3-КЛАСС ҮЧҮН ТАРБИЯЛЫК САБАКТАР PDF
Document Details
Uploaded by CongenialMiami
Tags
Summary
Бул документ 3-класстагы укуктар жөнүндө тарбиялык сабактардын темалык планын камтыйт. Сабактарда ичи тардык, көрө албастык, кара ниеттик, оройлук, одонолук, ыксыз күлкү жана калп айтуу сыяктуу терс сапаттардан арылуу жөнүндө маалымат берилген. Окуучулар текст менен таанышып, талкуу жүргүзүшөт жана үй тапшырмаларын аткарют.
Full Transcript
3-КЛАСС ҮЧҮН ТАРБИЯЛЫК САБАКТАР ~1~ №1 сабак ИЧИ ТАРДЫК, КѲРѲ АЛБАСТЫК, КАРА НИЕТТИК Сабактын максаты: Окуучулар ичи тардык, көрө албастык, кара ниеттик сапаттар жөнүндө билишет. Мындай сапаттардан алыс б...
3-КЛАСС ҮЧҮН ТАРБИЯЛЫК САБАКТАР ~1~ №1 сабак ИЧИ ТАРДЫК, КѲРѲ АЛБАСТЫК, КАРА НИЕТТИК Сабактын максаты: Окуучулар ичи тардык, көрө албастык, кара ниеттик сапаттар жөнүндө билишет. Мындай сапаттардан алыс болууга аракеттенишет. Сабактын жабдылышы: Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б. Сабактын жүрүшү: 1-кадам: Мугалимдин баяндамасы. Окуучум, ичи тардык, кѳрѳ албастык, кара ниеттик адам дилине, ыйманына туура келбеген терс сапат экендиги сага маалым. Биздин ата-бабаларыбыз дагы бул сапаттардын инсан тагдырына коогалаң түшүрѳѳрү жѳнүндѳ оозеки чыгармачылыгында баса белгилеп кетишкен. “Ичине кара таруу айланбаган” деген далилдүү сѳз аркылуу ичи тардык менен кѳрѳ албастык сапаттын табиятын ачып беришкен. Ичи тар адам эч качан бирѳѳнүн жакшылыгына кубанбайт, кубанычына ортоктош болбойт. Тескерисинче ошол нерселер ѳзүндѳ болбогонуна ичи тарып, жанын коерго жер таппайт. Бул – жийиркеничтүү, эң жаман сапат. Кара ниет адамдын дилинде бирѳѳгѳ жакшылык кылуу, боорукерлик, айкѳлдүк сапаттардын бири да жок. Дилинде башкаларга болгон жаман ой гана уялап калган. Адамдар мындай сапаттарды жек кѳрүшѳт. Окуучум, сен да мындай жамандалган сапаттардан оолак бол. Эч качан бирѳѳнүн ийгилигине ичиңди тарытпа, кайра кошо сүйүн. Байлыгына кѳз артып, кара ниеттикке жол койбо. Ошондо гана сен таза дилдүү инсан болуп жетилесиң. 2-кадам: Окуучулар текст менен таанышышат. Класста талкуулашат. Кара ниеттиктин жазасы Бир жолоочу алыс сапарда жүрдү. Анын жанында он миң сом алтын акча салынган баштыгы бар эле. Бир күнү ал жолоочу күн батып, караңгы түшѳ баштаган чакта бир кыштакка келип түштү. Кеч кирип кеткендиктен аны орто жаштыгы бир адам үйүнѳ таклип кылды. Үйүнѳ алып барып, колдо бар тамагын жайнатты. Жатаар маалда: -Урматтуу мейман, сиз түндү ушул үйдѳ ѳткѳрѳсүз. Эгер жаныңызда алтын же башка буюмдарыңыз болсо мага берип коюңуз, кокусунан уурулар сизде алтын бар экендигин сезип калышса, капилет зыян кылып коюшпасын,- дейт. Жолоочу баштыгын ага берет. Бир оокумда баштыгын берип коюп кыжаалат болгон жолоочу: -Урматтуу жолдош, мен ѳтѳ эртелеп жолго чыгам! Сиздерди ойготуп, тынчыңызды алгым келбейт, баштыгымды ѳзүмѳ эле алып келип берсеңиз, - деп ѳтүнѳт. Ал адам ошол замат баштыгын алып келип берет. Баштыктын буугучу чечилбептир, мѳѳрү да жайында экен. Ошентсе да баштыктагы акчаларын бир сыйра санап чыкты, баары түгѳл экен. Ал адамдын ак ~2~ ниеттүү, адал жүрѳк, аманатка кыянаттык кылбай турган бир жан экендигине ишенди. Бир аз убакыт ѳткѳндѳн кийин эрди-кандын ортосундагы жаңжалды угуп, тыңшап калды. Аялы күйѳѳсүнѳ опурула мындай деп жатыптыр: -Кызык мүнѳз, наадан адам экенсиң. Ѳзү келип турган байлыкты колдон чыгарып олтурасың. Мунун кѳзүн тазалап, ошончо алтынды алып калалы. Алардын сѳздѳрүн угуп, коркуп, тезинен баштыгын алып бѳлмѳнүн тушунда жайгашкан чоң дарактын башына чыгып жашынып калат. Алардын 20 жаштагы уулу аракты кѳп ичет экен. Ошол күнү да аябай мас болуп келип, жолоочу жаткан орунга кулады. Күйѳѳсү уктагандан кийин аялы акырын ордунан турду. Бир чоң ташты кѳтѳрүп алып, баягы үйгѳ кирди. Үй караңгы болчу. Аял акырын басып баягы жолоочунун ордунда жаткан уулунун жанына келип, аны жолоочу деп ойлоп таш менен уруп калды. Уулу тил тартпай жан берди. Аял анын баштыгын издеп таба албай, күйѳѳсүн ойготту. -Мусаапырды ѳлтүрдүм, таң ата электе аны жок кыл. Анан кийин баштыгын издеп табалы, - деди. Күйѳѳсү ордунан ыргып турду да аялын каттуу урушуп, аны менен кошо уулу жаткан бѳлмѳгѳ киришти. Чырак жандырып карашты. Ал жолоочу эмес эле ѳзүнүн уулу экендигин кѳрүп аял чачын жулуп ыйлай баштады. Бул кайгылуу мүшкүлдү кѳргѳн күйѳѳсү: -Кара ниеттиктин жазасы ушул болот. Күнѳѳсүз бир адам үчүн дар курдуң эле, ѳзүң асылдың, эми кокуйлаганың менен эч пайда бербейт, - деди. Аял ѳзүн тыткылап ыйлады, акырында кайгысына чыдай албай кѳз жумду. Үй ээси жолоочуну издей баштады. Ал дарактан түшүп анын жанына басып келди. -Урматтуу мейман, - деди ал,- ушундай мүшкүл окуянын кесепетинен сенин алыңдан кабар алабадым, кечирип койгун. Түндѳ башка жерге жашырынып жакшы кылган экенсиң. Болбосо кара ниет аялым же уулум сени мертинтип коймок. Суроолор: 1. Ичи тардык, кѳрѳ албастык дегенди кандайча түшүндүң, мындай сапаттардан арылуунун жолу барбы? 2. Кара ниеттиктин акыры эмне менен бүтѳт? 3. Жолоочу кара ниеттикти кантип байкап калды? 4. Үй ээси кандай абалда калды? 3-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат. Залкар ойлор Ичи тардан ийне атпайт. Ичи тардын иши тар. Кара ниеттин карды тойбойт, Кара ѳзгѳйдүн иши оңолбойт. ~3~ Ийгилик үстүндѳ пейилиңди тарытпа, Иш үстүндѳ кѳңүлүңдү иритпе. Эл оозунан Үйгө тапшырмалар: 1. Ичи тардык, кѳрѳ албастык, кара ниеттик жѳнүндѳгү кѳркѳм чыгармаларды таап окугула. 2. Залкар ойлорду класста талкуулагыла. ~4~ №2 сабак ОРОЙ-ОДОНОЛУК, ЫКСЫЗ – КҮЛКҮ АДЕПСИЗДИК Сабактын максаты: Окуучулар оройлук, одонолук, ыксыз күлкү адепсиздик сапаттар экендигин түшүнүшөт. Сабактын жабдылышы: Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б. Сабактын жүрүшү: 1-кадам: Мугалимдин баяндамасы. Адам баласынын адептүүлүгү сүйлѳгѳн сѳзүнѳн, баскан-турганынан, бирѳѳгѳ жасаган мамилесинен билинет. Элибизде сѳз бар эмеспи “Тарбиянын жакшысы – таалайдын ачкычы” деген. Демек, биздин жакшы тарбиябыз бактылуу, таалайлуу ѳмүр кечиришибизге ѳз таасирин тийгизээри талашсыз. “Жакшы сѳз жан эргитет, жаман сѳз жан кейитет” деген макалдын түпкү маңызы да ушул багытта. Ар дайым адамдарга сылык-сыпаа мамиле кылышыбыз керек. Оройлук, бирѳѳгѳ одоно мамиле жасоо, корс тийүү - бул тарбиясыздыктын, адепсиздиктин белгиси. “Кѳйнѳктүн кирин жууса кетет, кѳңүлдүн кирин айтса кетет” дегендей, адам кѳңүлү ѳтѳ назик, аны одоно мамиле, орой адам оорутуп алат. Зѳѳкүрлүктүн кесепетинен адам мүнѳзү жабыркайт, жек кѳрүүнү пайда кылат. Орой, корс адам бирѳѳлѳр менен жакшы мамиле түзѳ албайт, анткени анын чорт мүнѳзү ѳз таасирин тийгизет. Ыксыз күлүү да ушундай терс сапаттардын катарында. Элибизде “Күлкү - ден