С.Эралиевтин Өмүр Таржымалы PDF

Summary

Бул документ кыргыз акыны С.Эралиевдин өмүр таржымалы. Биогрфияда акындын жашоосу, чыгармачылыгы, жарыяланган ырлары жана сыйлыктары жөнүндө маалыматтар бар. Чернобыль авариясы тууралуу ырларына да баса белгиленет.

Full Transcript

Өмүр таржымаалы Сүйүнбай Эралиев 1940-жылы орто мектепти бүтүргөн. С.Эралиев өзүнүн бала чагы тууралуу мындай деп эскерет: \"1921-жылы 15-октябрда Тегерек деп аталган бийик чокулуу өрөөндө жарыкка келипмин, анда боз үйдө олтурчу экенбиз. Айылдын аты - Үч-Эмчек, Кыргыз ССРи, Талас району. Айылдын...

Өмүр таржымаалы Сүйүнбай Эралиев 1940-жылы орто мектепти бүтүргөн. С.Эралиев өзүнүн бала чагы тууралуу мындай деп эскерет: \"1921-жылы 15-октябрда Тегерек деп аталган бийик чокулуу өрөөндө жарыкка келипмин, анда боз үйдө олтурчу экенбиз. Айылдын аты - Үч-Эмчек, Кыргыз ССРи, Талас району. Айылдын күн батыш жагында анын көркүнө көрк кошуп, кадимки кур курчагансып, кийин мен ырларымда ырдаган өзүнчө бир кооз Кур-Таш бөксө тоосу турат. Апам Разия өтө адептүү, башкага эмес, өз балдарына өйдө карабаган мүнөзү жумшак, алпейим киши эле. Атам Эралы дагы ошондой эле жөнөкөй колхозчу, бирин-эки жылкысы, уй-кою бар, өз оокатына камкор болчу. Негизги кесиби - саяпкерлик. Күлүк аттарды таптап, чоң мелдештерге байгеден чыгарып, ошол чөлкөмдө бир топ кадыр-барктуу эле. Бирок мен таятам Орозбай молдонун колунда чоңойдум. Ал жинди оору менен ооруган адамдарга чейин айыктырган дарыгер, анан дагы кол ойнотуп комуз черткен, кезинде атактуу Атайга күү үйрөткөн чоң комузчу эле. Атайдын таятамдыкында эки жылча жүрүп сабак алганын айыл аксакалдары кийин дагы көпкө чейин айтып жүрүшчү,\" - деп Сүйүнбай акын 2012-жылы 3-майда \"Де Факто Archived 2017-06-08 at the Wayback Machine\" гезитине маек курган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында 1942--1944-жж. согушка катышып, оор жарадар болгон. 1944--1951-жж. Талас облустук «Лениндик туу» гезитинин жооптуу катчы, «Кыргызстан пионери» гезитинин жооптуу редактору, 1959--1965-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы, 1965--1967-жж. Москвадагы Жогорку адабияттык курстарда угуучу, 1967--1984-жж. Жазуучулар союзунун башкармалыгынын адабий кеңешчиси, 1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун кыргыз акындарынын ассоциациясынын президенти болгон. Ырлары 1939-жылдан жарыялана баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Биринчи жаңырык» деген ат менен 1949-жылы жарык көргөн. С.Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган «Жылдыздарга саякат» поэмасында чеберчилик менен пайдаланган. Акын У.Уитмендин, Р.Тагордун, М.Турсун-Заденин А.Твардовскийдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. С.Эралиевдин чыгармалары көп тилдерге которулуп, «Жылдыздарга саякат» поэмасы 1967-жылы Югославияда басылып чыккан. Наамдары. Сыйлыктары 1948-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1974-жылдан «Кыргызстандын Эл акыны». 1981-жылы акын А.А.Фадеев атындагы бүткүлсоюздук адабий сыйлыкка татыктуу болгон. 