалымат берүү жана химиялык реакциялардын күнүмдүк турмушубуздагы мааниси КАРА! ОЙЛОН! ТАҢ КАЛ! Жабдылышы: дат баскан мык, күл, быштак, сода, уксус, шар (сода, уксус, шар мене...

Классы: 8-класс Сабактын темасы: Химиялык реакциянын типтери Сабактын максаты: Химиялык реакциянын типтери боюнча толук маалымат берүү жана химиялык реакциялардын күнүмдүк турмушубуздагы мааниси КАРА! ОЙЛОН! ТАҢ КАЛ! Жабдылышы: дат баскан мык, күл, быштак, сода, уксус, шар (сода, уксус, шар менен эксперимент жасоо) Е1 Кызыктыруу, шыктандыруу C:\\Users\\Acer\\Desktop\\Эркинай\\1729072093901.jpg![C:\\Users\\Acer\\Desktop\\Эркинай\\1729072134139.jpg](media/image2.jpeg)C:\\Users\\Acer\\Desktop\\Эркинай\\1729072157995.jpg Окуучуларды 3-топко бөлүп 1-топко дат баскан мыкты,2-топко күлдү, 3-топко быштакты берип суроо бергем: Суроо: Эмне себептен мыкты дат басты? Жооп: Нымдуу абадан Суроо: Күл кантип пайда болду? Жооп: Көмүр күйгөндөн Суроо: Быштакты кантип алабыз? Жооп: Сүттү иритүүдөн Е2 Изилдөө эксперимент: ![C:\\Users\\Acer\\Desktop\\Эркинай\\1729072180586.jpg](media/image4.jpeg)C:\\Users\\Acer\\AppData\\Local\\Packages\\Microsoft.Windows.Photos\_8wekyb3d8bbwe\\TempState\\ShareServiceTempFolder\\1729072196114.jpeg![C:\\Users\\Acer\\AppData\\Local\\Packages\\Microsoft.Windows.Photos\_8wekyb3d8bbwe\\TempState\\ShareServiceTempFolder\\1729072229056.jpeg](media/image6.jpeg) Керектелүүчү заттар: сода, уксус, шар Иштин жүрүшү: шардын ичине 3-4 кашык соданы салабыз, сода салынган шарды уксус куюлган бөтөлкөнүн оозуна бекитебиз. Натыйжада шар үйлөнөт Суроо: Бул учурда эмнени байкадыңар? Жооп: Газдын шардын ичине толуп калганын Суроо: эмне себептен газ бөлүнүп чыкты Жооп: \...\.... Е3 көрсө биздин күнүмдүк турмушубузда көптөгөн химиялык реакциялар жүрүп турат. Химиялык реакция учурунда баштапкы заттардын молекулаларынын курамдарынын өзгөрүшүнө жана жаңы заттардын пайда болушуна карата химиялык реакциялар 4 типке бөлүнөт Алар: - Кошулуу реакциясы - Ажыроо реакциясы - Орун алмашуу реакциясы - Алмашуу реакциясы Химиялык реакцияга эки же андан көп жөнөкөй жана татаал заттар катышып, бир жаңы затты пайда кылган процесс кошулуу реакциясы деп аталат. А+В=АВ Бир татаал заттан химиялык реакциянын натыйжасында бир канча татаал жана жөнөкөй заттарды пайда кылган процесс ажыроо реакциясы деп аталат АВ=А+В Реакцияга татаал жана жөнөкөй заттар катышып, жөнөкөй заттын атомдору татаал заттын курамындагы бир атому менен орун алмашкан реакцияны орун алмашуу реакциясы деп айтабыз. АВ+С=АС+В Реакцияга эки татаал зат катышып, алардын курамдык бөлүктөрү орун алмашса, алмашуу реакциясы деп аталат АВ+СД=АД+СВ Е4 Тактоо, бышыктоо Суроо: 1. Химиялык реакция жүргөндүгүн кайсы белгилеринен билебиз? 2. Химиялык реакциянын канча түрү бар? 3. Кошулуу реакциясына аныктама берип, мисал келтир 4. Ажыроо реакциясы деп эмнени айтабыз? Мисал келтиргиле 5. Цинк менен күкүрттүн , суутек менен кычкылтектин өз ара аракеттенишүү реакцияларынын теңдемелерин жазып, теңдегиле, пайда болгон заттарды атагыла Е5 Баалоо Карточка менен баалоо: Бир жооп үчүн бир карточка. Кайсыл топ карточканы көп чогултса ошол топ " эң жакшы" деген баа менен бааланат. Үйгө тапшырма: Төмөнкү реакциялардын теңдемелерин жазып, теңдегиле жана кайсы реакциянын тибине кирерин түшүндүргүлө. Zn+[*O*~2~ → ]{.math.inline} [*Al*(*OH*)~3 ~→]{.math.inline} [Fe~2 ~*O*~3~ + *H*~2~→]{.math.inline} [Al~2~*O*~3 ~ + *H*~2~SO~4~→]{.math.inline} [*Al* + CuCl~2~→]{.math.inline} P+[*O*~2~→]{.math.inline} Бул тапшырманын жообу УМТ болот

Use Quizgecko on...
Browser
Browser