соолуктун мүлкү” деген сѳз бар. Туура мунун чындыгы бар. Анткени адам жайдары турмушта жашаса, кайгы тартпаса, ар дайым күлүп жүрсѳ ѳмүрү узун болот. Бирок күлкүнүн да чеги болуш керек. Чектен сырткары, ыксыз күлүү адепсиздик болуп саналат. Ѳзүңдѳн-ѳзүң эле, болбогон нерсеге күлѳ берсең айланаңдагылардын сын кѳзүн ойготосуң. Жек кѳрүү сезимин жаратып, ыңгайсыздык туудурасың. Кѳпчүлүк менен чогуу олтурганда эки адам эч качан биригип алып шыбырашып, каткырып күлѳ бербеш керек. Анткени жаныңдагы адамды сѳз кылып жаткандай туюлат. Кѳпчүлүктүн шектенүүсү ойгонот. Сага болгон сый урматы жоголот. Ошондуктан, окуучум, оройлуктан, ыксыз күлкүдѳн ѳзүңдү алыс карма. Сылык анан оор-басырыктуу бол. 2-кадам: Текст окулуп, талкууланат. Күлкүнүн кесепети Талгат кечинде бир туугандары менен апендинин жоруктарын айтып күлүп олтурушту. Отуруш аябай кызыды. Классташтарынын жоруктарын, дагы башка күлкүлүү окуяларды айтышып, кызыганынан уктап жаткан ата-энеси эстеринен чыгып кетти. Кѳп кабаттуу үйдѳ жашагандыктан кошуналарынын да уйкусу бузулду. Бир убакта эшикти каккылап кошунасы балдардын атасына арызданды. Балдарына ачуусу келген атасы кѳчѳгѳ чыгып күлүп келгиле деп сыртка чыгарып, эшикти ичинен жаап алды. ~5~ Кыштын күнү, түн бир маал алар суукка үшүп, бир чети коркуп күлкүнүн кесепетин аябай тартышты. Алар атасына экинчи ыксыз күлбѳгѳнгѳ сѳз беришти. Суроолор: 1.Орой адам менен мамиле түзүп кѳрдүң беле? 2.Кайсыл учурда күлүү керек экен? 3.Талгатты атасы эмне үчүн бир туугандары менен сыртка айдап чыкты? 3-кадам: Залкар ойлор талкууланат. Залкар ойлор Күлгѳндү билбесең ыржайба. Күлкү - ѳмүргѳ күлазык. Күлкүнүн да чеги болот, Күйүп калып жүрбѳгүн. Күлгѳндүн баары дос эмес, Урушкандын баары кас эмес. Орой уруш десе уугун, кериш десе керегесин ала чуркайт. Элден Үйгө тапшырмалар: 1.“Орой менен достошпо”, “Ыксыз күлүү - адепсиздик” деген темада ой толгоо жазгыла. 2.Залкар ойлорду талкуулагыла. ~6~ №3 сабак КАЛП АЙТУУ, ЖАЛАА ЖАБУУ, АЛДАМЧЫЛЫК Сабактын максаты: Окуучулар калп айтуу, жалаа жабуу, алдамчылык адепсиздик сапаттар экендигин түшүнөт. Сабактын жабдылышы: Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б. Сабактын жүрүшү: 1-кадам: Мугалимдин баяндамасы. “Калптын казаны кайнабайт”, “Калп айткан адам жарыбайт” деген макалдар калк арасында эбактан бери эле жашап келет. Бул макалдарда камтылган ой, калпычылыктын жаман сапат экендигин айгинелейт. Бала калпычылыкты кичинекей кезинен эле үйрѳнѳ баштайт. Себеби, кандайдыр бир туура эмес иш жасап, ата-энесинин урушунан коркуп калп сүйлѳйт. Ошентип бул сапат билинбей калыптана берет. Тѳмѳндѳгү окуя да ушуга байланыштуу. Бир күнү Болот менен Эрбол үйдѳ жалгыз калышты. Алардын апасы тойго кетти. Болот Эрболдон эки жаш улуу. Ал жети жашта. Эрбол экѳѳ таекеси сатып келип берген оюнчук “КАМАЗ” менен ойноп жатышкан. Болот аны сындырып алды. Апасы тойдон келип, сынган оюнчукту кѳрүп, Болоттон: -Балам, оюнчукту ким сындырды? – деп сурады. Коркуп кеткен болот: -Эрбол сындырды – деп калп айтты. Апасы күлүмсүрѳп Эрболду кучагына алды да: -Эрболума тойдон момпосуй алып келдим, - деди. Ызасына чыдабаган Болот: -Эмне үчүн? Ал машинаны сындырып салбадыбы? Мен сындырбасам деле мага момпосуй бербейсизби? – деди. -Жок. Эрбол машинаны сындырганы үчүн момпосуй берем! – деди апасы. Апасынын бул сѳзүнѳ таң калган Болот: -Апаке, машинаны мен сындыргам. Мага момпосуй бериңизчи – деди. Апасы күлүп: -Мына, уулум! Калп баары бир билинип калат! Андыктан, калп айтпай жүргүн – деди. Кѳрдүңѳрбү балдар калп канчалык жашырба, баары бир билинип калат. Калп айтканга кѳнүкпѳ, чынчыл болууга аракет кыл. Алдамчылык менен жалаа жабуу да терс сапаттардан. Алдамчылык – жалган менен эриш аркак. Адамдардын бири-бирине болгон ишеничин кетирет. Адамдык сапаттын жоголушуна алып келет. Ал эми жалаа жабуу эң жийиркеничтүү сапат. Жабыркатат, жүрѳктү сыздатып адам турумушун жагымсыз нукка бурат. Алдамчы, жалаакор адамдарды жек кѳрѳлү, ѳзүбүдѳн бул сапаттарды алыс айдайлы. Ак, ар нерсеге так жүрѳлү. 2-кадам: Окуучулар текстти окуп, класста талкуулашат. ~7~ Калп айтуунун кесепети Досторум, силерге мектеп турмушунан кызыктуу бир окуяны айтып берүүнү чечтим. Мектепте окуп жүргѳнүбүздѳ мугалимдерибиздин үй тапшырмасын аткара албай калганда, ар кандай шылтоолорду айтып, аларды алдаганга аракет кылган окуучулар кѳп кездешет. Бир жолу мен да ошондой акыбалда калып, экинчи калп сүйлѳбѳс болдум. Мен анда 6-класста окуур элем. Биздин мектепте тартип катуу болчу. Бир күнү биология сабагынан Акылай эже биздин класска жан-жаныбарлар жѳнүндѳ кызыктуу сабак ѳтүп, андан соң бардыгыбызга кийинки аптада курт-кумурска, ѳсүмдүктѳрдѳн гербарий жасап келүүбүздү үй тапшырма катары берди. Эгер аны аткарбасак аябастан туруп, дароо “2” кое турганын да алдын ала эскертип койду. “Макул” деп сѳз бергенибиз менен кийинки аптага чейин кѳпчүлүгүбүз эжейдин тапшырмасын унутуп коюптурбуз. Бир эле Айсулуу деген эң жакшы бааларга окуган кыз эже айткан күнү эле кооз гүлдѳрдү, кѳпѳлѳктѳрдү кармап, аларды бир жумадан бери кургатып келиптир. Акылай эже Айсулууга ыраазы болуп, дароо “5” койду, а калгандарына жини келип “2” коюп салды. Эң коркунучтуусу ал күнү мектеп боюнча линейка бар болучу. Андыктан, мага кезек келгенде эжеге даярлап койгон гербарийимди үйгѳ унутуп койдум деген шылтоону айта салбасмынбы. Эже мага жинденген жок, жай гана “Андай болсо, үйүң жакын эле, 15 минуттун ичинде барып алып кел,” - деп сабактан бошотуп койду. Кызыктын баары ошондо башталды. Мектептен чыгаарым менен үйгѳ чуркап барып, бир кичинекей кагаз куту таап, анын ичине пахта салдым. Огороддон талаа чѳптѳрүн жана он чакты чегирткелерди кармап, кутунун ичиндеги пахтага жайгаштырып, шашылган бойдон мектепке кайттым. Акылай эже кутуну ачканда баягы менин чегирткелеримдин бардыгы секирип кетишти, а огороддон алынган чѳптѳр талаа чѳбүндѳй болбой эле бүрүшүп, соолуп калыптыр. Класстагы “2” алгандар да, “5” алгандар да, эжейим да менин жоругума боору катканча күлүштү. Ошондо биринчи жолу, жана башкалардан ѳзгѳчѳ айырмаланган “2” менен курдаштарымдын арасында уят болгом. Ушундай окуядан кийин үй тапшырмаларымды берилген күнү эле аткарууга, эч кимге калп сүйлѳбѳгѳнгѳ ѳзүмѳ-ѳзүм сѳз бердим. Суроолор: 1. Эмне үчүн адамдар калп сүйлѳшѳт? 2. Сындырып койгон машинаны Болот эмне үчүн инисине тѳңкѳдү? 3. Калп айткан окуучунун классташтарынын астындагы абалын кандай элестеттиң? 3-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат. Залкар ойлор Калпты чындай айтса, чындык чычая качат. Калпычы “ойноп айттым” дейт, Ууру “таап алдым” дейт. ~8~ Калп ырыс кесет. Калпычы киши элге ишенбейт. Жалган сѳз сени жарытпайт, Чындык сѳз сени карытпайт. Жалганчынын чын сѳзү жалганга тете. Элден Үйгө тапшырмалар: 1.