1986-жылы «Кыштак кечтери» аттуу китеби үчүн (1985-жылы басылып чыккан) Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгын алган. 1998-жылы Казакстандын адабият жана өнөр тармагындагы Эл аралык Жамбыл атындагы сыйлыгы ыйгарылган. 2000-жылы кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын «Алтын көпир» аттуу Эл аралык сыйлыгы берилген. «Элдердин достугу» ордени; Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени; III жана I даражадагы Манас ордендери Ардак грамоталар жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2006-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген ардак наам берилген. СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. КЕСИР ИНСАН Ооба, адамзат XX кылымда илим, билим жагынан мурда болуп көрбөгөндөй бийиктикке көтөрлдү. Илимий-техникалык революциянын жаңы секириктери бүт дүйнөнү таң калтырды. Космоско адам учту, учканда да топ-тобу менен учуп, көп айлар бою космосту, жерди изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Мурда пайда болгон атом куралынан алда канча күчтүү куралдар жаралууда. Адам баласы эми акылга келбесе, ошол куралдар колдонула турган согуштук кырдаал түзүлсө, адамдар тып-тыйпыл кырылып, атүгүл жер планетасы өзүнүн огунан чыгып, метеорит сыяктуу күйүп кете турган абалга да келип жеттик. Чернобыль авариясында айлана-чөйрөгө тараган нур оорусуна кабылтуучу уу заттардын жел, шамал менен ырааккы жерлерге чейин жетип, айлана-чөйрөнү (чөптү, сууну, абаны, бардык предметтерди, жандуу организмдерди) уулап, нур оорусуна чалдыктырып кыйнап өлтүрүшүн бүткүл адамзат өз көздөрү менен көрдү. АЭСтен агытылган жырткыч окшоп, Ал кезде сайран салып Атом жүрдү - деп элестетти аны С. Эралиев, поэмасынын баш жагында. Анан акын Чернобыль атом электростанциясындагы авариянын ажал бүрккөн күчүн мындайча сүрөттөдү: Мында тек төгүлбөйт кан. атылбайт ок, Бетме-бет келип турган душман да жок. Сен аны жерден күтсөң, көктө жүрөт, Сен аны тыштан күтсөң, үйгө кирет. Ал - өлүм, синип алган соккон желге. Ал чөптө, сууда, ташта - бардык жерде. Ырасында да, Чернобыль алааматы болгон кезде ал аварияны токтотуп, жарылган агрегатты кайра ондоп, мурдагы калыбына келтириш үчүн адамдардын, адистердин кара жанынан кечип, шумдуктай эрдик менен күрөш жүргүзгөндөрүн, ал жерде жашоочу элди бүт бойдон башка жакка көчүрүп, эч бир буюмга кол тийгизбей, үйдөн эч нерсени алдырбай, кой, эчки, уй, жылкы, иттерди турган жеринде өлтүрүп, көөмп, өрттөп, адамдарды, адегенде бүт чечиндирип, башка таэа кийим кийгизип, анан поездге түшүрүп алып кетип жатканын радиодон угуп, телевизордон көрүп, гезиттерден окуп жатканыбызды кантип унуталык\... С. Эралиевдин поэмасында авариянын кыйраткыч күчүн конкреттүүрөөк, тагыраак ачып, адамдар кандай күнгө дуушар болгонун даана элестетүүгө аракет кылган. Ушул максатта Чернобыль атом электростанциясынан качып жолдо келатканда лирикалык каармандын дуушар болгон абалын акын мындайча элестетет: Күн аптап, келем суусап, каным катып, Жанымда тең жарыша аккан дайра. Кангыча жутсам