Kyrgyz National Sport: Ulak Tartysh PDF
Document Details
Uploaded by UnlimitedThallium
Tags
Summary
This document describes the Kyrgyz national sport, Ulak Tartysh. It outlines the rules and history of the activity. The document also includes questions for readers to answer and a list of related vocabulary.
Full Transcript
**Сөз өстүрүү: Улак тартыш** Текстти окугула, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. **Улак тартыш, көк бөрү** -- [[кыргыздын улуттук ат оюну]](https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7_%D1%83%D0%BB%D1%83%D1%82%D1%82%D1%83%D0%BA_%D0%BE%D1%8E%D0%BD%D0%B4%D0%B0%D1%80%D1%8B). Улак тар...
**Сөз өстүрүү: Улак тартыш** Текстти окугула, түшүнгөнүңөрдү айтып бергиле. **Улак тартыш, көк бөрү** -- [[кыргыздын улуттук ат оюну]](https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9A%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7_%D1%83%D0%BB%D1%83%D1%82%D1%82%D1%83%D0%BA_%D0%BE%D1%8E%D0%BD%D0%B4%D0%B0%D1%80%D1%8B). Улак тартыш илгертен бери чоң салтанаттарда, майрамдарда, аш-тойлордо өткөрүлгөн. Татаал, коркунучтуу, кокустуктары көп оюн болгондуктан атаандаштардын ортосунда кадыр-барктуу, тажрыйбалуу кишилерден бокобулдарды (калыстарды) дайындашып, ошолордун чечими боюнча оюн өткөрүлгөн.\ [Улак] же [серкени] мууздап, баш, шыйрагын кесип салып, ичинин кичине жерин жиреп, ичеги-карынын да алып салып, кесилген жер менен мууздоосун бекем тигет. Атаандаштар эки тарапка (ата, айыл, аймак боюнча) бөлүнүшүп, жакшы аттарга минишет. Бөлүнгөн жааттар бирдей санда (3, 5, 7) оюнчуларды чыгарышат. Оюндун негизги максаты жерге ташталган улакты эңип алып, атаандаштарга тарттырбастан белгиленген марага алып келип таштоо керек. Айрым учурда кичирээк [торпок] да тартылып, аны торпок тартуу деп аташат.\ [[Оюнга]](https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9E%D1%8E%D0%BD) жашы 19дан жогорку эркектер катыша алышат. Топтор 2---4 кишиден түзүлөт. - **? Суроолорго жооп бергиле.** 1. **Кыргыз элинин кайсы улуттук оюндарын билесиңер?** 2. **Улак тартыш оюну кантип, качан ойнолот?** 3. **Бул оюнга кимдер катышат?** 4. **Оюндун шарты кандай?** - **Өзүңөр билген кыргыз элинин улуттук оюндары жөнүндө жазып, айтып бергиле.** \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ - **! Төмөнкү сөздөрдү туура окуп, жаттагыла.** **улак тартыш** **байыркы оюн** **талашып, тартышуу** **тыюу салуу** **күйөрмандар** **упай**