Алдамчылык, жалаа жабуу жѳнүндѳгү жомокторду таап окугула, маанисин сүйлѳп бергиле. 2.Залкар ойлорду талкуулагыла. ~9~ №4 сабак КЫРГЫЗ ЭЛИ – ЖАРАТМАН КАЛК Сабактын максаты: Окуучулар кыргыз элинин жаратмандыгы, “Манас” эпосу жөнүндө маалымат алат. Сабактын жабдылышы: Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б. Сабактын жүрүшү: 1-кадам: Мугалимдин баяндамасы. Кылымдарды карыткан кыргыз эли канчалаган оош-кыйыш замандарды башынан ѳткѳрдү. Бүлүндү, талоонго учурады сайда саны, кумда изи калбай жок болуу коркунучунда да турду. Бирок ошентсе да ѳзүнүн улуулугун, нарк-насилин, салт-санаасын, үрп-адатын жоготкон жок. Бар байлыгын тилинде сактап муундан муунга мурас кылып калтырып келди. Жѳѳ жомоктору, макал-лакаптары, учкул сѳздѳрү, кенже эпостору, кошоктору, сезим козгогон ырлары ѳзүнүн кунун, сынын жоготпой биздин муунга жетти. Башкасын коюп “Манасты” айт дейт элибиз. Миллиондогон сап “Манас” эпосун эч жазуусу жок акыл эсинде туюнуп, оозеки айтып, сактап келишти. Бул касиет кыргыз улутунун улуулугун айгинелеп турат. Биз жаш муундар элибиздин ушул касиети менен сыймыктансак болот. ЮНЕСКО нун маалыматына караганда кыргыз эли оозеки чыгармачылыктын үлгүлѳрүнѳ ѳтѳ бай элдердин бири экендиги айтылат.Турмуш чындыгын кѳркѳм чагылдырган макалдарын байкап кѳрѳлүчү. “Жакшылыктын жарыгы ѳчпѳйт”, “алтын чирибейт, акыл азбайт”, “Ар ким ѳз пейилинен табат” ж.б. акылман айтылмалары эмне деген улуу философия. Ал эми “Манас” эпосуна тең келээр дүйнѳдѳ бир да эпос жок. Бул эпос манасчылык ѳнѳрдүн дарамети менен улам кѳркѳмдѳлүп, байып, толукталып бизге жетип олтурат. Бул уникалдуу ѳнѳрдү аркалаган чоң манасчыларга Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков ж.б. кошууга болот. Ѳнѳрдүн таасирдүүлүгүнѳн үч күн, үч түн тынымсыз “Манас” айткан күндѳрү да болгон экен манасчылардын. Манас эпосунда кыргыз элинин бүтүндѳй турмушу, салт-санаасы, элдик медицинасы, астрономиясы, адеп-ахлагы чагылдырылган. Кыргыз элинин энциклопедиясы десек да жаңылышпайбыз. Манасчылардын ал ѳнѳргѳ киришип калуусунун да ѳзүнчѳ сыры бар экендиги эл арасында аңыз болуп айтылып жүрѳт. Залкар манасчы Таланттуу манасчы Сагымбай Орозбаков чалкыган Ысыккѳлүбүздүн күңгѳйүндѳ туулган. Ал бала кезинен эле ырга шыктуу болгон. Тамаша ырларды чыгарып жүргѳн. 13 жашка келгенде, бир күнү таңга жуук түш кѳрѳт. Түшүндѳ Сагымбай талаада жѳѳ келе жаткан болот. Алдыда турган чоңдугу тоодой боз үйлѳрдүн бирине баш багып “Манас” айтып жаткан кишилерди кѳрѳт. Алардын бири Манастын туулушун, бири Кѳкѳтѳйдүн ашын, бири Чоңказатты айтып жаткан ~ 10 ~ болот. 25 жаштардагы карасур жигит Сагымбайды: “Сен да Манас айтасың, айтпасаң айбалта менен чабам”, - деп коркутат. Караса ал жигит Семетей болуп чыгат. Ушул түштѳн кийин Сагымбай “Манас” айта баштайт. Сагымбай “Манастын” үч бѳлүмүн, ал гана эмес “Семетейди” ѳзгѳчѳ берилип, зор берилүү менен эң кѳркѳм айткан. Сагымбай Манаска ат коюуну тѳмѳндѳгүдѳй ыр саптары менен айткан: “Карыганда бир перзент, Бай Жакып бала кѳрүптүр, Ат коюучу кези бар”… “…Бай Жакып баланы алыптыр, Этегине салыптыр, Элүү дилде – кызыл пул Колуна кармап салыптыр. “Ат коюңар!” - деп, айтып, Аксакал Жакып кеп айтып, Кѳптүн келди кашына. “Ат асмандан дечү эле, Жакшы ат коер бекен” – деп, Кѳзүн салып Бай Жакып Аяк менен башына. Суроолор: 1.“Манас” эпосу канча бѳлүмдѳн турат? 2.Кыргыздын кайсы эпосунан жатка үзүндү айта аласың? 3.Сагымбай Орозбаков кандайча Манас айтып калган? 4.Манасчылардан дагы кимдерди билесиң? 2-кадам: Залкар ойлорду талкуулашат. Залкар ойлор Кепке кемтик болгончо, кеп билгенди ала жүр. Кеп чынынан бузулбайт. Калкыма нарк болсун, уулума барк болсун. Балалуу ѳрдѳк кѳлүнѳн кетпейт, Баласы жакшы элинен кетпейт. Элден Үйгө тапшырмалар: 1.Элдик жѳѳ жомокторду таап окуп, маанисин айтып бергиле. 2.“Манас” эпосунан үзүндү жаттагыла. 3.Залкар ойлорду окуп талкуулагыла. 4.Эл оозунда айтылып жүргѳн макал-лакаптарды жыйнагыла. ~ 11 ~ №5 сабак ЭЛДИН ПЕЙИЛИ, СЫЙЧЫЛДЫГЫ, МЕЙМАНДОСТУГУ Сабактын максаты: Окуучулар кыргыз элинин пейили, сыйчылдыгы, меймандостугу тууралуу маалыматка ээ болот. Сабактын жабдылышы: Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б. Сабактын жүрүшү: 1-кадам: Мугалимдин баяндамасы. Кемер, кур, кесел ѳтүк ак калпагың, Кээ уулуң билбей жүрѳт анын баркын. Элиңе белги берип тааныштырган, Кийимиңден кагылайын кыргыз калкым. Үйүңѳ конок келсе жүзүң жарык, Кой сойуп сыйлай жүргѳн ата салтың. Кызытып кымыз берип, май жедирген, Пейлиңден кагылайын кыргыз калкым. Кыргыз эли кең пейил, сыйчыл, меймандос эл. “Конок үйдүн куту” деген нуска сѳздү бекем тутушуп, үйүнѳ келген конокту кой сойуп сыйламайынча кетирген эмес. Айттырбай келген кудайы конок үчүн да берер тамагы ар дайым белен болгон. “Үйгѳ канча бут кирсе, ошончо кут кирет” деген түшүнүктү бекем сакташып, келген конокту кут деп эсептешкен. Конок айттыруу “Коноктон түк бир жадабас, Колунда барын аябас. Тоолуктун тоодой пейили бар, Толкуган кѳлгѳ чамалаш” (Байдылда) Конок күтүү - кыргыздын сыймыгы. Мейман келип турган үй кут түшкѳндѳй сезилген. Жети адам келсе бирѳѳ Кызырдай саналган. Конок айттыруу – ошол үйдүн тамагын эңсѳѳ. Анын бардарчылыгын, кенен дасторкон, кең пейил экендигин баамдаткан. Демек, конокту ойдогудай тосо алаарын, анын салттуу жана нарктуу, адамды ѳзүнүн сыйы, суктанарлык касиети бар экенин кѳрсѳтѳт. Уяттуу меймандардын баркына жете алуучу, ошол айылды уят кылбоочу, дасторкон үстүнѳн тап жылдырбоочу касиетин билдирет. Угушубузча Кочкор ичинде тогуз жүз кызыл койлуу Токсобай деген байдын үйүнѳ жүз адам менен болуш-бийлер келип түшѳт. Болуш байга карап: -Жүз адам келип отурабыз, ушунча элди коноктой аласызбы? – дейт. –Жүзүң эмес миң адамды коноктоор биздин парыз. Туу калган бээ союп берейин жетеби? Меймандар баса олтуруп калышат. Батымдуу болууга бай эки боз үйдү катар кѳтѳртѳ коет да, аларды ошого кийирет. Катар кемегелер казылат, казандар ~ 12 ~ асылат. Айыл адамдары конок үйдѳн тап жылышпайт. Санжыра айтылып, кеп сандыктын оозу ачылып, ойдогудай конок болуп, аттанып кетишет. Дасторкон үстүн сыйлоо “Адамды алдап болбойт тамак менен, Акылды ѳлчѳп болбойт кадак менен. “Казаның карк эмес” - деп таарынбайбыз, Күтүп ал, жаркылдаган кабак менен” (Аалы) Дасторкон – ошол үйдүн сыймыгы, бактысы. “Дасторкону кандай экен”, “Жайыл дасторкон”, “Кең дасторкон, келбери неме”, “Дасторкону кууш” ѳңдүү баалар кайнаткан казанына байланышат. “Куу казан”, “Май казан”, “Анын казаны толо кайнабайт”…сымал сѳздѳр айтылат. Даам татуу – даам таттыруу да пейилди билдирет. Ошентип, бирѳѳнүн