Апыртмалар презентациясы PDF

Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...
Loading...

Summary

Бул презентацияда апыртмалардын мааниси, түрлөрү жана окуучулар үчүн мааниси айтылган. Анын сезимдүүлүктү, фантазияны жана ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жардам берери белгиленген.

Full Transcript

# Тема: Апыртмалар ## Сабактын максаты - Окуучуларга апыртмалардын маанисин түшүндүрүү - Калп менен чындыкты айырмалай билүүгө тарбиялоо - Көркөм элестетүүсүн, ой жүгүртүүсүн, фантазиясын байытуу ## Балдар үчүн эң кызыктуу жанрлардын бири апыртмалар. Мунун синоними - калптар. Анын максаты - адамды...

# Тема: Апыртмалар ## Сабактын максаты - Окуучуларга апыртмалардын маанисин түшүндүрүү - Калп менен чындыкты айырмалай билүүгө тарбиялоо - Көркөм элестетүүсүн, ой жүгүртүүсүн, фантазиясын байытуу ## Балдар үчүн эң кызыктуу жанрлардын бири апыртмалар. Мунун синоними - калптар. Анын максаты - адамдын сезимине көркөм элес калтыруу менен ой-жугуртуусун, фантазиясына, кыял чабытын байытуу болуп саналат. ## Мында айтылгандардын бардыгы турмуштун чындыгына дал келбейт, бирок анын максаты калп айтууга үйрөтүү эмес. "Акылын болсо андап бил, эсин болсо эптеп бил" деген накыл кептей калптан чындыкты айырмалоого, жалгандан туурасын ажыратып таанууга үйрөтөт. ## Апыртманын өзүнө тиешелүү сүрөттөө ыкмасы жана каражаттары болот. Анын поэтикалык ажарын *гипербола* менен *литота* эң сонун ачып берет. Анда жанытма түрүндө берилген оң-терс образдар дагы учурайт. ## Үлгүлөрү: 1. Өз атам туула электе, чон атамдын жылкысын кайтардым. Тууй элек бээни саап, тиге элек сабага куюп ичпей мас болдум. 2. Бир үч арык туруптур. Экоо кургак, бирөөнүн суусу жок. Үч арыкта үч балык бар экен. Экоо өлүк, бирөөнүн жаны жок. Кайырмаксыз кармап алып карасам, журоктой үйдөн жүлүндөн түтүн чыгат. 3. Барсам үч очок туруптур, бирөөнүн оту жок, экөө күйбөйт. Балыктарды табагы жок бышырып, жебей тоюп алдым. 4. Жайлоого чыгарда жалгыз атым бар эле. Жоор болду. Былтыркы коон айдаган жер бекен? Биле албадым. Балчыкты аттын жооруна сыйпадым. Атты жайлоого коё бердим Эки жарым айдан кийин барсам, эки жагына эки коон бышып калыптыр. Көргөн сонунум ошол.

Use Quizgecko on...
Browser
Browser