Бата концепциясы кыргыз жана өзбек паремияларында (PDF)
Document Details
![MeritoriousWaterfall8196](https://quizgecko.com/images/avatars/avatar-17.webp)
Uploaded by MeritoriousWaterfall8196
Ош Технологиялык Университети
Надилбек кызы Бегимай
Tags
Summary
Бул макалада Кыргыз жана Өзбек тилдериндеги "бата" концепциясын изилдейт. Макалада батанын табияты, түшүнүгү жана кыргыз тилиндеги бата түшүнүгүнүн тарыхый, маданий жана психологиялык контексти каралат. Макалада батанын ар кандай жагын жана жөрөлгөлөрүн иликтөөгө багытталган.
Full Transcript
Б.Р.Р. **УДК 800.853** ***Надилбек кызы Бегимай*** ***bnadilbekkyzy\@gmail.com*** *0772925262* *Ош технологиялык университетинин* *окутуучусу, Кыргыз Республикасы* ***" БАТА КОНЦЕПТИНИН КЫРГЫЗ ЖАНА ӨЗБЕК ПАРЕМИЯЛАРЫНДА ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ*** ***"*** ***Макалада изилдөөнүн предмети болуп, бата жөн...
Б.Р.Р. **УДК 800.853** ***Надилбек кызы Бегимай*** ***bnadilbekkyzy\@gmail.com*** *0772925262* *Ош технологиялык университетинин* *окутуучусу, Кыргыз Республикасы* ***" БАТА КОНЦЕПТИНИН КЫРГЫЗ ЖАНА ӨЗБЕК ПАРЕМИЯЛАРЫНДА ЧАГЫЛДЫРЫЛЫШЫ*** ***"*** ***Макалада изилдөөнүн предмети болуп, бата жөнүндө каралат. Мында кыргыз жана ъзбек тилдеринде батанын табияты, бата түшүнүгү берилген. Изилдөөнүн максаты катары кыргыз тилинде "бата" түшүнүгүнүн берилиши, илимпоздордун көз караштарын берүү болуп эсептелинет. Изилдөөдө баяндап жазуу методу колдонулган. Кыргыз тилинде бата түшүнүгүнүн кеңири аныкталбагандыгы бул макаланын актуалдуулугун айгинелейт. Кыргыз турмушунда батанын психологиялык жана идеологиялык жагы гана эмес, негизинен пенделик ролу абдан жогору болгондугу. Макалада бата түшүнүгү, жана касиети, орду боюнча маалымат, мисалдар берилип, этималогиясы чечмеленди.*** **Ачкыч сөздөр: бата, ак бата ,жылуу сөздөр, алкыш,Умай эне, рухий күч, батпарачтар, салт, жөрөлгө.** ***Nadilbek kyzy Begimay*** ***Abstract*** ***Key words:* blessing, white blessing, warm words, Umai ene, spiritual power, angels, tradition, ritual.** **Киришүү.** Макалабызда «Бата» боюнча анын изилденишине, окумуштуулардын айрым пикирлерине чакан сересеп салабыз. Батаны оозеки чыгармачылыктын жанры катары, ата-бабалардан бери келе жаткан элдик накыл сөз казынасы экенин белгилөө максатында, кийинки муунга өткөрүп берүүгө аракет кылдык. Батанын негизги предмети --жылуу сөздөр. Бул макаланын **илимий жаңылыгы** бата боюнча кыргыз тилинин тил теориясында биринчи жолу илимий негизде изилдениши болуп саналат. «Бата» арапча بركة «фатиха» сөзүнөн алынып «баштоочу», «ачылыш», «башталыш» деген маанини туюндурат. Өтмө мааниде кайсы бир иш-аракет башталарда же аяктаганда айтыла турган жылуу сөздөр. "Бата да, эч кандай лирикалуу ыр болуп кетпейт, чын дилден бата берилет, а жаразаманда үн коштолуп, ырдалат, шаң менен шөкөттөлөт. Биздин ата-бабаларыбыз тээ эзелтеден эле батага бекем ишенип келген, анын күчү жоголо элек" \[КУУ.Н.Б\]. Батаны берүү жөрөлгөсү болгон: 1. Батаны ким эмнеге муктаж экенин билип бата берген; 2. Жаш курагына жараша бата берген; 3. Жынысына карап, бата берген: 4. Кырдаалга жараша бата берген; 5. Суранганына карап, бата берген; 6. Элдин атынан бара жаткан жумушка бата берген; 7. Мекенине салым кошуп, элдин алкышына алынганда бата берген. "Бата алып жатканда, адам ичинен башка тилектерин кошо айтып суранып, бата алат. Мисалы ооруп жаткан болсо ден соолук сурап, балалуу болбосо, бала сурап, иши жүрүшпөй жатса, иштин илгерилешин сурап ошондой эле бак, дөөлөт, бакыт, кубаныч, ырыскы, береке, оомат, жакшылык, аброй, билим ж.б көптөгөн тилектерин айтып бата алышкан. Экөө эриш аркак жүр\\п, бири-бирин толуктап турат" \[КУУ.Н.Б\]. "Алгач, адам бир нерсени каалайт анан аны тилеп, тилегин айтып, Кудайдан сурайт, ага бата берилген соң тилеги ишке ашып, орундалат. Бата алдым деп бекем ишеним, адамга "нур", энергия тартуулайт, кубаттанат. Демек, бул эки компонент эриш-аркак толуктайт". \[КУУ.Н.Б\]. \...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\...\.... 2-макала