дасторкону сизди сыйлоонун аракетинде болот. Илгеркилер сыйдын да, сыйлоонун да кадырына жетүүчү, жарпын жазышып, жадырап-жайнап, дасторконго койгонун барктоочу. Азы-кѳбүнѳ ыраазы болуучу, үй ээсин урматтоочу. Мейман тосуу Бул – келүүчү ардактуу мейманды алдын-ала күтүнүү. Аларга эмне сый кѳрсѳтүлѳт. Ошолорду түгѳл дайындап коюу. Милдеттүү конокторду тап жылдырбай, шек билдирбей урматтоо. Ага журт билермандарын тосуу, куда-сѳѳк тосуу кирет. Куйручуктун атасы Ѳмүрзак улан кезинде Ормон баатырдын айылына барып калат. Баатыр баштап эле чабылып, мейман күтүнѳт. “Бу баатыр, хан ѳзү баштап, бүлүк түшүп, жумалап күтүп жаткан коногу ким болду экен?” - деп ойлойт. Кѳрсѳ, Калыгул олуя тура! Ак кементайчан, этеги саймаланган кандагай кийип, Калыгул карасур атын минип, (ал адамды башка ат кѳтѳрѳ алчу эмес экен) жан-жѳкѳрлѳрү менен келип түшѳт. Ормон баатыр окчундап тосуп чыгат. Атайын кѳтѳрүлгѳн ак ѳргѳѳлѳрдүн бирине түшүрѳт. Койдун сүтүнүн курутунан эзилген, сары май сапырылган кырма аяктарга суюк суусун куюшуп, меймандарга сунушат. Суроолор: 1.Мейманды кандайча күтүү керек? 2.Кут дегенди кандайча түшүндүң? 3.Сен конок күтүүнү билесиңби? 2-кадам: Залкар ойлор талкууланат. Залкар ойлор Конок бар жерде береке бар. Коногу пейил күтсѳ, үй ээси капа болот. Конок конбой кетпейт, чакырып кондурганга жетпейт. Конок “тойбодум” дебейт, “сойбоду”дейт. ~ 13 ~ Конооруңдан мурда конушуңду камда. Мейманыңдын кѳзүнчѳ мышыгыңды “пыш” дебе. Мейманга аш кой, эки колун бош кой. Элден Үйгө тапшырмалар: 1.Ѳзүңѳр конок күтүү каадасын иштеп чыккыла. 2.Мейман тосуу каадасын ролдоштуруп аткаргыла. 3.Залкар ойлорду талкуулагыла. ~ 14 ~ №6 сабак МАКСАТЫҢЫЗ БЕЛГИЛҮҮ БОЛСУН Максатын туура коё албаган кемеге эч бир шамал жардам бере албайт. Конфуций Сабактын максаты: Окуучулар максат коюунун маанисин түшүнүшөт. Максатка жетүүгө аракет кылууну үйрөнүшөт. Мугалим үчүн материалдар: Көрүнүп тургандай эле максат – кылынуусу керек болгон бир ишти соңуна чыгаруу болуп саналат. Мүдөө – болсо баруу керек болгон жер. Бул эки термин, бири-бирин толуктаган маанилүү элементтер. Инсандын каалаган натыйжага жетүүсү үчүн тѳмѳндѳгү эки суроого ачык жана так жооп берүү керек: 1. Максатымды жана мүдөөмдү туура белгилегенминби? 2. Жашоомду бул максатка жана мүдөөмө ылайыктуу пландай алганмынбы? Бир инсандын так ушул суроолордун үстүндө туруусу керек болгон чекит. Бул суроолорго сөзсүз түрдө жооп берүүсү керек. Туура максат жана мүдөө белгилениши керек. Инсан жашоодо эмне боло тургандыгына жана эмнени каалап жаткандыгына чечим чыгаруусу керек. Эмне үчүн окуп жатат? Өзү тандаган окууну бүткөндөн кийин эмне болууну каалап жатат? Өзү каалаган жерге жеткенден кийин бактылуу боло ала тургандыгына жана бардык проблемаларынын чечиле тургандыгына канчалык даражада ишенүүдө? Келечегине байланыштуу маалыматтарды кимден же болбосо кимдерден алуусу керек? Досторунун, мугалиминин, ата-энесинин жана туугандарынын сунуштары канчалык даражада туура жана так? Булардын кайсынысы этибарга алынуусу керек? Бардык мына ушундай суроолор инсандын башын толтурат, кээ бир убакытта ичинен чыга албай турган даражада депрессия жана чечкинсиздикти пайда кылат. Мындай учурда эмне кылуу керек? Депрессияга түшүүгө жана буларды проблема кылууга эч кажет жок. Төмөндөгүдөй кылуу керек: 1. Алгач өзүңүздүн таланттарыңызды белгилөөңүз зарыл. 2. Бул таланттарыңыз менен эмнелерди кыла аласыз мына ошого чечимиңизди чыгарыңыз. Башкача айтканда кайсыл тармакта ийгиликке жетишишиңизге ишенесиз? Бул маселеде өзүңүздүн көз карашыңызды тактаңыз. Так илимдерге жетишээрлик деңгээлде кызыгууңуз жок болсо, гуманитардык тармактарда чечим чыгаруу керек болот. Гуманитардык тармакта кетүүгө чечим чыгарсаңыз, дарыгер болууну максат кылууңуз орунсуз. 3. Тандаган тармагыңызга тиешелүү каалаган кесиптерди белгилеңиз. 4. Тармакка тиешелүү максат мүдөөңүздү белгилеп жатып төмөндөгү пункттарга көңүл буруңуз: ~ 15 ~ Тандаган тармагыңызда иштеген бир ошол кесиптин ээси менен сүйлөшүңүз. Өзүңүздүн таланттарыңыздын ошол ишке ылайыктуу болуп болбогондугун жакшы эсептеп чыгарыңыз. Тажрыйбалуу жана өз ишин мыкты билген мугалимдериңиздин көз караштарын сураңыз. 5. Аныктамаларыңызды тизмектеп бир тармакка тиешелүү чечимиңизди ортого коюңуз. 6. Чечим түзүп жатып, максатыңыз жана мүдөөңүз ар тараптуу канааттандырарлык болсун. Башкача айтканда тандай турган максатыңыз жана мүдөөңүз эки жагынан канаатандырарлык болушу керек. Алар: Тандай турган кесибиңиз же болбосо өзүңүз каалаган иш сизге жетишээрлик пайда алып келиши керек. Башкача айтканда акча. Ошол ишти кылып жатып өзүңүз ырахат алышыңыз жана каалоо менен кылышыңыз керек. Ошол эле учурда ал ишти кылып жатып, коомго да пайдалуу болушуңуз керек. 7. Бекиткен максатыңыз жана мүдөөңүз, 100% сизди канааттандырбашы мүмкүн. Тактап айтканда, 100% канааттандырышы да күтүлбөйт. Кирешеси көп жана зыяндары аз болгонунун бир тандоо себеби болгондугун унутпаңыз. Тандаган максатыңызды жүзөгө ашыруу жана мүдөөңүзгө жетүү үчүн эмнелер кылынуусу керек? Максатыңыз жана мүдөөңүз белгилүү болсо, анда иштин маанилүү бир бөлүгү артта калды дегендик. Мындан ары бир гана аракет калды. Аракет болсо, белгилүү бир тартиптин айланасында болбосо, каалаган натыйжага жетүүгө болбойт. Кээ бир окуучулар максатын белгилеп мүдөөсүн максатына айкалыштырса да, муну аткара албай жатышат. Муну төмөндөгүчө ачыкташат: «Эмгектенишим керектигин билемин, бирок кыла албай жатам». «Китебими ачам, бирок окуй албай жатам». «Сабак даярдаган столума отуруу жана китептерими ачуу, мен үчүн өлүмдөй сезилет». «Эгер апам менен атамдын көзөмөлү болбосо, эч окубайм». Сабак окуунун оор көрүнүүсүнүн кээ бир себептери бар. Алар төмөндөгүчө: 1. Ден соолук проблемалары бар. 2. Психологиялык проблемалар бар. 3. Кайсы бир окуянын таасиринде болушу мүмкүн. 4. Айланасындагы достору баш аламан тартипсиз, алардын таасири астында калышы мүмкүн. 5. Мектебин, классын жана мугалимин сүйбөйт. 6. Системалуу окуу тартиби жок. 7. Ийгиликсиз болуу коркунучунда. 8. Өзүнө жол кѳрсѳтѳ турган адам таппай жатышы мүмкүн. Максатына жетүү үчүн жогорудагы проблемалар чечилүүсү керек. Максатыңызга жетүү үчүн төмөндөгү иштерди аткарышыңыз зарыл: ~ 16 ~ 1. Максатыңызга жетүү үчүн кылына турган иштериңизди белгилеп, пландаңыз. Күнүмдүк, жумалык, айлык жана жылдык түрдүүчө пландарды түзүңүз жана сөзсүз түрдө аны аткарыңыз. 2. Ишиңизди орундатуу үчүн ал ишти бир гана сиз аткара ала тургандыгыңызды жана башкасынын бир мүмкүнчүлүк менен да аткара албай тургандыгын, мүмкүн эмес экендигине ишенишиңиз керек. 3. Иштериңизде канчалык ийгиликке жетишкендигиңизди натыйжаларга карап туруп билиңиз. 