Географиялык маалыматтын булактары жана алар менен иштөөнүн ыкмалары PDF

Summary

Бул документ географиялык маалыматтын булактары жана алар менен иштөөнүн ыкмалары жөнүндө. Макала горизонттун жана анын багыттарынын аныкталышы, азимут жана компасты пайдалануу жөнүндө, аралыкты ченөө жөнүндө маалымат камтыйт, табияттагы өсүмдүктөрдүн өсүү багыты аркылуу горизонттун жактарын аныктоо жөнүндө маалымат берет.

Full Transcript

# І БӨЛҮМ ## ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТТЫН БУЛАКТАРЫ ЖАНА АЛАР МЕНЕН ИШТӨӨНҮН ЫКМАЛАРЫ ## § 4. ГОРИЗОНТ ЖАНА АНЫН БАГЫТТАРЫН АНЫКТОО (ОРИЕНТИР ЖАСОО) ЖАНА АРАЛЫКТЫ ЧЕНӨӨ - Горизонт, анын негизги жана кошумча жактары - Багыттарды аныктоо, жердин планы, уюлдук жана маршруттук съемка Жердин планын түзүү...

# І БӨЛҮМ ## ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТТЫН БУЛАКТАРЫ ЖАНА АЛАР МЕНЕН ИШТӨӨНҮН ЫКМАЛАРЫ ## § 4. ГОРИЗОНТ ЖАНА АНЫН БАГЫТТАРЫН АНЫКТОО (ОРИЕНТИР ЖАСОО) ЖАНА АРАЛЫКТЫ ЧЕНӨӨ - Горизонт, анын негизги жана кошумча жактары - Багыттарды аныктоо, жердин планы, уюлдук жана маршруттук съемка Жердин планын түзүү, топографиялык жана географиялык карталар сыяктуу эле жер бетинде багыттарды (ориентир) аныктоодон башталат. Жердин планын түзөөрдүн алдында биз айланабызга көз чаптырабыз. Эң алгач көзүбүз менен жердин кандайдыр бир чегине жеткендей болгон аймакты көрүүгө болот. Мындай көрүнүш горизонт деп аталат. Түздүктөрдө жер бетинин көзгө көрүнгөн чеги менен асмандын тийишип тургандай көрүнгөн сызыгы горизонт сызыгы деп аталат. Горизонттун негизги жактары түндүк, түштүк, чыгыш жана батыш. Булардан тышкары горизонттун негизги жактарынын ортосунда кошумча жактары болот. Алар төмөнкүлөр: түндүк-чыгыш, түндүк-батыш, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш. Айрым учурда жогоруда горизонттун аталган 8 жагынан да тагыраак жактарды аныктоого болот. Алар төмөнкүлөр: - түндүк - түндүк-чыгыш - чыгыш - түштүк-чыгыш - түштүк - түштүк-батыш - батыш - түндүк-батыш. Горизонттун румбдары деп аташат. Горизонттун жактарын туура табууда негизгиси түндүк багытты туура табуу болуп эсептелет. Андан кийин горизонттун калган жактарын аныктоо оңой болот. Горизонттун жактарын аныктоонун жолдору көп. Аларга: - Күн ачык болсо күндүзү Күн менен багытты аныктоо кыйын эмес: күндүзгү саат 13.00дө Күн түштүк тарапта болот. - Жайында эртең мененки 7.00дө күн чыгышта, кечки 19.00 дө батышта болот. Ал эми түнкүсүн Алтын Казык жылдызы боюнча аныктоого болот. Горизонттун багыттарын аныктоонун жеңил жолу – компасты пайдалануу. Анткени компастын жебеси ар дайым түндүк менен түштүктү көрсөтүп турат. Кандайдыр бир нерсенин багытын так билүү үчүн бир эле горизонттун жактарын билүү жетишээрлик болбойт. Нерсенин так багытын аныктоого азимут жардам берет. Азимут – түндүккө карай багытталган багыт аныктай турган нерсенин ортосундагы бурч. Азимут жер бетиндеги объектиге карата болгон бурч. Түндүк менен ошол объектиге болгон багытын градус менен көрсөтөт. Түндүккө карай кеткен багыттан азимут сааттын жебесинин айлануу багыты боюнча эсептелинет. **Компас** - бул магниттик меридиан боюнча багыттарды көрсөткөн прибор. Магниттик компас биринчи жолу Кытайда 4000 жыл мурун пайда болгон. Ал компаста оюлган жыгачтын ичине таш орнотулган. Таштагы темир ийнече дайыма түштүктү көрсөтүп турган. Аны кытайдын кербен чилери жана соодагерлер ар дайым, күн бүркөк мезгилде да колдонуп келишкен. Аларды ар кандай коркунучтардан сактаганга жардам берген. XIV кылымдын башында компастын шкаласын италиялык чебер Флавио Жиойя жакшыртып түзгөн. Ал магнит багытын картондун борборундагы ийнеге туура келтирген. 