деймин, кулап жатып, А кокус ажал болсо?.., - Качам кайра. Ар жагым, бер жагымда алча батпайт Тизилип сабагында мөмөлөрү Алар - уу. Аларды эми адам татпайт, Ачык иш - жылда бышып жөн өлөрү. Анан да гүлдөр батпайт - жашыл, кызыл, Уккаксыйм: «Кел, кайрыла кет?» - дешкенин. Же күлө карашканын, көзүн кысып, А мага күнөө өндөнөт - беттешкеним. Жададым\... Кагылайын, о, тууган жер, Мен эми сенден безип барам кайда? Мейли эле жылдыздан жер табылса эгер, Бирок жок\... Барбы башка табар айла? Чынында да космосто, жылдыздар дуйнөсүндө жердегидей жашоо бар экендиги жөнүндө азырынча илимий маалыматтар жок. Андай болгондон кийин жерден башка барып баш калкалар планета деген жок. А жер болсо, биз үчүн жалгыз\... бирөө гана\... Ал эми, Жер планетасында Чернобылдагыдай жашоого мүмкүн болбогон абал түзүлсө, анда адамдардын көргөн күнү не болмок? Бул суроого С. Эралиев поэмада эки-үч адамдын көргөн күнүн, турган турпатын, образын аз болсо да конкреттүү сүрөттөп көрсөтүү мекен жооп берген. Авария учурунда атомдук ууга чалдыккан оорулуу адамдар менен акын ооруканага кирип жолугушат. Биринчи палатада жаткан өрт өчүргүч Владимир Михайлов чынында илимдин адамы, атом электростанциясындагы аварияны токтотуунун жолун билген адис. Ал өзүнүн денесине сиңирилген алты жүз рентгендик нур бар экенин, эч качан айыгууга мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөт. Ошондой көп өлчөмдө ууланган Михайлов бир эсине келип, бир эсин жоготуп жөөлүп жатса да, энесин эстеп, аны бир көрүп калууну ойлоп, үйүнө кетүүгө уруксат сурайт. Башкалардын өмүрүн сактап калуу үчүн өзүн курман кылып, аварияны токтотууга башын байлап кирген илимпоз адис Владимир Михайловдун образы көп адамдарды ойлонтот. Анткени, ал илимдин жетишкендигинин ушундай зыяны кимге керек деген маселени күн тартибине курч коюп отурат. Экинчи палатадагы аппаратчы кызматында жүрүп ууланган Виктор Соколовдун абалы Михайловдукунан да оор. Сестра менен болгон маегинде ал аялы бар экенин, ал кош бойлуу болуп калганын эскертип, бирок баланын төрөлүшүнүн эртеңи күңүрт экенин ойлоп, кыжаалат болот. Сестра кетери менен турам деп көзү караңгылап керебетинен кулап, көпкө жатып, анан кайра эптеп туруп, жарыкты көргүсү келип, тамдын боорун кармалап терезеге жетип, сырттагы кең дүйнөгө, жаратылышка, кыймыл-тиричиликке көз чаптырып, кайра эси оой турган болгондо эптеп керебетине келип жыгылган Соколов, кирип келип ал сураган башкы врачка бир өтүнүч менен кайрылат. Кечириниз, Сизден менин өтүнүчүм: Мага дары беришпесин\... айтсаныз? Аны айыгып кетчүүлөргө беришсин. А мен болсом\... Турасыз да сиз өзүңүз түшүнүп. Кандай аянычтуу, кандай чечкиндүү өтүнүч! Атом менен эпсиз ууланган өмүрдөн биротоло үмүт үзүп, аз убакыт болсо да башкалар жөнүндө кам көргөн өтүнүч! Эмне деген эрдик?! Ал эми үчүнчү палатага киргендер трагедиянын үстүнөн чыгат. Өрт өчүргүч Кузьменконун үзүлүп кеткенине он минутча гана болгондугу эскертилет. Кыйналып жаны чыга албай жатканда да Кузьменконун бир кын этип койбой көз жумганын айтып, сестра кыз таң калат. Столдо