4. Досторуңузду жакшы тандаңыз, досторуңуз сизди окууга үндөп жатабы же тескерисинче тоскоол болуп жатабы? Бул нерсеге көңүл буруңуз. Эгер тоскоол болуп жатса тезинен ал досторуңуздан айрылыңыз. 5. Үйрөнүүнү жана үйрөнүү куралдарын өздөштүрүңүз. Катардагы эле жана ойду келди эмес, илимий жана метод менен иштеңиз. 6. Тажрыйбалуу мугалимдериңиздин кеп-кеңештерине көңү буруңуз. 7. Ата-энеңиз менен кагылышпаңыз, алардын моралдык жана материалдык колдоолорун алыңыз. Тартиптүү бир үй-бүлөлүк жашооңуз болсун. Тартиптүү үй- бүлө жашоосу ийгиликти арттырат. 8. Ийгиликсиз болгонуңузда үрөйүңүз учпасын. Себеби ийгиликсиздик, ийгиликке жетүү үчүн өтө маанилүү башталгыч. 9. Ийгиликтин, программалуу, үзгүлтүксүз жана бир калыпта иштөөнүн натыйжасында болорун унутпаңыз. 10. Убакытты туура пайдаланыңыз. «Кийинчерээк кылына турган иштин, эч кылынбай турган иш болгондугун» унутпаңыз. 11. Өз кесибин мыкты билген адамдардан жардам сураңыз. 12. Мүмкүн болушунча билим берүү технологиясын колдонуңуз. Ар дайым, адамды чыныгы максатынан четтеткен бош эле оюн күлкү жана убакыт өлтүрүү каалоосу болушу мүмкүн. Эң биринчи инсандын напси жана сезимдери бул нерсени каалайт. Инсан, ар дайым максатын акылында жана жүрөгүндө тута алса, булардын таасиринден өзүнү куткара алат. Эгер тескерисинче болсо сезимдерибизге жана напсибизге жага турган бош нерселер менен алек болобуз. Окууну каалап жатып, бирок окуй албай жаткан окуучулардын көпчүлүгү, окуу үчүн өздөрүнө тиешелүү чындыгында кабыл алган бир себептери болбогондор. Ушундай бир окуучуларга, жакшы досторду тандап, иштөө программаларын түзүүгө жана аны аткарууларына кеңеш беребиз. Аябай маанилүү бир жарышта ийгиликке жетишүү үчүн көптөгөн тер төгүүнү жана бир канча кыйынчылыктарды талап кылгандыгы чындык. Терлебестен жана кыйынчылык көрбөстөн ийгиликке жетишүү мүмкүн эмес. Бир жарышка катышканыбызды мына ушул нерселерди көз алдыбызга алуубуз керек. Жогорудагы жумуштарды аткарууда кыйналып жаткан окуучулар болсо, бир канча достору менен күнүмдүк же жумалык бир канча иш аракеттерди пландаштырып биргеликте аткаруулары керек. Эгерде жакшы достор тандалган болсо, программаны жеңилдештирет жана ийгиликтерди арттырат. Эч унутулбашы керек, ийгиликке жетүүдөн башка чарабыз болбогон бир доордо жашап жатабыз. Ийгиликсиздикке эч ким сыйлык бербейт. Башкаларынын ийгиликтерине жашынып жана аны менен сыймыктануу болсо, пайдасыз. ~ 17 ~ №7 сабак КИТЕП ОКУУНУ КӨНҮМҮШ АДАТКА АЙЛАНДЫРЫҢЫЗ Окуу ушунчалык бир таттуу, башка эч нерсе анын даамына жетпейт. Окуунун даамын таткан жашоонун да даамын татып баштайт. Али Серт Сабактын максаты: Окуучулар окуунун маанилүүлүгүн түшүнүшөт, жакшы окуу тууралуу пикирлерди окушат жана пайдаланышат. Мугалим үчүн материалдар: Окууну көнүмүш адатка айландыруу максатында канчалаган түрдүүчө методдор иштелип жана бир канчасы ийгиликтерге жетишкен. Бул методдордун орток пикирлерине көңүлдү буруп, бул принциптердин арасында чыныгы аракеттин окуган инсанга түшө тургандыгын баса белгилеп кетүү керек. Бардык жөндөмдөр сыяктуу эле, окуу жөндөмдүүлүгүн да өнүктүрүүгө болот. Окуган инсан жогорудагыларды аткарганда окууну көнүмүш адатка айландырууда эч кимдин жардамына муктаждыгы калбагандыгын көрөт. Бир китепти бир эле жолу окуп бир чекеге таштап коюу болбойт, убакыттын өтүшү менен кайталап окуп туруу керек. Үйрөнүүнүн бир гана шарты кайталоо. Бардык окугандарыбызды акылыбызда сактай албашыбыз мүмкүн, бул психологиялык жана физиологиялык чындык. Бир китеп шаар сыяктуу. Ал шаарда бир эле жолу айлануу жетишсиз. Мүмкүн болсо шаарда бир аз калуу керек жана кээ бир маанилүү жерлерди кайра айлануу пайдалуу болот. Адаттагыдай эле окуу формасы, билимге болгон чаңкообузду кандырбайт. Бул үчүн жашоонун ар кадамында болгондой эле, окууда жана түшүнүүдө бир план жана программа керектелет. Окууну адатка айландыруу жана окулган нерселерден пайдалана билүү үчүн бир канча принциптерди билүү жана жүзөгө ашыруу шарт. Көргөндөрүбүз жана жасагандарыбыз, тажрыйба да окуу да билимди арттырат. Ийгиликтин алгачкы сыры, тажрыйбаны билим менен айкалыштыруу же болбосо билимди тажрыйба менен бышыктоо. Мына ошондуктан ар бир инсандын көп-көп окууга муктаждыгы бар. Жалгыз, акылдын жетилүүсү, окулган нерселердин түшүнүктүү болуусуна байланыштуу. Бир жазууну мааниси менен түшүнүү, ал да бир өнөр. Биз мунун атын окуу жана түшүнүү деп атайбыз. Окулган билимдин практика жүзүнө ашырылуусу, аны түшүнүү менен гана мүмкүн болот. Окуунун адатка айландырылуусу жана уланып туруусу үчүн кээ бир нерселерге маани берилүүсү керек. Кыскача төмөндөгүчө: 1. Учурдагы аз окуган адам менен көп окуган адамдын өздүк жана коомдогу ордун салыштырыңыз. 2. Окуунун сизге алып келген пайдаларын ойлонуңуз. 3. Окуунун бир канча проблемаларды чечкендигин, психологиялык рахат тартуулаганын, эң жакын дос болгондугун, өмүрдүн ар бир мүнөтүнүн бош кетүүсүнө жол бербегендигин билиңиз. ~ 18 ~ 4. Бир адат, тырышчактык, ырахат жана уланып туруу менен болот. Окуу темасында өзүңүзгө өзүңүз сөз бериңиз жана мында тырышчаактыкты көрсөтүңүз. Бир канча убакыттан кийин мунун жыйынтыгы алынат. 5. Китеп окууну сиз үчүн кызыктуу болгон темадан баштаңыз. Кызыгууңуз артсын жана каалооңуз болсун. 6. Досторуңузга китеп белек кылыңыз. 7. Китеп окуу үчүн күчтүү бир каалоо керек. Китеп окуу каалоосу төмөндөгүчө түзүлөт: а) досторуңуздун арасында сөзгө ээ болууңуз үчүн; б) ырахаттанып сүйлөшүү жана оригиналдуу пикирлерге ээ болуу үчүн; в) класстын же болбосо мектептин эң жакшысы болуу үчүн; г) келечегиңизге эң жакшы инвеститция тартуу үчүн; д) жазуучу же болбосо газета журналдарга макалаларды жазуу үчүн; ж) билимдүү инсан болуу үчүн. 8. Бош убакытыңызды китеп окуу менен өткөрүңүз. 9. Китеп окуу планыңызда сөзсүз түдө болсун. Күнүнө ушунчалык, саат мынчада... «Жумасына же болбосо айына мынча китеп окуйм» сыяктуу өзүңүзгө максат коюуңуз. 10. Окуунун алгачкы баскычы, окууга даярдык болуп саналат. Окууну улантып туруу маанилүү болсо, алгач план түзүү зарыл. Өзгөчө сабак даярдоо максатында окуу сөзсүз түрдө план менен болуш керек. Бул иш жараяны күнүгө бир убакытта болуусу керек. Эмнени эмне үчүн окушубузду жакшы билишибиз керек. 11. Окуу, иш жараяны, дайыма уланып турган болсо отурган жер мааниге ээ. Отурган жериңизден баштап дубалдагы сүрөттөргө чейин бардык нерсе бизге таасирин тийгизет. Көбүнчө терезенин астына олтурбоо керек. Үндөн алыс жана бош дубалга караган столдо окуу дагы да жакшы болот. 12. Окуп жаткан мезгилде тамактануу көңүлдү бурат. 13. Китеп – окуу үчүн. Китепке эч качан жазуу жазылбайт. Бир гана маанилүү жерлеринин асты сызылат. 