32 багыттуу румбга бөлгөн. **Компас менен иштөөнүн эрежеси:** - Компасты металл эмес тегиз жерге коюу керек. - Компастын жаачасы токтоп калганча күтүү керек. - Компастын түндүктү көрсөткөн жаачасы ноль менен туура келгенде гана иштетүүгө болот. - Компаска ичке таякчаны коюп ал борборунан белгилүү бир предметке багыттап коюлуш керек. - Азимутту саноо үчүн түндүктөн сааттын жебеси аркылуу таякчаны көздөй бурчту ченөө керек.. Горизонттун жактарын табияттагы өсүмдүктөрдүн өсүү багыты аркылуу да аныктаса болот. Мисалы, жалгыз өскөн дарактын түндүк тарабында бутактары азыраак, түштүгүндө көбүрөөк өсөт. Дарактын дүмүрүндөгү шакекчелер түштүк тарабында бири-биринен алысыраак, түндүк тарабында тыгыз жайгашат. Ал эми талаадагы чон таштын түндүк тарабында гана мох өсөт. Токойдогу же талаадагы кумурсканын уюгунун түштүк тарабы айдөшүрөөк, түндүк тарабы тигирээк келет. Суу өзөндөрүнүн, арыктын түштүк жээги жантайыңкы, ал эми түндүк тарабы тик болот. ## Аралыкты ченөө Эки нерсенин ортосундагы аралыкты рулетка же метр менен ченесе болот. Рулетка же метр кичине аянтты (класс комнатасы) гана ченөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ал эми чоң аралыкты кадам менен ченөөгө туура келет. Кадам менен ченөө так болуш үчүн силер өзүңөрдүн кадамдын орточо узундугун билүү керек. Кадамдын орточо узундугун төмөндөгүдөй аныктап алса болот: - Мисалы, 200 м аралыкты рулетка менен ченеп алуу керек. - Ошол 200 м аралыкты кадам менен санап, басып өтүү керек. - Эсептөө керек. Мисалы, 200 м аралыкты 250 кадам шилтеп басып өттүнөр дейли, анда 20 000 см: 250 = 80 см. Демек, силердин кадамыңардын орточо узундугу болжол менен 80 см. Мындан сырткары аралыкты кандайдыр бир басып өткөн жолго сарп кылынган убакыт менен да аныктоого болот. Мисалы, 1 км жолдун 15 минутада басып өтсөңөр, анда 1 саат ичинде 4 км жолду басып өтүүгө болот. Кээ бир учурларда аралыкты ченөөдө атайын дальнометр аспабын да пайдаланышат. Дальнометрдин жардамы менен алыста турган даракка чейинки аралыкты аныкташ үчүн колду алдыга созуп көздүн тушуна кармоо керек. Анын ачык жеринен дарактын сөлөкөтү даана көрүнгөнчө оңго же солго жылдырыш керек. Ченеп жаткан адамдын буту ачык оюктун төмөнкү четинде болууга тийиш. Четине тийип турган буттун төмөн жагында байкоо жүргүзүп жаткан адамдын алыстыктагы даракка чейинки аралыкты көрсөткөн сандар жайгашкан. Демек, дарак менен ченеген адамдын ортосундагы аралык 80 мди көрсөтөт. ## Алтын Казык жылдызынын жардамы менен Түндүктү аныктоо. Түнкүсүн (ачык асман астында) Алтын Казык жылдызын төмөндөгүдөй аныктаса болот. Чоң Жетиген жылдызынын оң жагындагы эки четки жылдыздын ортосундагы аралыкты жогору карай беш жолу өлчөгөндө болжолдуу сызык Алтын Казык жылдызына барып такалат. Ал Кичи Жетигендин куйрук жагындагы акыркы жылдыз болуп эсептелет. Алтын Казык жылдызы түндүктө жайгашкандыктан анын жардамы менен түндүктү аныктоого болот. Жер бетине багыт жасоо адамдын жашоосу үчүн эң зарыл болуп эсептелет. Кемеде же самолётто багытталуу сөзсүз керектелет. Саякатка жана экскурсияга чыкканда, жер шарын окуп-үйрөнүүдө чоң роль ойнойт.

Use Quizgecko on...
Browser
Browser