турган кагазды карашса, ал Куэьменконун сүйгөн кызына жазган каты экен. Турмуштун эч нерсесин көрө элек жапжаш жигит Кузьменконун ченемсиз эрдигин адамдарга от алып берип, өзү өлүм жазасына кабылган Прометейдин эрдигине салыштырат акын. Чернобыль аймагындагы адамдардын баарын тен башка жакка көчүрүп жатканда Пелагея деген бир кемпир: «өлсөм өлөм, бирок барбайм эч кайда!» - деп, эч кимге таптырбай, жер кепенин бир коңулуна кирип жашынып жатып алат. Акыры издеп жүрүшүп кемпирди бир жумадан кийин араң табышат. Бирок кемпир «эч жакка кетпейм» - деп, такыр болбой койгон сон, аны зордоп көчүрмөкчү болушат. Ошондо айласы кеткен Пелагея макул экенин билдирет. Берилбесин билип убак көп буга, Боздоп ыйлап үйүн чыкты айланып. Жетип барып, маңдайынан өптү да, Агытты итин турган ары байланып. Кайда көчөт? Жакын жерге? Алыска? Кайра экинчи кайрылбасын түшүнөт. Болбойт үйдөн буюм-тайым алышка Короо-жайга жүгүндү да үч ирет. Жөнөй берип\... Үй-бүлөдөн өзү эле Бир жыл ашкан, абышкадан айрылган. Эки бирдей уулу - кара көзү эле, Жоого аттанып, жок кайтара кайрылган. Бир үйдө коколой жалгыз башы калган Пелагея үчүн өз үй, өлөң төшөгүнөн ажыроо баарынан кыйын азап эле. Өзгөчө өмүрүндө көп эч жакка чыкпай, өз айылында эле күн өткөргөн эски адамдар үчүн туулуп-өскөн, күн көрүп турган жеринен ажыроо эки жакта көп жүрүп башка жерлерге көнө түшкөн жаш адамдарга караганда он эсе, жүз эсе кыйын кыстоо болчу. Эгер мекенди сүйүү өз туулган жериңди сүйүүдөн башталса, анда ошол сезимге зордук кылып, боор этин менен бирге жуурулушкан жериңен ажыратып сыздатып жаткан күч кайсы? Мурда мындай күчтөр дайыма баскынчы душмандар болор эле. Азырчы? Азыр андай күч эч ок атпай, талкалап кыйратпай туруп эле өпкө-жүрөгүңө кол салган атом болуп жатпайбы. Мына ушул чындыкты так түшүнүүгө С. Эралиевдин бул поэмасынын көмөкчү болорун эстегенде чыгарманын күчтүү тарбиялык мааниси кашкайып көрүнө калары бышык. Адам баласы өз акылы менен тапкан илимий табылгасын өз турмушуна туура пайдалана алышы зарыл, эч убакта Чернобылдагыдай кайдыгерликке, жоопкерсиздикке жол бербей, согушуу деген түшүнүктү эстен чыгарып, атом, водород, ядролук, химиялык куралдарды биротоло жок кылып, жаратылышты аздектеп, бирин-бири урматташып, тынч жашоого үйрөнүшү керек. Поэмадагы негизги өзөктүк идея, башкы тыянак мына ушул. Поэманын аталышы да ушул ойго тыгыз байланышкан. Инсан өзүнө өзү кесир кылбашы керек. Өзүнө өзү сын көз менен карап, өзүн өзү ачып, өзүндөгү оң сапаттарды улантып, байытып, улам жаңы бийиктиктерге умтулуп, аракеттенип, ал эми терс сапаттарын көрө билип, алардан арыла билип, дайыма өзүн сергек алып жүрүп, магдыроого, манчыркоого, кайдыгерликке, адамгерчиликсиздикке жол бербей, барга көппөй, жокко чөкпөй жүрсө гана адам эч убакта өзүнө да, элге да кесирлүү иш жасабайт экен. Чернобыль трагедиясы - бул адамдардын өзүнө өзү жасаган эч качан кечирүүгө мүмкүн болбогон кесирлүү иши болуп калды. Поэманын «Кесир инсан» деген атынын биз байкаган жандырмагы ушундай.

Use Quizgecko on...
Browser
Browser