14. Окуу жараяны тик олтурган отургучта дагы да пайдалуу болот. 15. Китептин беттери ортоң кол менен жана беттин оң үстү тарабынан ачылыт. Бармак сууланган абалда астынан ачылбайт. 16. Китептин беттеринин четтери бүктөлбөйт. Китептин кайсыл жерине келген болсок, ошол жерге кичинекей бир кагаз коюлат. Кээ бир том-том китептерде ушул максатта китептин четине жип орнотулат. 17. Сыйлык болуп берилген китептер өзгөчө дагы жакшы колдонулушу керек. 18. Китепкананын китептери убагында тапшырылышы керек. 19. Үйдө окуп жатканда сөзсүз алдында сөздүк болуусу зарыл. 20. Сапарда эң жакшы дос китеп. Китепсиз узун жолго чыгылбайт. 21. Китеп эң жакшы дос, ал корголуусу керек. 22. Окууга байланыштуу үйрөнгөндөрүңүздү колдонуу жана адатка айландыруу үчүн күнүмдүк окугандарыңыздан газета журналдардан тартып китепке чейин да пайдаланууга аракет кылыңыз. ~ 19 ~ Коомдун ичинде жашаган ар бир инсан, өзгөчө окуучулар, дайыма окуп туруулары зарыл. Себеби, билимдин жана технологиянын өтө тез темптте өнүгүп турган учурунда, жашоодо ийгиликке жетишүү мүмкүн эмес. №8 сабак КЫЛГАН ИШИҢИЗГЕ МААНИ БЕРИҢИЗ! Ийгиликтин эң жакшысы жана эң жогоркусу, өз ишин мыкты аткаргандык. Франклин Росевелт Сабактын максаты: Окуучулар ар бир ишке маани бериш керек экендигин билишет. Эмгекчилдикке, баамчылдыкка үйрөнүшөт.. Мугалим үчүн материалдар: Коомдо кийинишинен жасаган ишине, олтуруп турганынан сүйлөшүнө чейин, ар бир кыймыл аракетин баалаган инсандар бар. Буларды чындыгында сүйөбүз жана баалайбыз, бирок бул даражага кантип жеткендигин тууралуу эч ойлонбойбуз. Чындыгында, ар бир ишин көңүл коюу менен аткаргандар жана тырышчаактык көрсөткөндөр, ар бир нерсенин акысын бергендер чындыгында үлгүлүү инсандар. Кемчиликтүү, башкача айтканда жарым-жартылай болгон иш адамдын жан дүйнөсүн ырахатсыз кылат. Эң жакшы деңгээлде аткарылган бир иш алып келген сыйлык жана куттуктоолор адамга бактылуулук жана бейпилдик тартуулайт. Ошондуктан, баштаган ишке маани берилүүсү жана көңүл коюлуусу керек жана эң жакшы деңгээлде болуусу үчүн аракет кылуусу шарт. Бир гүл букетин жасоону кааласаңыз сатуучунун жардамында эң жакшысын жасаңыз. Бир чогулушка бара жатсаңыз, киного тартылууга бара жаткандай актерлор сыяктуу кийимиңизге маани бериңиз. Себеби, азыркы учурда сырткы көрүнүшкө чындыгында көп көңүл бурулууда. Батыштык бир саясатчынын төмөндөгүдөй сөзү бар: «Чачтарымы тарап жатып, бир гана чачтарымды ойлономун». Эч убакта «ушунчалыгы да жетиштүү!» - деп ишиңизди таштабаңыз. Ийгиликке жетишүүдө, аткарылган ишти, айлана-чөйрөнү сүйүүнүн жана чөйрөдөгү инсандарга жакшылык кылуунун чоң ролу бар. Иштеген ишиңизди сүйбөсөңүз, өзүңүз сүйгөн бир ишти аткарганга аракет кылыңыз. Эгерде тандоо укугуңуз жок болсо, ошол иште иштөөгө мажбур болсоңуз, ошол ишти сүйүүгө аракет кылыңыз. Жараткан инсанды бир канча ишти иштей ала турган жана бир канча иште ийгиликке жетише ала турган жөндөмдүүлүктө жараткан. Өтө сүйгөн ишиңизде ийгиликке жетишүү үчүн аз гана иштегениңиз да жетиштүү болушу мүмкүн. Сүйбөгөн жана иштөөгө мажбур болгон бир иште болсо, өтө көп аракет жана иштөөңүз менен ийгиликке жетише аласыз. Эркиңизди жана сезимдериңизди зордоп, жасаган иштериңиздин жакшы жактарын табып сүйгөнгө аракет жасаңыз. Бир канча убакыттан кийин ал ишти чындап эле сүйүп калганыңызды көрөсүз. Бул сөздөрүбүз менен «Сүйбөгөн жана жактырбаган ишиңерди аткаргыла» дегибиз келген жок. Ар кандай шарттарга байланыштуу тандоо укугуңуз жок болсо, ал ишти аткарууга мажбур болсоңуз, «Аны сүйүүгө аракет кылыңыз» дегибиз келип жатат. ~ 20 ~ Ишти сүйүүнүн жанында, чөйрөнү жана инсандарды сүйүүнүн да чоң ролу бар. Кек сактоо, душмандык жана жек көрүү сыяктуу сезимдер, физиологиялык жактан аксоолорго дуушар кылуу менен бирге органдарыбызда ар кандай бузулууларга жол ачып, алардын өз милдеттерин аткарууда кыйынчылык туудургандай эле жакшы сезимдер, сүйүү жана жардамдашуу да органдарыбыздын милдеттерин жакшы аткарышына себепчи болот. Аткарылган жумуштун формасы, адамдын ким экендигин ортого коет. Башкача айтканда адам жасаган иштери менен өлчөнөт. Коомдо ийгиликке жетүүнүн эң маанилүү жолдорунун бири, жасалган ишке маани берүү. ~ 21 ~ №9 сабак СҮЙҮҮНҮН КҮЧҮН КОЛДОНУП, КҮЧТҮҮ БОЛ! Учурдагы акылы тайкынын дабаасы бир гана сүйүү. Себеби, сүйүү бир даары, жашоо жана күч. Мухаммед Ыкбал Сабактын максаты: Окуучулар сүйүү тууралуу маалымат алышат. Инсандарга сүйүп мамиле кылуунун, сүйүүнүн баркын түшүнүшөт. Мугалим үчүн материалдар: Сүйүүнүн өтө чоң бир күч болгондугу, заман өткөн сайын дагы да жакшы билинип жатат. Акча, мал-мүлк, күч жана аброй инсандардын бактылуу болууларына жетиштүү болгон эмес. Тескерисинче инсандардын өзүмчүлдүк сезимдерин козгоп, бөлүнүп жарылууга жана душмандык кылууларына жол ачкан. Инсандарды бири-бирине байланыштырып турган, жардамдашууну арттырган, бөлүшүп жана биримдикте жашоону үйрөткөн күч – сүйүү. Сүйүү азайган жерде кек сактоо, ичи тардык, амалкөйлүк, душмандык жана баш көтөрүү ортого чыгат. Бүгүнкү күндө эң көп нааразычылык туудурган тема так ушул эмеспи? Сүйүү толо бир жылмаюудан, мээримдүү көз караштан, жылуу сөздөн тасирдүүрөөк, дагы да күчтүү эмне болушу мүмкүн? Бүгүнкү күндө инсандар «көп нерсени колго киргизгендигине» кубанбастан, тескерисинче «сүйүүнү» жоготкондугунан улам капаланууда. Албетте сүйүүнүн эң жакшысы, тазасы жана эң узун өмүрлүүсү, эч бир пайда көздөлбөгөн сүйүү болуп саналат. Бокс боюнча дүйнөлүк чемпион Мухаммед Али Клейиндин төмөндөгү аныктамасы да темабызга мисал боло алат: «Чемпион болгон убагымда, эски шымымды кийип, эски шапка кийип, сакал коюп мени эч ким тааныбаган бир шаарчага барып айланам жана мени бир гана мен болгонум үчүн, башкача айтканда турган турпатым боюнча сүйгөн бир инсан тапканга чейин бул ишимди улантам. Тапканымда болсо, 250 миң долларлык үйүмө алып барам. Машиналарымды жана жамгыр жааганда колдонгон жогор жагы тосулган бакчамды көрсөтүп, ага баары сеники, себеби сен мени мен болгондугум үчүн сүйөсүң деп айтамын». Сүйүү деген эмне? Кантип табылат жана кандай колдонулат? 1. Сүйүү бир казына, киреше жана күч. Бул күчтү колдонгон адам коомдун эң байы.Ушундай бай инсан болууну каалайсызбы? 2. Чыныгы сүйүү, эч кандай пайда көздөлбөгөн таза жана дурус. Канчалык коруган сайын азаят. Ал эми канчалык колдонулса көбөйөт. 3. Жүрөктү жарытып туруучу бул сүйүү. Сүйүүсү түгөнгөн бир жүрөк менен жолго чыккан болсоңуз ар кайсы куштарга жем болосуз. 4. Эне тилиңизден башка бир тилди үйрөнүүнү каалап жатсаңыз, алгач жүрөктөрдү бири-бирине байланыштырган универсалдуу сүйүү тилин үйрөнүңүз. 5. Аябай сүйкүмдүү болууну каалап жатсаңыз, алгач өзүңүз да өтө күчтүү сүйө билүүңүз зарыл. ~ 22 ~ 6. Душмандарыңызды да сүйө билүүңүз зарыл, себеби сиздин кемчиликтериңизди бир гана алар ачык айта алышат. 7. Жараткан, сүйүктүүлөрдү сүйгөндөрдүн дубасы менен коргойт. 8. Сүйүктүү инсандарыңыздын жакшы тараптарын гана көрүп сүйө билиңиз, аларды колдоңуз жана сүйүүңүздү жашартыңыз. 9. Сүйүктүүлөрүңүзгө жана досторуңузга сүйүүңүздү билдириңиз. Балдарыңызды кучактаңыз жана беттеринен эркелеңиз (өөп). Бул сүйүүнү жашартат жана арттырат. 10. Жек көргөн инсандарыңызды да сүйүлө ала турган тараптарын издеңиз. Болбосо, дүнүйө бири-бирине душман, инсандар үчүн тозокко айланат. Айрыкча сизди сүйгөндөрдү эле сүйүү, ал сүйүү эмес жөн гана бир соода-сатык, алыш-бериш. 11. Эгерде сүйүлүүнү кааласаңыз, сиз да сүйө билиңиз жана сүйүлүүгө ылайыктуу болуңуз. 12. Айта кетчү дагы бир маанилүү нерсе, ар кайсы убакытта сүйүүгө ылайыктуу нерселердин бар болгондугу чындык. 13. Сүйүүдө ар дайым аша чабуудан алыс болуңуз, орто жол тутунуңуз. Себеби сүйүү менен жек көрүүнүн ортосунда өтө ничке сызык бар. Ошондуктан, кээ бир убакытта бири-бирине болгон душмандыктар, жек көрүүлөр жана ыраатсыздык сүйүүдөн келип чыгат. 14. Жеңил колго кирген сүйүү, узун жашабайт. Себеби инсан, ар кандай кыйынчылыктарга туш болуунун негизинде сүйөт, сүйүүсү өнүгөт жана узун өмүрлүү болот. Инсан сүйүүнү жетээрлик даражада албаса, оорутат. Жада калса адистер инсандын нормадан сырткары кыймыл-аракеттери, психологиялык бузулуулар көбүнчө, сүйүүнүн жетишсиздигинен улам келип чыккандыгын белгилешкен. Андан сырткары изилдөөчүлөр, физиологиялык ооруулардын да болжол менен 100% дын 87% пайызы жетишээрлик деңгээлде сүйүү ала албаганынан улам келип чыккандыган айтышкан. Сүйүү эң жогорку киреше жана эң жогорку бир күч болсо, инсандын да эң маанилүү иши сүйүп сүйүлө билүүсү жана аны менен жашап, бул дүйнөдөн кайтуусу керек. ~ 23 ~ №10 сабак АЧУУҢДУ ЖЕҢЕ БИЛ! Ачууланган учуруңузда чөйрөңүздөгүлөрдөн да көбүрөөк өзүңүзгө зыян жеткирген болосуз. Психологиялык дүйнөңүздө ачуудан дагы жогору душман жок. Гари Аванс Сабактын максаты: Окуучулар ачуунун арты өкүнүч экенин билишет. Ачууну баса билүүгө үйрөнүшөт. Мугалим үчүн материалдар: Ачуулануу, адамдын өз ичинде же болбосо башкалар менен болгон мамилелерде ортого чыккан «жан дүйнөнү сыккан» кыймыл-аракеттер. Инсандар эмне үчүн ачууланышат? Нормалдуу инсандар убагы келгенде, ачууланышат. Бул албетте табийгый нерсе. Бирок кээ бир инсандар ачууланганда аябай чектен ашат. Өзүн-өзү көзөмөлдөй албай калат. Үй-бүлөдө ата-энесинин, мектепте мугалимдин жана коомдо чоңдордун үстөмдүгүнө кабылган инсандар, келечектеги жашоосунда башкаларга чорт, чыдамы жок жана сабырсыз бир кыймыл-аракетте болушат. Кол астында иштеген инсандарга карата сабырсыз, корс болгон бул инсандар өздөрү сезбестен чөйрөсүндөгү инсандарды дайыма бактысыз кылышат. Кээ бир убакытта өзүбүз да ичинде жашап жаткан маданият ачууланууга мажбур кылат. Кээ бир учурда мугалимдер окуучуларга күтүлбөгөн корс мүнөздөрүн көрсөтүшөт. Маанилүүлүктөрүн, кабагы бүркөлгөн, ачуулуу кыймыл- аракеттери менен далилдегенге аракет кылышат. Ошондуктан окуучулар же болбосо ата-энелер менен жаңжалга жол ачышат. Албетте биздин бул ачуулуу кыймыл-аракеттерибиз убак-убагы менен психологиялык дүйнөбүзгө чоң залакасын тийгизет. Өзүбүздөн өзүбүз узакташа баштайбыз. Андан кийин өзүнө болгон ишеничин жоготкон, чочулаган жана артка чегинген же тескерисинче агрессивдүү жашоого бажбур болобуз. Кызуукандуулук бир жолу жашообузга мөөрүн ургандан кийин, башка балекеттердин жана проблемалардын аягына жетпейт жана өткөн чактын таасири менен, күн өткөн сайын дагы да ачуулуу абалга келебиз. Инсан ачуулуу абалында, бир чаян сыяктуу өзүн-өзү чагат. Ачуу деңиздеги бороон сыяктуу. Бороон токтогон убакытта деле толкун боло берет. Ачуулуу адамдар, алкоголдуу ичимдиктерди же болбосо апийим колдонгон сыяктуу мас болушат жана өздөрүнө-өздөрү ээ чыга албай калышат. Кокусунан ачууланган инсандар, кудум эле апийим колдонгон жана ага байланып калган сыяктуу өздөрүнө да башкаларына да зыян беришет. Мындай инсандарды дарылоо, жаман сапаттарды адатка айландырган адамдарды тарбиялоодон да оор. Ачууну кантип жеңе алабыз? Бейгамдык кандай колго алынат? Алгач ачуулуу убакытты түшүнүү керек. Ачуулануу эч качан жөн жайынан келбейт. Сөзсүз түрдө белги берет, келгендигин билдирет. Ысытылган сууда алгач көбүктөр пайда болот, ачууланган инсанда да ушул сыяктуу алгач көбүктөр көрүнөт. Инсандын кыймыл-аракеттери өзгөрүп баштайт, ачуусу сүйлөгөн ~ 24 ~ сөздөрүнө чагылат. Бул инсандардын руханий абалы жүзүнөн окулат. Копмейр айтканындай эле: «Сүйлөшүү бир коңгуроонун чалуусу сыяктуу. Инсан бул адамдын үнүнөн ачууланып жаткандыгын дароо түшүнөт. Ачууланган адамдын үнүнүн тону өзгөргөндүгүн байкабаган адам жок». Ачуубуздун келип жатканын сезгенибизде, дароо анын буйругунан чыгууга аракеттенишибиз керек. Бир убакытта өткөн чактын жана келер чактын кайгыларынан узакташышыбыз керек. Ошол убакыттагы окуяны чоңойтпостон, ачуулануунун себептерин иликтешибиз керек. Ачууланган инсан ошол убакытта мүмкүн болсо сүйлөбөгөндүгү дагы жакшы. Эгер сүйлөгөнгө мажбур болгон болсо, ал убакта жумшак сөз менен тонун өзгөртүп сүйлөөсү керек. Азирети Сулайман билдиргендей: «Жумшак жана жылуу бир жооп ачууну азайтат, ал эми оор жана катуу сөздөр ачууну күчөтөт». Эч унутулбашы керек болгон нерсе, ачуулануу бир сезим, ошондуктан башка сезимдер сыяктуу көзөмөлгө алууга болот. Акимдин жанында кылмышкер: «өзүмдү жоготтум!» деп туура эмес сөздүн же болбосо кыймыл-аракеттин кызуу кандуулук учурунда болгондугун кабыл кылышат. Чынында күнөөкөрлөр, ачуулуу абалында сабырдуу тута алышканда, балким өздөрүн жоготпой эле жана ошол кылмышты да жасабайт эле. Мевлана Желалиддин Руми: «Чыдамкай бол, себеби сабыр жокчулуктун ачкычы. Сабырсыздык менен эч ким бул буктурмадан кутулган эмес» деген. Бир нерсени жакшы билишибиз керек, ар кайсы инсандын ар бир сүйлөгөн сөзүнө ошол замат жооп берүүгө мажбур эмеспиз. Бир макалада: «Бир ачууну, бир мүнөт убакытта басуу астында тута алган адам, бир күндүк кайгы-кападан кутулат» делинет. Ал тургай көз ирмемдик бир убакытта ачуулануу, кээ бир убакта өмүр бою кайгы-муңга себепчи болушу мүмкүн. Жинденүүнүн кечиктирилүүсү инсандын анатомиялык жана физиологоиялык түзүлүшү жагынан мүмкүн болот. Ал төмөндөгүчө: Мээнин астында гипоталамус аттуу нерв клеткалары бар. Гипоталамус сезимдерибизди жөнгө салып турат. Анын милдети, сезимдерди реакцияга айландырып мээнин алдыңкы булчуңуна жөнөтүү. Гипоталамус сезимдердин, ал эми мээ болсо ой жүгүртүүнүн борбору болуп саналат. Бирөө бизге акаарат кылып жаткан болсо, биз да ага ачууланган болсок, мындай абалда кабар алгач гипоталамуска келет. Эгер ачуулуу убагыбызда ошол жерге такалып туруп калсак, мунун аягы жамандык менен аякташы мүмкүн. Ошол убакытта бардык нерсени бир аз да болсо кечиктире алган болсок, гипоталамус кабарды баш мээге жиберет. Эгер каршылашкан акаарат менен баш мээнин борборунда анализдеген болсок, проблемабыз ой жүгүртүүнүн натыйжасында чечилет. Чынында ачуулуу адамдарда проблемалар баш мээде эмес гипоталамуста чечилүүгө мажбур кылат. Бирөөгө бакыруудан мурун, онго чейин санай алсак бакырууга эч муктаждык калбайт. Мындай убакытта өзүнө-өзү эгедер чыга алгандар, толкундуу деңиздеги капитандар сыяктуу болуп калат. Унутулбай турган нерсе, жакшы капитандар толкундуу деңизде да жетишишет. Ачуулуу убагыбызда дайыма алдыбыздагы адамдын эмне үчүн андай кылгандыгын ойлонушубуз керек. Ошондуктан аны бир аз убакыт робот катары көрсөк, мында бир коркунуч жок. Мындан башка жолу болбогондугун жана бул нерсеге мажбур калганыбызды ~ 25 ~ ырахаттык менен кабыл кылышыбыз керек. Өзүбүздү анын ордуна коюп көрүп, аны бир себептүү деп билип жакшы мамиледе болушубуз шарт. Мындай абалда өзүбүздү эч качан адилеттүү деп ойлобошубуз керек. Себеби адилеттүү болуу бактылуу болууга жетиштүү эмес. Адилеттүүлүктү коргоо менен, бактылуулукту ага курбандыкка чала албайбыз. Мындай абалдарда маңдайыбыздагы инсанды кечирип, өзүбүздү улуулашыбыз керек. Эч күмөнсүз ачуунун дарысы сабыр болуп саналат. Сабырдын ачууну жеңе алуусу үчүн, ачуунун бир чечим жолу болбогондугун, пайдасынан зыяны көбүрөөк экендигин түшүнүшүбүз керек. ~ 26 ~ №11 сабак АБИЙИРДҮҮ, ЧЫНЧЫЛ ЖАШАҢЫЗ ЖАНА БАКТЫЛУУ БОЛУҢУЗ! Эч кандай бир күч, абийирдүү жашоочолук таасирдүү эмес. Жашоо инсанга ийгиликти жана бактылуулукту бербейт. Аларды кандай алууну сиз билишиңиз керек. Паскаль Сабактын максаты: Окуучулар абийирдүүлүккө, чынчылдыкка үйрөнүшөт. Бактылуулуктун маанисин түшүнүшөт. Мугалим үчүн материалдар: Жашоодо бейпилдикте жана бактылуулукта жашоону каалагандар «чынчыл жана дурус» жашап, ички дүйнөсү бейпилдикке жетишүүсү керек. Ички дүйнөсү ырахатта болгон кишинин, жашоосу да бейпилдикте болот. Жакырчылыктан аябай байлыкка жетишкен досумдун төмөндөгү сөздөрү ойлондурбай койбойт: «Бир инсандын адалдан мал-мүлк тапканына ишенүүсү, иштерин туура жана дурус кылганын билүүсүнчөлүк аны бактылуу кыла турган, жүрөгүн жана ички дүйнөсүн ырахатка толтурган эч кандай нерсе жок. Иштерим чоңое баштаган сайын дагы да көп мал-мүлк табууга болгон кызыгуу көбөйгөн сайын, мени ич-ичимден кемирген бир ырахатсыздык башталды. Бул ушунчалык бир күч алды, жада калса депрессияга түшүүмө себепчи болду. Инсандын ички дүйнөсү тараза сыяктуу, кылган бардык иштеринин туура же туура эмес экендигин андан суроо керек. Жашоодо ички дүйнөсүнүн жана жүрөгүнүн ырахатта болуусун каалаган инсан, туура, дурус жашашы керек жана арам жолго жолобоо керек. Бактылуулуктун жолу да дал ушул. Абийирдүү, чынчыл жана бактылуу болуунун сыры эмнеде: 1. «Жакшы көргөн, жакшы ойлонот, жакшы ойлонгон жашоосунан ырахат алат». Жашоодон ырахат алып, бактылуу болууну кааласаңыз жакшы көрүңүз жана жакшы ойлонуңуз. Жашоодо ар дайым позитивдүү кароону адатка айландырыңыз. Келечегиңизди ойлоп сарсанаа болбостон, бир аз убакыт болсо да учурда ээ болгон ырыскыларды ойлонуңуз жана булардын эмне экендиги туурасында акыл калчап, ой гимнастикасын жасаңыз. Ошондо сиз баркына бара албаган канчалаган көп нерселерге ээ болгондугуңузду байкайсыз: Жоктон бар болгонуңузду ойлонуңуз; Жараткан сизди инсан кылып жараткандыгын ойлонуңуз; Андан да инсандардын ичинде ыймандуу бир момун-мусулман катары жашап жаткандыгыңызды ойлонуңуз; Эркин бир инсан болгондугуңузду ойлонуңуз; Дене мүчөлөрүңүз орду ордунда болгондугун билиңиз жана булардын баалуулуктарынын үстүндө ой жүгүртүңүз; Андан да эң эле маанилүүсү акылыңыздын, рухуңуздун жана физиологиялык жактан ден соолугуңуздун ордунда болгондугун ойлонуңуз; Дагы сүйө билген бир жүрөккө ээ болгондугуңузга жана башкалар тараптан сүйүлгөндүгүңүздү ойлонуңуз. ~ 27 ~ 2. Инсанга, жашоого жана окуяларга туура кароону үйрөнүңүз. Жарым стакан сууну да толо көрө ала турган даражада көз карашыңызды өнүктүрүңүз жана муну жашооңуздун философиясына айландырыңыз. Инсанга караганыңызда анын ыйманы, акылы, жүрөгү, эрктүүлүгү, жоомарттыгы сыяктуу сулуулуктары акылыңызга келсин. Эгерде алгач эле караганыңызда анын кемчиликтерин көрсөңүз, анда сизде проблема бар дегендик. 3. Ар дайым сиз жактырган нерселерди алууңуз мүмкүн эмес. Ошондуктан ала турган нерселерди жактырганга аракеттениңиз. Ошондо гана бактылуулукка жетише аласыз. 4. Бактылуулуктун сырын издеп жатсаңыз, карылык келе электен мурун жаштыктын, ооруга чалдыгып калардан мурун саламаттыктын, жакыр болуудан мурун байлыктын, өлүмдөн мурун жашоонун, алек болуудан мурун бош убакыттын баркын билиңиз. 5.Жашоодогу кыйынчылыктардын айынан песимисстикке түшүп дароо эле моюн сунуп калбаңыз. Эч бир кайгы-капа чексиз эмес. Унутпаңыз инсандарды кубаныч эмес, кайгы тарбиялайт. 6. Бакыттын сырттан келип сизди таба тургандыгын эч качан күтпөңүз. Ар ким өзүнүн бактылуулугунун даярдоочусу. 7. Тез-тез жүрөгүңүздү жоктоп туруңуз! Мен да: «Башкалардын бактылуулугунан тең бөлүшө алып жатамынбы?» - деп өзүңүздөн сураңыз. Эгер муну аткарып жаткан болсоңуз, чындыгында бактылуу бир инсансыз жана өзүңүздү жетиштирүүдө бир канча жолду басып өтүптүрсүз дегендик. 8. Бактылуулук, ким болгондугуңузга же болбосо, эмнелерге ээ болгондугуңузда эмес, эмнени ойлоп жаткандыгыңызга байланыштуу. 9.Акча менен өлчөнгөн бардык нерселерди жоготконуңузда, аркада бир гана «сиз» каласыз. Бул чындык сизди адамгерчилик менен курчасын, эч качан жоготпой турган бир барлыкка жана байлыкка эгедер боло аласыз. 10. Жылмаюуңузду инсандардан аябаңыз жана көп-көп жылмайыңыз. Себеби жылмаюу жүздүн зекети болуп саналат. Жада калса нарк баасы жок жана беделине баа да бычылбайт. 11. Кайгы-капа жана ачуулануу сыяктуу сезимдерден бирөөсү жогорулап баштаганда, аларды көрмөксөнгө албастан, алар менен беттешиңиз. Аларды кабыл кылыңыз жана керек болсо аларды тынчтандыруу үчүн эмне кылышыңыз керектиги жөнүндө тандоо укугун колдонуп, чечим чыгарууга өзүңүздү мажбурлаңыз. 12. Азаптын жана кыйынчылыктарды жашоонун бир бөлүгү катары кабыл кылыңыз жана эч качан арызданбаңыз. Анткени алар бизге жашоонун мүмкүнчүлүктөрүнүн баркын үйрөтөт. 13.Дүйнөдөгү соода сатыгыңыз акырет соода сатыгыңызга тоскоолдук болбосун. Бул тең салмактуулукту кура албасаңыз, бир чоподон жасалган кумура үчүн бир баштык алтын берген акмактардан болуп каласыз. 14.Бир жеке инсан катары бактылуулук жана бактысыздыктын жооптуусу өзүңүз болгондугуңузду